Лука 13:1—35
13 Ошондо ал жерде тургандардын айрымдары Исага галилеялыктар жөнүндө айтып беришти. Пилат аларды курмандык чалып жаткан жеринен өлтүрүп, алардын канын курмандыктарынын каны менен аралаштырып салган эле.
2 Иса аларга: «Алар башка галилеялыктарга караганда көбүрөөк күнөөкөр болгону үчүн ошентип өлдү деп ойлойсуңарбы?
3 Жок, андай эмес. Бирок өкүнбөсөңөр, силер да баарыңар ошолордой эле өлөсүңөр.+
4 Же Силоомдогу мунара кулаганда, алдында калып өлгөн 18 киши Иерусалимдин башка тургундарына караганда көбүрөөк күнөөкөр болгон деп ойлойсуңарбы?
5 Жок, андай эмес. Бирок өкүнбөсөңөр, силер да баарыңар ошолордой эле өлөсүңөр»,— деди.
6 Андан соң мындай мисал келтирди: «Бир кишинин жүзүмзарында анжир дарагы болот. Ал келип, андан мөмө издеп, таппай коёт.+
7 Анан жүзүмчүгө барып: „Мен үч жылдан бери келип, ушул анжир дарагынан мөмө издеп, бирди да тапкан жокмун. Аны кыйып ташта! Бекер эле жерди ээлеп турганда эмне пайда?“ — дейт.
8 Жүзүмчү: „Кожоюн, аны быйыл да коё туруңуз. Түбүн жумшартып, кык төгүп көрөйүн.
9 Эгер мөмө берсе, анда жакшы. Бербесе, кыйып саласыз“,— деп жооп берет».+
10 Дем алыш күнү Иса сыйынуу жайларынын биринде элди окутуп жаткан.
11 Ошол жерде ичине жин кирип алгандыктан 18 жылдан бери ооруп жүргөн бир аял бар эле. Ал бүкүрөйүп, боюн түзөй албай калган болчу.
12 Аны көргөндө Иса: «Ооруңдан арылдың»,— деди да,+
13 үстүнө колун койду. Аял ошол замат түзөлүп, Кудайды алкап-даңктай баштады.
14 Ошондо сыйынуу жайынын башчысы Исанын дем алыш күнү айыктырганына ачууланып, элге: «Иш кылганга алты күн бар эмеспи.+ Айыгыш үчүн дем алыш күнү эмес,+ ошол күндөрү келгиле»,— деди.
15 Иса ага: «Эки жүздүүлөр,+ эмне, силер дем алыш күнү малканадагы букаңарды же эшегиңерди чечип, сугарганы алып барбайсыңарбы?+
16 Анда Шайтан 18 жылдан бери кишендеп келген бул аялды, Ыбрайымдын урпагын, дем алыш күнү бошотконго эмне үчүн болбосун?» — деди.
17 Ал ушул сөздөрдү айтканда, ага каршы болгондордун баары уялып калышты, ал эми бүт эл ал кылган кереметтерге кубанып жатты.+
18 Андан ары Иса: «Кудайдын Падышалыгы эмнеге окшош? Аны эмнеге салыштырсам болот?
19 Ал бакчага себилген сары кычы данына* окшош. Дан өнүп-өсүп, даракка айланат. Анын бутактарына чымчыктар уя салат»,— деди.+
20 Анан: «Кудайдын Падышалыгын эмнеге салыштырсам болот?
21 Аны аялдар үч чоң табак унга кошуп, бүт камырды ачыткан ачыткыга окшоштурса болот»,— деп да айтты.+
22 Иерусалимге баратып Иса шаарлар менен айыл-кыштактарды кыдырып, элди окутуп жатты.
23 Бир киши андан: «Мырзам, куткарыла тургандар аз эле болобу?» — деп сурады. Иса мындай деп жооп берди:
24 «Тар эшиктен кириш үчүн бүт күчүңөрдү жумшагыла.+ Анткени, силерге айтып коёюн, көптөр киргенге аракет кылышат, бирок кире алышпайт.
25 Үй ээси эшикти жаап алганда, силер сыртта калып калып: „Мырзам, ачып койчу“ — деп,+ эшикти каккылай баштайсыңар. Бирок ал: „Мен силерди тааныбайм“,— деп айтат.
26 Силер болсо: „Биз сени менен чогуу тамактанчу эмес белек, сен биздин чоң көчөлөрүбүздө окутчу эмес белең“,— деп айтасыңар.+
27 Ошондо ал: „Мен силерди тааныбайм*. Кеткиле баарыңар, ыймансыздык кылгандар!“ — деп айтат.
28 Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын жана башка бардык пайгамбарлардын Кудайдын Падышалыгында экенин көргөнүңөрдө, өзүңөр болсо сыртка куулуп чыкканыңарда, ыйлап, тишиңерди кычыратасыңар*.+
29 Ошондо чыгыш менен батыштан, түндүк менен түштүктөн адамдар келип, Кудайдын Падышалыгында дасторкон тегеректей отурушат.
30 Биринчилердин айрымдары акыркы, акыркылардын айрымдары биринчи болот».+
31 Ошол учурда фарисейлердин кээ бирлери Исага келип: «Бул жерден кетип кал, анткени Ирод сени өлтүргөнү жатат»,— дешти.
32 Иса аларга мындай деди: «Барып, ал түлкүгө бүгүн, эртең жиндерди кууп чыгарып, оорулууларды айыктырарымды, үчүнчү күнү ишимди бүтөрүмдү айтып койгула.
33 Бирок бүгүн, эртең, бүрсүгүнү жол жүрүшүм да керек, себеби пайгамбардын Иерусалимден башка жерде өлтүрүлүшү мүмкүн эмес.+
34 Оо, Иерусалим, пайгамбарларды өлтүрүп, өзүңө жиберилгендерди таш бараңга алган Иерусалим!+ Тоок жөжөлөрүн канатынын астына чогулткандай, мен да сенин балдарыңды канча ирет чогулткум келди! Бирок силер каалаган жоксуңар.+
35 Мына, Кудай ибадатканаңарды* таштап кетет!+ Айтып коёюн, силер: „Жахабанын атынан келатканга анын батасы тийсин!“ — деп айтканыңарга чейин мени көрбөйсүңөр».+
Шилтемелер
^ Байыркы Палестинадагы уруктардын эң кичинекейи. Өсүп чыкканда бутактанып, 4 метрге жетет.
^ Б. а. Иса аларды эч качан жолдоочулары катары эсептеген эмес.
^ Бул ачууланууну, үмүтсүздүктү билдирет.
^ Сөзмө-сөз: «үйүңөрдү».