Лебилер 19:1—37

  • Ыйык болгонго байланыштуу мыйзамдар (1—37)

    • Түшүм жыйноо жөнүндө мыйзам (9, 10)

    • Дүлөй менен сокурду эске алуу (14)

    • Жалаа жаппоо (16)

    • Кек сактабоо (18)

    • Сыйкырчылык, көзү ачыктык кылганга болбойт (26,31)

    • Денеге сүрөт же жазуу чеккенге болбойт (28)

    • Карыларды урматтоо (32)

    • Бөтөн жерликтерди сүйүү (33, 34)

19  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 2  «Бүт ысрайыл жамаатына мындай деп айт: „Ыйык болгула, анткени мен, Кудайыңар Жахаба, ыйыкмын.+ 3  Ар бириңер ата-энеңерди сыйлагыла,+ дем алыш күн жөнүндөгү мыйзамымды аткаргыла.+ Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын. 4  Пайдасы жок кудайларга кайрылбагыла,+ өзүңөргө куйма кудайларды жасабагыла.+ Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын. 5  Жахабага тынчтык курмандыгын чала турган болсоңор,+ ал кабыл ала тургандай кылып чалгыла.+ 6  Чалган курмандыгыңардын этин ошол күнү, анын эртеси күнү жешиңер керек. Үчүнчү күнгө калып калганын өрттөп таштагыла.+ 7  Үчүнчү күнгө калган эт жийиркеничтүү болуп калгандыктан, андан жесеңер, курмандыгыңар кабыл алынбайт. 8  Аны жеген киши күнөөсү үчүн жоопко тартылат, анткени Жахабага таандык ыйык нерсени арамдаган болот. Ал элинин арасынан жок кылынат. 9  Түшүмүңөрдү жыйнап жатканда талааңардын четин жыйнабай калтырып койгула, жыйнагандан калганын чогултпагыла.+ 10  Ошондой эле жүзүмүңөрдүн калып калгандарын тербегиле, жерге түшүп калгандарын да терип албагыла. Аларды кедей-кембагалдар+ менен араңарда жашаган бөтөн жерликтерге калтыргыла. Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын. 11  Уурдабагыла,+ калп айтпагыла,+ бири-бириңерге митаамдык кылбагыла. 12  Менин ысмымды оозанып жалган ант берип,+ Кудайыңардын ысмына сөз тийгизбегиле. Мен Жахабамын. 13  Эч кимди алдабагыла,+ тонобогула*.+ Жалданма жумушчуңардын эмгек акысын эртең мененкиге калтырбай бергиле.+ 14  Дүлөй кишини каргабагыла. Сокурдун алдына чалына тургандай бир нерсе таштабагыла.+ Кудайыңардан корккула.+ Мен Жахабамын. 15  Сотто адилетсиздик кылбагыла. Жардыга да, байга да калыс болгула.+ Бирөөнүн ишин караганда акыйкат болгула. 16  Элди аралап, башкаларга жалаа жаппагыла.+ Бирөөнүн канын төгүүнү көздөбөгүлө*.+ Мен Жахабамын. 17  Эч кимди ичиңерден жек көрбөгүлө.+ Кимдир бирөө менен кошо күнөөлүү болуп калбашыңар үчүн аны ашкерелегиле.+ 18  Өз элиңерден болгон кишиден өч албагыла,+ ага кек сактабагыла. Башканы өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө.+ Мен Жахабамын. 19  Менин бул буйруктарымды да аткаргыла: үй жаныбарларынын эки түрүн аргындаштырбагыла; талааңарга эки түрдүү урук сеппегиле;+ эки түрдүү жиптен токулган кийим кийбегиле.+ 20  Эгер эркек киши башка бирөөнүн аялы боло турган, бирок кун төлөнүп, эркиндикке чыга элек күң менен жатса, экөө тең жазалансын. Бирок алар өлүм жазасына тартылбашы керек, анткени аял али эркиндикке чыга элек. 21  Ал киши жолугушуу чатырынын кире беришине, Жахабага айып үчүн курмандыкка кочкор алып келсин.+ 22  Дин кызматчы кочкорду айып үчүн курмандыкка чалып, аны Жахабанын алдында күнөөсүнөн арылтат, анын күнөөсү кечирилет. 23  Мен бере турган жерге барганыңарда мөмө бере турган кандайдыр бир бак отургузсаңар, мөмөсүн таза эмес, тыюу салынган нерседей көргүлө. Ал 3 жыл тыюу салынган нерседей болсун. Мөмөсүн жегенге болбойт. 24  Төртүнчү жылы болсо бардык түшүмүн Жахабанын алдына ыйык нерсе катары кубанып-шаттанып алып келгиле.+ 25  Ал эми бешинчи жылы мөмөсүн жесеңер болот. Ошондо ал бактан да түшүм алып, түшүмүңөр ого бетер көбөйөт. Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын. 26  Курамында кан бар эч нерсени жебегиле.+ Жышаан-белгилерди карап көзү ачыктык кылбагыла, сыйкырчылык кылбагыла.+ 27  Саамай чачыңарды кырбагыла*, сакалыңардын калыбын* бузбагыла.+ 28  Кимдир бирөө өлүп, аза күткөндө денеңерди кескилебегиле.+ Денеңерге сүрөт же жазуу чегип түшүрбөгүлө. Мен Жахабамын. 29  Кызыңарды сойку кылып, шерменде кылбагыла.+ Болбосо жериңер сойкулук менен арамдалып, уятсыз иштерге толуп кетет.+ 30  Дем алыш күн жөнүндөгү мыйзамымды аткаргыла,+ ыйык жайымды ыйык туткула. Мен Жахабамын. 31  Өлгөндөрдү чакыргандарга кайрылбагыла,+ келечекти алдын ала айткандар менен кеңешпегиле.+ Болбосо алардын айынан таза эмес болуп каласыңар. Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын. 32  Чачын ак баскан кишинин алдында урмат көрсөтүп ордуңардан тургула,+ кары кишини сыйлагыла.+ Кудайыңардан корккула.+ Мен Жахабамын. 33  Эгер жериңерде бөтөн жерлик жашаса, ага жаман мамиле кылбагыла.+ 34  Араңарда жашаган бөтөн жерлик силер үчүн ысрайылдыктай эле болсун.+ Аны өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө, анткени өзүңөр да Мисир жеринде келгин болгонсуңар.+ Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын. 35  Бир нерсенин узундугун, салмагын же көлөмүн өлчөгөндө алдабагыла.+ 36  Таразаңар, тараза ташыңар так болсун, кургак нерселерди, суюктукту так өлчөгүлө.+ Мен Жахабамын, силерди Мисир жеринен алып чыккан Кудайыңармын. 37  Бардык осуяттарым менен мыйзамдарымды аткаргыла.+ Мен Жахабамын“».

Шилтемелер

Бул сөз кимдир бирөөгө тиешелүү нерсесин бербей коюуну да билдириши мүмкүн.
Же балким: «Бирөөнүн өмүрүнө коркунуч туулганда, жөн эле карап тура бербегиле».
Же: «кыркпагыла».
Же: «сакалыңардын учун». Сыягы, бул сакалына таптакыр тийбеши керектигин эмес, башка элдердикиндей кылып кыркпашы керектигин билдирген.