Лука 14:1—35

  • Иса ак шишик болуп ооруган кишини дем алыш күнү айыктырат (1—6)

  • Конокко барганыңда момун бол (7—11)

  • Тамакка сага сый көрсөтө албагандарды чакыр (12—14)

  • Конокко келбей койгондор жөнүндөгү мисал (15—24)

  • Исанын шакирттери эмнеге даяр болушу керек? (25—33)

  • Күчүн жоготкон туз (34, 35)

14  Дем алыш күндөрдүн дагы биринде Иса фарисейлердин бир башчысынын үйүндө дасторкондо отурган эле. Ал жердегилер аны тигиле карап турушту. 2  Исанын маңдайында ак шишик* болуп кыйналып жүргөн бир киши отурган эле. 3  Иса Мусанын Мыйзамын кыйын билгендер менен фарисейлерден: «Дем алыш күнү оорулууну айыктырса болобу же жокпу?» — деп сурады.+ 4  Алар унчугушкан жок. Ошондо Иса оорулууга колун коюп, аны айыктырды да, жөнөтүп жиберди. 5  Анан тигилерден: «Араңардан кимиңер, уулу же букасы дем алыш күнү кудукка түшүп кетсе,+ ошол замат алып чыкпайсыңар?» — деп сурады.+ 6  Алар эчтеке деп жооп бере алышкан жок. 7  Анан Иса чакырылгандардын төрдөн орун алып жатышканын байкап,+ аларга мындай мисал келтирди: 8  «Сени бирөө үйлөнүү тоюна чакырса, төрдөн орун алганга умтулба.+ Чакырылгандардын арасында сенден да кадырлуу бирөө болушу мүмкүн. 9  Ошондо сени да, аны да чакырган үй ээси жаныңа келип: „Бул кишиге ордуңду бошотуп бер“,— деп калса, уят болуп, босого жакка отурганга аргасыз болосуң. 10  Ошон үчүн конокко чакырылганыңда босого жактан орун ал. Ошондо үй ээси жаныңа келип: „Досум, өйдө өт“,— деп айтат. Ошентип, бардык коноктордун алдында сага урмат көрсөтүлөт.+ 11  Анткени ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат; ким өзүн төмөн койсо, көтөрүлөт».+ 12  Анан Иса өзүн конокко чакырган кишиге: «Түшкү же кечки тамакка досторуңду, бир туугандарыңды, тууган-туушкандарыңды, бай кошуналарыңды чакырба. Себеби алар бир күнү кайра өзүңдү чакырып, сый көрсөтүшү мүмкүн. 13  Той бергениңде жакырларды, мунжуларды, аксактарды, сокурларды чакыр.+ 14  Ошондо бактылуу болосуң, анткени алар сага сый көрсөтө алышпайт. Бул жакшылыгың үчүн адил адамдар тирилген убакта+ сыйлык аласың»,— деди. 15  Муну укканда коноктордун бири Исага: «Кудайдын Падышалыгында даам тата турган адам бактылуу»,— деп айтты. 16  Иса ага мындай деди: «Бир киши кечкиге чоң дасторкон жайып,+ көп конок чакырат. 17  Тамак ичер убак келгенде, ал кулун чакырылгандарга жөнөтүп: „Келгиле, бардыгы даяр болду“,— деп айттырат. 18  Бирок алардын баары сүйлөшүп алгансып, ар кандай шылтоолорду айта баштайт.+ Биринчиси: „Мен жер сатып алдым эле, аны көрүп келишим керек. Бара албайм, кечирип койчу“,— дейт. 19  Экинчиси: „Мен 10 өгүз сатып алдым эле, алардын кандай экенин сынаганы баратам. Сеникине бара албайм, кечирип койчу“,— деп айтат.+ 20  Үчүнчүсү: „Мен жаңы эле үйлөндүм, ошондуктан бара албайм“,— дейт. 21  Кул кожоюнуна келип, баарын айтып берет. Ошондо ал ачууланып, кулуна: „Тезинен шаардын чоң-кичине көчөлөрүнө чыгып, жакырларды, мунжуларды, сокурларды, аксактарды чакырып кел“,— деп айтат. 22  Бир аз убакыт өткөндөн кийин кулу келип: „Мырзам, буйругуңуз аткарылды. Бирок дагы орун бар“,— дейт. 23  Ошондо кожоюну ага: „Барып, шаардын чет жакасындагы көчөлөрдү аралап, жолуккандарды көндүрүп бул жакка алып кел, үйүм толсун.+ 24  Айтып коёюн, мурун чакырылгандардын эч кимиси кечки тамагымдан даам татпайт“,— деп айтат».+ 25  Иса жанында келаткан көп элге бурулуп, мындай деди: 26  «Ким жолумду жолдоп, бирок менден ата-энесин, аялын, балдарын, бир туугандарын, атүгүл өз жанын артык көрсө*,+ шакиртим боло албайт.+ 27  Ким өзүнүн жаза устунун алып, жолумду жолдобосо, шакиртим боло албайт.+ 28  Мисалы, араңардан кимдир бирөө мунара курганы жатат дейли. Аны куруп бүткөнгө каражаты жетер-жетпесин билиш үчүн, ал адегенде отуруп алып, канча чыгым кетерин эсептеп чыгат да, туурабы? 29  Болбосо пайдубалын тургузгандан кийин мунарасын бүтүрө албай калса, көргөндөрдүн баары шылдыңдап: 30  „Бул баштаарын баштап коюп, бүтүрө алган жок“,— дешет. 31  Же бир падыша башка бир падышага каршы согушканы жатат дейли. Анын 20 000 аскерине өзүнүн 10 000 аскери менен туруштук бере алар-албасын билиш үчүн, ал адегенде отуруп алып, башкалар менен кеңешет да, туурабы? 32  Эгер туруштук бере албасына көзү жетсе, анда тиги падыша алыста экенинде эле, ага элчилерин жиберип, тынчтык келишимин түзөлү деп өтүнөт. 33  Анын сыңарындай, ишенип койгула, ким өзүнүн бүт мүлкүнөн баш тартпаса, менин шакиртим боло албайт.+ 34  Туз, албетте, жакшы нерсе. Бирок ал күчүн жоготсо, даамын кантип калыбына келтиресиң?+ 35  Ал топуракка да, кыкка да кошконго жарабай калат. Ошон үчүн аны ыргытып жиберишет. Кулагы бар адам уксун».+

Шилтемелер

Денеге суунун өтө көп топтолушунан улам шишик басып кеткен оору.
Сөзмө-сөз: «жек көрбөсө».