Лука 19:1—48

  • Иса Закайдыкына барат (1—10)

  • 10 күмүш акча жөнүндөгү мисал (11—27)

  • Эл Исаны салтанат менен тосуп алат (28—40)

  • Иса Иерусалимди карап, ыйлайт (41—44)

  • Иса ибадатканадан соода-сатык жүргүзгөндөрдү кууп чыгат (45—48)

19  Иса Жерихого кирип, аны аралап баратты. 2  Ошол шаарда Закай деген бай киши бар эле. Ал салык жыйнагандардын башчысы болчу. 3  Закай Исаны көргөнгө аябай аракет кылды. Бирок бою кыска болгондуктан, элдин арасынан көрө албай койду. 4  Ошондуктан алдыга чуркап барып, Исаны көрүш үчүн ал өтө турган жолдун боюндагы жапайы анжир дарагына чыгып алды. 5  Иса ошол жерге жеткенде өйдө карап: «Закай, тезирээк түш, бүгүн сенин үйүңө барам»,— деди. 6  Закай дароо дарактан түштү да, үйүнө барып, Исаны кубанып тосуп алды. 7  Муну көргөндөр: «Бул күнөөкөрдүн үйүнө конокко келди»,— деп сүйлөнө башташты.+ 8  Закай болсо ордунан туруп, Исага: «Мырзам, мүлкүмдүн жарымын кедей-кембагалдарга таратып берем. Ал эми башкалардан жалган айып менен тартып алгандарымды төрт эсе кылып кайрып берем»,— деди.+ 9  Ошондо Иса: «Бүгүн Кудай бул кишини да, үй-бүлөсүн да куткарды, анткени бул да Ыбрайымдын тукуму. 10  Себеби адам Уулу жоголгондорду издеп таап, куткарыш үчүн келген»,— деп айтты.+ 11  Бул сөздөрдү угуп турган шакирттерине Иса дагы бир мисал келтирди. Себеби Иерусалимге жакындап калган эле. Шакирттери болсо ал жакка барарыбыз менен Кудайдын Падышалыгы келет* деп ойлоп жатышкан.+ 12  Ошондуктан ал мындай деди: «Ак сөөктөрдүн тукумунан болгон бир киши падыша болуп дайындалыш үчүн алыскы өлкөгө+ барып келмекчи болот. 13  Ал 10 кулун чакырып, 10 күмүш акча* берет да: „Мен келгиче, буларды айландыргыла“,+— дейт. 14  Бирок аны жек көргөн жердештери артынан элчилерди жиберип: „Анын бизге падыша болушун каалабайбыз“,— деп айттырышат. 15  Акыры, ал падыша болуп, кайтып келет да, күмүш акчаларды айландырганда канча киреше табышканын билиш үчүн баягы кулдарын чакыртат.+ 16  Биринчиси келип: „Мырзам, сиздин акчаңызга дагы 10 күмүш акча кошулду“,+— дейт. 17  Кожоюну ага: „Жарайсың! Сен жакшы кулсуң! Ушундай кичинекей иште ишенимдүү болгонуң үчүн 10 шаарга бийлик кыласың“,+— деп айтат. 18  Анан экинчиси келип: „Мырзам, сиз берген акчага дагы 5 күмүш акча кошулду“,+— дейт. 19  Кожоюну ага да: „Сен болсо 5 шаарды башкарасың“,— деп айтат. 20  Анан дагы бири келип: „Мырзам, мына акчаңыз. Мен муну чүпүрөккө ороп, катып койгом. 21  Сизден корктум, анткени сиз бербегениңизди алып, сеппегениңизди жыйнаган катаал кишисиз“,— дейт.+ 22  Кожоюну ага: „Оңбогон кул десе, анда сени өз сөзүңөн кармайын. Бербегенимди алып, сеппегенимди жыйнаган катаал киши экенимди билген экенсиң,+ 23  анда эмнеге күмүш акчамды акча айландыра тургандарга берген жоксуң? Кайтып келгенимде кирешеси менен албайт белем“,— деп айтат. 24  Анан жанында тургандарга: „Мунун колунан акчаны алып, 10 күмүш акчасы бар кулга бергиле“,+— дейт. 25  Алар: „Мырзам, анын 10 күмүш акчасы бар да!“ — дешет. 26  Ал: „Силерге айтып коёюн, кимде бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, андан өзүндө болгон нерсеси да тартылып алынат.+ 27  Падыша болушумду каалабаган душмандарымды болсо бул жакка алып келип, менин көзүмчө өлтүрүп салгыла“,— деп айтат». 28  Ушуларды айткандан кийин Иса андан ары жолун улап, Иерусалимди көздөй жөнөдү. 29  Зайтун тоосундагы+ Бетфагия менен Бетанияга жакындаганда ал өзүнөн мурун эки шакиртин жөнөтүп жатып:+ 30  «Тээтиги көрүнүп турган айылга баргыла. Айылга киргениңерде эч ким мине элек кодиктин* байланып турганын көрөсүңөр. Аны чечип, мага алып келгиле. 31  Эгер кимдир бирөө: „Муну эмнеге чечип жатасыңар?“ — десе, „Бул Мырзабызга керек“,— деп айткыла»,— деди. 32  Шакирттер барганда, баары Иса айткандай болуп чыкты.+ 33  Алар кодикти чечип жатышканда, анын ээлери: «Кодикти эмнеге чечип жатасыңар?» — дешти. 34  Шакирттер: «Бул Мырзабызга керек»,— деп жооп беришти. 35  Анан кодикти жетелеп келип, үстүнө сырт кийимдерин салышты да, Исаны мингизишти.+ 36  Иса кодик минип баратканда, эл жолго сырт кийимдерин төшөп жатты.+ 37  Ал Зайтун тоосунан түшө турган жолго жакындап калганда, көптөгөн шакирттери өз көзү менен көргөн бардык кереметтер үчүн кубанып, үнүн бийик чыгара Кудайды даңктап: 38  «Жахабанын атынан Падыша катары келатканга анын батасы тийсин! Кудай менен биздин ортобузда тынчтык болсун, жогорудагы Кудай даңкталсын!*» — деп жатышты.+ 39  Ошондо элдин арасындагы айрым фарисейлер Исага: «Устат, шакирттериңди тыйып койбойсуңбу»,— дешти.+ 40  Буга ал: «Силерге айтып коёюн, эгер алар унчукпаса, таштар кыйкырат»,— деп жооп берди. 41  Иерусалимге жакындаганда Иса шаарды карап, ыйлап жиберди да:+ 42  «Эмне тынчтыкка жеткирерин азыр түшүнсөң кана... Бирок бул азыр сенден жашыруун.+ 43  Себеби душмандарың айланаңа учтуу устундардан коргон куруп, сени туш тараптан курчай турган* күндөр келет.+ 44  Алар өзүң менен кошо тургундарыңды жерге чабышат,+ таш-талканыңды чыгарышат.+ Анткени Кудай сени соттош үчүн* келген убакты баамдаган жоксуң»,— деди. 45  Анан ибадатканага кирип, соодагерлерди кууп чыгара баштады да,+ 46  аларга: «Ыйык Жазмада: „Менин үйүм тиленүү үйү болот“,— деп жазылган.+ Силер болсо бул жерди каракчылардын уюгуна айландырып салдыңар»,— деп айтты.+ 47  Ал күн сайын ибадатканада элди окутуп жатты. Жогорку дин кызматчылар, диний мыйзамдарды окуткандар менен эл башчылары болсо аны өлтүрүштүн жолун издеп,+ 48  бирок таппай жатышты. Себеби эл Исанын сөздөрүн угуш үчүн дайыма анын жанында жүрдү.+

Шилтемелер

Же: «айкын көрүнөт».
Сөзмө-сөз: «мина». Гректердин 340 граммдык күмүш акчасы. 1 мина 100 драхмага барабар болгон. Б14 тиркемесин кара.
Такайдын.
Же: «Асманда тынчтык, жогоруда даңк болсун!»
Же: «кысымга ала турган».
Сөзмө-сөз: «текшериш үчүн».