Лебилер 22:1—33

  • Дин кызматчылар таза болушу керек; ыйык тартуудан жегенге байланыштуу көрсөтмөлөр (1—16)

  • Кемтиги жок курмандык гана жарактуу (17—33)

22  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 2  «Арун менен уулдарына айт, ысрайыл элинин мага арнап алып келген ыйык тартууларын+ туура эмес колдонуп, ысмыма сөз тийгизбесин.+ Мен Жахабамын. 3  Аларга мындай деп айт: „Эгер тукумуңардан кимдир бирөө таза эмес болуп туруп ысрайыл элинин Жахабага арнап алып келген ыйык тартууларына тийсе, ал өлүм жазасына тартылсын.+ Мен Жахабамын. 4  Арундун тукумунан ким пес оорулуу болсо+ же жыныстык мүчөсүнөн илээшме зат акса,+ тазаланмайынча ыйык тартуулардан жебесин.+ Өлгөн кишиге тийип таза эмес болуп калган адамга+ тийген же уругу аккан,+ 5  же быжыраган майда адал эмес жандыктардын кайсы бирине тийген+ же арам бир нерседен улам таза эмес болуп калган кишиге тийген адам ыйык тартуулардан жебесин.+ 6  Ушулардын кайсы бирине тийген киши кечке чейин таза эмес болот. Ал жуунмайынча ыйык тартуулардын биринен да жебесин.+ 7  Күн баткандан кийин, таза болот. Ошондо гана ыйык тартуулардан жесе болот, анткени ал — анын тамагы.+ 8  Таза эмес болуп калбашы үчүн ал өлгөн же жырткыч жара тартып кеткен жаныбардын этин да жебеши керек.+ Мен Жахабамын. 9  Дин кызматчылар күнөөлүү болуп калбашы үчүн, ыйык нерселерди арамдап, ошондон улам өлүп калбашы үчүн менин алдымдагы милдеттерин аткарышы керек. Мен аларды ыйыктаган Жахабамын. 10  Ыйык тартууларды дин кызматчылардан башка эч ким жебеши керек.+ Дин кызматчынын үйүндөгү бөтөн жерлик конок да, жалданма жумушчу да жебеши керек. 11  Ал эми дин кызматчы сатып алган киши ыйык тартуулардан жесе болот. Дин кызматчынын үйүндө төрөлгөн кулдар да анын тамагынан жесе болот.+ 12  Эгер дин кызматчынын кызы дин кызматчы эмес кишиге турмушка чыкса, ыйык тартуулардан жебеши керек. 13  Бирок жесир калса же күйөөсү кетирип жиберсе, балдары да жок болсо, анан атасыныкына кайтып келип, мурункудай эле аныкында жашай турган болсо, атасынын тамагынан жесе болот.+ Дин кызматчынын тукумунан болбогон бир да киши ыйык тартуулардан жебеши керек. 14  Эгер кимдир бирөө ыйык тартуулардан билбей жеп алса, дин кызматчыга башка тартуу алып келип*, үстүнө анын баасынын 20 пайызын кошуп берсин.+ 15  Дин кызматчылар ысрайыл элинин Жахабага тартуу кылган ыйык нерселерин арамдабашы керек,+ 16  элдин ыйык тартууларды жеп алып жазаланышына себепкер болбошу керек. Мен аларды ыйыктаган Жахабамын“». 17  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 18  «Арун менен уулдарына, бүт ысрайыл элине мындай деп айт: „Ысрайыл элинин же Ысрайыл жеринде жашаган бөтөн жерликтердин арасынан кимдир бирөө ант бергени үчүн же өз ыктыяры менен тартуу+ алып келип, аны Жахабага бүтүндөй өрттөлчү курмандык+ катары бере турган болсо, 19  ага жагышы үчүн, алып келген курмандыгы кемтиги жок бука,+ жаш кочкор же теке болсун. 20  Курмандыкка кемтиги бар мал алып келбегиле,+ болбосо Кудайга жакпай каласыңар. 21  Эгер кимдир бирөө ант бергени үчүн же өз ыктыяры менен Жахабага тынчтык курмандыгын алып келе турган болсо,+ ага жагыш үчүн бодо же майда малынын ичинен кемтиги жок мал алып келсин. Анын эч кандай кемтиги болбошу керек. 22  Сокур, бир жери сынган же тилинген, сөөлү, котуру же темиреткиси бар малды Жахабага алып келбегиле. Аны Жахабага арнап курмандык жайына коюп өрттөбөгүлө. 23  Эгер буканын же койдун бир буту өтө узун же кыска болсо, аны өз ыктыярыңар менен курмандыкка алып келсеңер болот. Бирок аны ант бергенде курмандык катары алып келгенге болбойт, ал кабыл алынбайт. 24  Эни кысылып же жанчылып, же жулунуп калган, же кесилип алынган малды Жахабага курмандыкка чалбагыла. 25  Андай малды бөтөн жерлик кишинин колунан алып, Кудайыңарга тамак катары алып келбегиле. Кемтиги бар болгондуктан, ал кабыл алынбайт“». 26  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 27  «Музоо, козу же улак туулгандан кийин 7 күн энесинин жанында болсун.+ Ал эми сегизинчи күндөн тартып аны Жахабага арналган өрттөлчү тартуу катары чалса болот, ал кабыл алынат. 28  Уйду музоосу менен бир күндө сойбогула, койду да козусу менен бир күндө сойбогула.+ 29  Эгер Жахабага ыраазычылык билдириш үчүн курмандык чала турган болсоңор,+ аны ага жага тургандай кылып чалгыла. 30  Ал курмандыкты ошол эле күнү жешиңер керек. Эртең мененкиге эч нерсе калтырбагыла.+ Мен Жахабамын. 31  Менин осуяттарымды аткаргыла.+ Мен Жахабамын. 32  Менин ыйык ысмыма сөз тийгизбегиле.+ Ысрайыл эли мени ыйык көрүшү керек.+ Мен силерди ыйыктаган Жахабамын.+ 33  Силердин Кудайыңар болуш үчүн силерди Мисир жеринен алып чыккам.+ Мен Жахабамын».

Шилтемелер

Же: «жеген нерсесинин баасын дин кызматчыга төлөп».