Лебилер 4:1—35

  • Күнөө үчүн курмандык (1—35)

4  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 2  «Ысрайыл элине мындай деп айт: „Кимдир бирөө Жахаба тыюу салган иштердин бирин кылып, билбей күнөө кетирип алса,+ мындай кылыш керек: 3  Эгерде башкы дин кызматчы*+ күнөө кетирип,+ анын айынан эл айыптуу болуп калса, анда Жахабага күнөө үчүн курмандыкка кемтиги жок букачар алып келсин.+ 4  Ал букачарды жолугушуу чатырынын+ кире беришине Жахабанын алдына алып келсин да, анын башына колун коюп, Жахабанын алдында сойсун.+ 5  Анан башкы дин кызматчы+ анын канынан алып, жолугушуу чатырына кирсин. 6  Манжасын канга малып,+ Жахабанын алдында ыйык жайдын көшөгөсүнүн алдына 7 жолу чачыратсын.+ 7  Анан кандан бир аз алып, жолугушуу чатырында Жахабанын алдында турган жыпарзат түтөткүчтүн мүйүздөрүнө сыйпасын.+ Калган кандын баарын жолугушуу чатырынын кире беришинин тушунда турган бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар чалынчу курмандык жайынын+ түбүнө төксүн. 8  Андан кийин күнөө үчүн курмандыкка алынып келген букачардын майынын баарын: терисинин астындагы майын, ич майын, 9  эки бөйрөгүн майы менен кошо, карчыга майын бөлүп алсын. Бөйрөктөрү менен кошо боорундагы майын да бөлүп алсын.+ 10  Тынчтык курмандыгына чалынган букачардын эмнелери алынса, күнөө үчүн курмандыкка чалынган букачардын да ошол нерселери алынат.+ Дин кызматчы анын баарын бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар чалынчу курмандык жайында өрттөйт. 11  Букачардын терисин, этин, баш-шыйрагын, ичеги-карынын, кан-жинин,+ 12  тактап айтканда, букачардын калганын конуштун сыртына, күл төгүлчү таза жерге алып барып, отундун үстүнө коюп өрттөсүн.+ Ал күл төгүлчү жерде өрттөлсүн. 13  Эгерде бүт Ысрайыл жамааты билбей күнөө кылып алып,+ айыптуу болуп калса, бирок алар* Жахаба тыюу салган иштердин бири кылынганын билбей калса,+ 14  анан убакыттын өтүшү менен күнөө кылынганы билинсе, жамаат* күнөө үчүн курмандыкка жолугушуу чатырына букачар алып келсин. 15  Жамаат аксакалдары Жахабанын алдында букачардын башына колдорун коюшсун; анан ал Жахабанын алдында союлат. 16  Андан кийин башкы дин кызматчы анын канынан алып, жолугушуу чатырына кирсин. 17  Манжасын канга малып, Жахабанын алдында көшөгөнүн+ алдына 7 жолу чачыратсын. 18  Анан кандан бир аз алып, жолугушуу чатырында Жахабанын алдында турган жыпарзат түтөткүчтүн мүйүздөрүнө сыйпасын.+ Калган кандын баарын жолугушуу чатырынын кире беришинин тушунда турган бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар чалынчу курмандык жайынын түбүнө төксүн.+ 19  Андан кийин букачардын бүт майын бөлүп алып, курмандык жайында өрттөсүн.+ 20  Күнөө үчүн курмандыкка чалынган букачарды эмне кылса, бул букачарды да ошентсин. Мына ушинтип дин кызматчы элди күнөөдөн арылтат,+ ошондо элдин күнөөсү кечирилет. 21  Ал букачарды конуштун сыртына алып чыгып, биринчи букачардай кылып өрттөйт.+ Бул — жамааттын күнөөсү үчүн чалынган курмандык.+ 22  Эгер эл башчыларынын+ бири Жахаба Кудайы тыюу салган иштердин бирин билбей кылып алып, айыптуу болуп калса, 23  же ошондой иштердин бирин кылып күнөө кетирип алганын түшүнүп калса, курмандыкка кемтиги жок эркек улак алып келсин. 24  Анан улактын башына колун коюп, аны Жахабанын алдында бүтүндөй өрттөлчү курмандык союла турган жерде сойсун.+ Бул — күнөө үчүн чалынган курмандык. 25  Дин кызматчы анын канына манжасын малып, бүтүндөй өрттөлчү курмандык чалынчу курмандык жайынын мүйүздөрүнө сыйпасын.+ Калганын курмандык жайынын түбүнө төксүн.+ 26  Анан бүт майын, тынчтык курмандыгынын+ майындай кылып, курмандык жайында өрттөсүн. Ошентип, дин кызматчы башчыны күнөөдөн арылтат, анын күнөөсү кечирилет. 27  Эгер элдин арасынан кимдир бирөө Жахаба кылба деген иштердин бирин билбей кылып алып, айыптуу болуп калса,+ 28  же күнөө кетирип алганын түшүнүп калса, кылган күнөөсү үчүн курмандыкка кемтиги жок ургаачы улак алып келсин. 29  Анан улактын башына колун коюп, аны бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка+ алынып келген мал союлчу жерде сойсун. 30  Дин кызматчы анын канына манжасын малып, бүтүндөй өрттөлчү курмандык чалынчу курмандык жайынын мүйүздөрүнө сыйпасын. Калган кандын баарын курмандык жайынын түбүнө төксүн.+ 31  Анын бүт майын,+ тынчтык курмандыгынын+ майындай кылып, бөлүп алсын. Анан аны курмандык жайында Жахабага арналган жыты жагымдуу тартуу катары өрттөсүн. Ошентип, дин кызматчы аны күнөөдөн арылтат, анын күнөөсү кечирилет. 32  Эгер ал күнөө үчүн курмандыкка козу алып келсе, кемтиги жок ургаачы козу болушу керек. 33  Ал анын башына колун коюп, аны бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка алынып келген мал союлчу жерде күнөө үчүн курмандык катары сойсун.+ 34  Дин кызматчы анын канына манжасын малып, бүтүндөй өрттөлчү курмандык чалынчу курмандык жайынын мүйүздөрүнө сыйпасын.+ Калган кандын баарын курмандык жайынын түбүнө төксүн. 35  Анан бүт майын, тынчтык курмандыгына чалынган жаш кочкордун майындай кылып, бөлүп алсын. Анан аны курмандык жайында Жахабага арналган өрттөлчү тартуулардын үстүнө коюп өрттөсүн.+ Ошентип, дин кызматчы аны күнөөдөн арылтат, анын күнөөсү кечирилет.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «дин кызматчы, майланган киши».
Сыягы, жамааттын өкүлү болгон аксакалдар.
Сыягы, жамаат аксакалдары.