Лебилер 27:1—34
27 Жахаба Мусага дагы мындай деди:
2 «Ысрайыл элине мындай деп айт: „Кимде ким кимдир бирөөнү Жахабага арнап, анын кунун берем деп ант берсе,+ мындай баа белгиленсин:
3 20 жаштан 60 жашка чейинки эркектин куну ыйык жайдын чен-өлчөмү менен 570 грамм* күмүш.
4 Ал эми ошол жаштагы аялдын куну 342 грамм* күмүш.
5 5 жаштан 20 жашка чейинки эркек балдардын куну 228 грамм*, кыздардыкы 114 грамм* күмүш.
6 1 айдан 5 жашка чейинки эркек балдардын куну 57 грамм*, кыздардыкы 34 граммдай* күмүш.
7 60тагы жана андан жогорку жаштагы эркектердин куну 171 грамм*, аялдардыкы 114 грамм* күмүш.
8 Эгер ант берген киши жакыр болгондуктан айтылган бааны төлөй албаса,+ Кудайга арнаган кишисин дин кызматчыга алып барсын. Дин кызматчы анын баасын ант берген кишинин шартына жараша аныктайт.+
9 Эгерде кимдир бирөө Жахабага курмандыкка чалганга жарай турган мал алып келерин айтып ант берсе, ал Жахабага кандай мал алып келбесин, ыйык болот.
10 Ал малын кайра ала албайт, ошондой эле жаманын жакшысына же жакшысын жаманына алмаштыра албайт. Алмаштыра турган болсо, эки малы тең ыйык болуп калат.
11 Эгер алып келем деген малы адал эмес,+ Жахабага курмандыкка чалганга болбой турган мал болсо, аны дин кызматчыга алып барсын.
12 Дин кызматчы ал малдын жакшы же жаман экенине жараша баасын айтат. Ал канчага бааласа, малдын баасы ошончо болот.
13 Эгер ээси аны кайра сатып алгысы келсе, анын баасынын үстүнө 20 пайызын кошуп берсин.+
14 Эгер кимдир бирөө үйүн ыйык нерсе катары Жахабага арнаса, дин кызматчы үйдүн жакшы же жаман экенине жараша баасын айтсын. Ал канчага бааласа, үйдүн баасы ошончо болот.+
15 Эгер үйүн арнаган киши аны кайра сатып алгысы келсе, үйүнүн баасынын үстүнө 20 пайызын кошуп берсин, ошондо үй аныкы болот.
16 Эгер кимдир бирөө жеринин бир бөлүгүн Жахабага арнаса, анын баасы жерине канча үрөн сепсе болоруна жараша аныкталсын: 130 килограмм* арпа 570 грамм* күмүш турат.
17 Эгер ал жерин Эркиндикке чыгуу жылынан тартып арнаса,+ анын баасы да ушул айтылганга жараша аныкталсын.
18 Ал эми Эркиндикке чыгуу жылынан кийин арнаса, дин кызматчы кийинки Эркиндикке чыгуу жылына чейин канча жыл калганын эсептеп, жердин баасын ошого жараша арзандатсын.+
19 Эгер жерин Кудайга арнаган киши аны кайра сатып алгысы келсе, жеринин баасынын үстүнө 20 пайызын кошуп берсин, ошондо жер аныкы болот.
20 Эгерде ал жерин кайра сатып албаса, жери башка кишиге сатылып кетсе, аны кайра сатып алганга болбойт.
21 Эркиндикке чыгуу жылында болсо ал жер Жахабага арналган ыйык жер болуп калат, дин кызматчыларга таандык болуп калат.+
22 Кимдир бирөө мураска алган жерин эмес, сатып алган жерин Жахабага арнаса,+
23 дин кызматчы Эркиндикке чыгуу жылына чейинки жылдардын санына жараша анын баасын аныктап берсин. Тиги киши ал бааны ошол эле күнү төлөшү керек.+ Бул — Жахабага арналган ыйык нерсе.
24 Эркиндикке чыгуу жылында жер, тиги киши аны кимден сатып алган болсо, кайрадан ошол кишиге, мурунку ээсине, таандык болуп калат.+
25 Ар бир нерсенин баасы ыйык жайдын чен-өлчөмү менен эсептелсин. Бир шекел* 12 граммга* барабар.
26 Эч ким Жахабага малынын биринчи төлүн арнабасын, анткени ал ансыз деле ага таандык.+ Бодо малдын да, майда малдын да биринчи төлү Жахабага таандык.+
27 Адал эмес малдын биринчи төлүн кунун төлөп сатып алса болот. Ал үчүн ээси анын баасынын үстүнө 20 пайызын кошуп бериши керек.+ Эгер ээси аны кунун төлөп сатып ала албаса, дин кызматчы аны башка бирөөгө белгиленген баага сатсын.
28 Эгер кимдир бирөө өзүнө таандык адамды же малды, же жерди Жахабага биротоло арнаса*, анда аны сатканга же кунун төлөп сатып алганга болбойт. Бул — Жахабага арналган абдан ыйык нерсе.+
29 Өлүм өкүмү чыгарылган адамды да кунун төлөп сатып алганга болбойт.+ Ал өлүм жазасына тартылышы керек.+
30 Жердин түшүмүнүн: бак-дарактын жемиши болобу же талаанын түшүмүбү, ондон бир бөлүгү+ Жахабага таандык. Бул — Жахабага арналган ыйык нерсе.
31 Эгер кимдир бирөө бир нерсесинин ондон бир бөлүгүн кунун төлөп сатып алгысы келсе, анда баасынын үстүнө 20 пайызын кошуп берсин.
32 Ар бир онунчу бодо мал менен майда мал — таяк астынан өткөн* ар бир онунчу мал — ыйык нерсе катары Жахабага арналган мал болот.
33 Ээси анын жакшы же жаман экенин текшербесин, башкасына алмаштырбасын. Алмаштыра турган болсо, эки малы тең ыйык болуп калат.+ Аны кайра сатып алганга болбойт“».
34 Булар — Жахабанын Муса аркылуу Синай тоосунда ысрайыл элине берген осуяттары.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «50 шекел». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «30 шекел».
^ Сөзмө-сөз: «20 шекел».
^ Сөзмө-сөз: «10 шекел».
^ Сөзмө-сөз: «5 шекел».
^ Сөзмө-сөз: «3 шекел».
^ Сөзмө-сөз: «15 шекел».
^ Сөзмө-сөз: «10 шекел».
^ Сөзмө-сөз: «1 хомер». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «50 шекел».
^ Еврейлердин негизги чен-өлчөм жана акча бирдиги. Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «20 герага». 1 гера = 0,57 г.
^ Же: «жок болгонго арнаса».
^ Малчы короонун эшигине туруп, малын таягынын астынан өткөрүп саначу.