Лука 18:1—43

  • Жанды койбогон жесир аял жөнүндөгү мисал (1—8)

  • Фарисей жана салык жыйноочу (9—14)

  • Иса жана балдар (15—17)

  • Бир бай башчы суроо берет (18—30)

  • Иса өлтүрүлөрүн дагы айтат (31—34)

  • Иса сокур кайырчыны айыктырат (35—43)

18  Андан кийин Иса шакирттерине Кудайдан дайыма тиленип,+ эч качан багынбаш керектиги жөнүндө мындай мисал айтып берди: 2  «Бир шаарда Кудайдан коркпогон, адамдарды сыйлабаган сот болуптур. 3  Ошол эле шаарда бир жесир аял жашаптыр. Ал сотко кайра-кайра барып: „Мени менен соттошуп жаткан киши экөөбүздүн ортобуздагы талашты адилеттик менен чечип бериңизчи“,— деп суранат. 4  Сот бир нече убакытка чейин аялдын өтүнүчүн аткаргысы келбейт. Бирок акыры өзүнчө: „Кудайдан коркпосом да, эч кимди сыйлабасам да, 5  ушул жесир аял жанымды койбой келе бергени үчүн, ишин адилеттик менен чечип берейин. Болбосо тажатып кайра-кайра келе берет“,— деп ойлонот».+ 6  Анан Иса: «Адил болбосо да, ал соттун эмне дегенин байкадыңарбы? 7  Анда Кудай өзү тандап алган, ага күнү-түнү жалынган адамдар үчүн адилеттикти орнотпой коёбу?+ Кудайга сабырдуулук кылганга туура келсе да,+ 8  силерге айтып коёюн, ал алар үчүн адилеттикти орнотконго шашат. Бирок адам Уулу келгенде жер бетинен ушундай ишеним табар бекен?» — деди. 9  Өзүлөрүн адил эсептеп, башкаларды киши ордуна көрбөгөндөргө болсо мындай мисал келтирди: 10  «Эки киши Кудайдан тиленгени ибадатканага кирет: бири — фарисей, экинчиси — салык жыйнаган киши. 11  Фарисей туруп, ичинен: „Оо, Кудай, сага ыраазымын, себеби башкалардай эмесмин: эч кимди талап-тонобойм, адилетсиздик кылбайм, ойноштук да кылбайм, мобу салык жыйноочудай да эмесмин. 12  Жумасына эки жолу орозо кармайм, тапканымдын ондон бир бөлүгүн тартуу катары берип турам“,— деп тилене баштайт.+ 13  Салык жыйнаган киши болсо алыста туруп, башын көтөргөнгө да батынбай: „Оо, Кудай, мендей күнөөкөргө ырайым кыла көр“,— деп көкүрөгүн койгулайт.+ 14  Силерге айтып коёюн, бул киши үйүнө Кудайдын алдында фарисейге караганда алда канча адил деп эсептелип кайтат.+ Анткени ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат; ким өзүн төмөн койсо, көтөрүлөт».+ 15  Иса колун коюп, батасын бериши үчүн, эл ага наристелерин алып келип жатты. Муну көргөндө шакирттер аларды тыя баштады.+ 16  Бирок Иса наристелерди өзүнө чакырып, шакирттерине: «Балдарды мага коё бергиле, аларга тоскоолдук кылбагыла, анткени Кудайдын Падышалыгынын баталарын ушуларга окшогондор алат.+ 17  Силерге айтып коёюн, ким Кудайдын Падышалыгын кичинекей баладай болуп кабыл албаса, ал анын баталарын албайт*»,— деп айтты.+ 18  Бир башчы Исадан: «Жакшы Устат*, түбөлүк өмүрдү мурасташ үчүн эмне кылышым керек?» — деп сурады.+ 19  Иса ага: «Эмне үчүн мени жакшы дейсиң? Жакшы деп аталганга Кудайдан башка эч ким татыктуу эмес.+ 20  Сен: „Ойноштук кылбагыла,+ киши өлтүрбөгүлө,+ уурдабагыла,+ жалган күбө болбогула,+ ата-энеңерди сыйлагыла“,+— деген осуяттарды билесиң да»,— деди. 21  Башчы: «Мунун баарын мен бала кезимден бери аткарып келатам»,— деди. 22  Анын сөздөрүн укканда Иса: «Аткарышың керек болгон дагы бир нерсе бар: колуңда болгондун баарын сатып, түшкөн акчаны кедей-кембагалдарга таратып бер, ошондо асманда казынаң болот. Анан келип, менин жолдоочум бол»,— деп айтты.+ 23  Муну укканда башчы аябай капаланды, себеби абдан бай эле.+ 24  Иса аны карап: «Акчасы көптөрдүн Кудайдын Падышалыгынын баталарын алышы* кандай кыйын!+ 25  Байдын Кудайдын Падышалыгына киргенине караганда төөнүн ийненин көзүнөн өткөнү оңоюраак»,— деди.+ 26  Муну уккандар: «Анда ким куткарыла алат?» — дешти.+ 27  Иса: «Адамдар кыла албаган нерселерди Кудай кыла алат»,— деди.+ 28  Ошондо Петир: «Мына, биз баарын таштап, сени ээрчип жүрөбүз»,— деп айтты.+ 29  Иса: «Ишенип койгула, ким Кудайдын Падышалыгы үчүн үй-жайын, аялын, бир туугандарын, ата-энесин же балдарын калтырса,+ 30  ал азыркы убакта мурдагыдан алда канча көп алат, ал эми келечектеги заманда* түбөлүк өмүргө ээ болот»,— деп айтты.+ 31  Андан кийин Иса 12 элчисин өзүнчө бөлүп алып, аларга: «Мына, биз Иерусалимге баратабыз. Адам Уулу жөнүндө пайгамбарлар эмнелерди жазса, ошонун баары аткарылат.+ 32  Мисалы, аны башка элден болгон адамдардын колуна салып беришет.+ Алар болсо аны шылдыңдашат,+ кордошот, ага түкүрүшөт.+ 33  Анан аны сабагандан кийин өлтүрүшөт.+ Бирок ал үчүнчү күнү тирилет»,— деп айтты.+ 34  Бирок элчилери Исанын сөздөрүнүн бирин да түшүнүшкөн жок, анткени айтылгандардын мааниси аларга ачыла элек болчу. 35  Иса Жерихого жакындап калганда, жол боюнда бир сокур киши кайыр сурап отурган эле.+ 36  Элдин өтүп баратканын угуп, ал эмне болуп жатканын сурай баштады. 37  Ага: «Назареттик Иса өтүп баратат»,— деп айтышты. 38  Ошондо ал: «Дөөтүнүн Уулу Иса, мага кайрымдуулук кыла көр!» — деп кыйкырды. 39  Алдыда бараткандар аны тыйып жатышты. Бирок ал: «Дөөтүнүн Уулу, мага кайрымдуулук кыла көр!» — деп ого бетер кыйкыра баштады. 40  Ошондо Иса токтоп, аны бери алып келгиле деп буйруду. Ал жакын келгенде: 41  «Эмне кылып берейин?» — деп сурады. Сокур киши: «Мырзам, көзүм көрсүнчү»,— деди. 42  Иса ага: «Көзүң көрсүн, сени ишенимиң айыктырды»,— деп айтты.+ 43  Ошол замат анын көзү көрүп калды. Ошондо ал Кудайды алкап-даңктап, Исанын артынан жөнөдү.+ Муну көрүп, бүт эл да Кудайды алкады.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «ага кирбейт».
Сыягы, бул сөздөрдү жагыныш үчүн наам катары колдонгон. Диний устаттарга кайрылганда ушу сыяктуу наамдар колдонулчу.
Же: «асман Падышалыгына кириши».