Лука 2:1—52
2 Ошол күндөрү император* Август бүт империя боюнча элди каттоодон өткөрүү жөнүндө буйрук чыгарды.
2 Ал Сирияны Кирений башкарып турган убакта жүргүзүлгөн биринчи эл каттоо эле.
3 Каттоодон өтүш үчүн ар ким өз шаарына жөнөдү.
4 Жусуп+ да Галилеядагы Назарет шаарынан чыгып, Жүйүт жерине, Дөөтү туулуп-өскөн Бетлехем+ шаарына жол тартты, анткени ал Дөөтүнүн тукумунан эле.
5 Ал ай-күнүнө жетип калган+ аялы+ Мариям менен бирге каттоодон өтмөкчү болду.
6 Анан ошол жактан Мариямдын төрөй турган маалы келип,
7 тун уулун төрөдү.+ Ал баланы ороп, акырга жаткырды,+ себеби мейманканада аларга орун калбай калган эле.
8 Ошол аймакта талаада түнөп, түнкүсүн малын кайтарган койчулар бар эле.
9 Бир убакта Жахабанын периштеси пайда болуп, алардын айланасы Жахабанын даңкынан жаркырай түштү. Ошондо баарын коркунуч басты.
10 Бирок периште аларга: «Коркпогула. Мен силерге элдин баарына чоң кубаныч тартуулай турган жакшы кабар* жарыялаганы келдим.
11 Бүгүн Дөөтүнүн туулуп-өскөн шаарында+ силерди куткара турган бирөө+ — Мырзаңар Машаяк*+ — төрөлдү.
12 Силер барганда, ымыркай жалаякка оролуп, акырда жаткан болот. Аны ушундан билесиңер»,— деди.
13 Анан капысынан периштенин жанына көп сандаган башка периштелер*+ пайда болду да, Кудайды даңктап:
14 «Асмандагы Кудай даңкталсын! Жер үстүндө, анын ырайымына ээ болгондордун арасында тынчтык болсун!» — дей башташты.
15 Периштелер асманга көтөрүлүп кеткенде, койчулар бири-бирине: «Жүргүлө, батыраак Бетлехемге баралы. Жахабанын бизге айтканы боюнча, ал жерде эмне болгонун көрөлү»,— дешти.
16 Анан дароо ошол жакка барып, Мариям менен Жусупту, акырда жаткан баланы көрүштү.
17 Ошондо койчулар периштенин бала жөнүндө эмне дегенин айтып беришти.
18 Алардын айтып бергендерин уккандардын баары таң калып жатышты.
19 Мариям болсо айтылгандардын бардыгын көкүрөгүнө түйүп алып, ошол жөнүндө ойлонуп жатты.+
20 Анан койчулар уккан-көргөндөрүнүн баары өзүлөрүнө айтылгандай болуп чыкканы үчүн Кудайды даңктап-мактап, артка жол тартышты.
21 Сегизинчи күнү, баланы сүннөткө отургузар маал келгенде,+ ага Иса деген ат коюлду. Энесинин боюна бүтө электе эле, периште ага ушундай ат койгон болчу.+
22 Мусанын Мыйзамы боюнча тазалануу расмисин кыла турган убак келгенде,+ ата-энеси кунун төлөп, Жахабадан сатып алыш үчүн баласын Иерусалимге алып барды*.
23 Себеби Жахабанын Мыйзамында: «Тун уулдардын ар бири Жахабага арналышы керек»,— деп жазылган болчу.+
24 Ошондой эле алар Жахабанын Мыйзамындагы: «Эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып келсин»,— деген буйрукка ылайык курмандык чалышты.+
25 Иерусалимде адил, Кудайга берилген, анын ыйык рухунун жетегине баш ийип жашаган Шымон деген бир киши бар эле. Ал Кудай ысрайыл элин сооротуп-жубата турган мезгилди күтүп жүргөн.+
26 Жахаба ага ыйык руху аркылуу аян берип, өзү жибере турган Машаякты көргөнгө чейин өлбөй турганын айткан болчу.
27 Анын ыйык рухунун жетеги менен Шымон ибадатканага барды. Ымыркай Исаны ата-энеси Мыйзамдын талабын аткарыш үчүн ибадатканага алып келгенде,+
28 Шымон аны колуна алып, Кудайды даңктап:
29 «Оо, Эгедер Теңир, өзүң алдын ала айткандай, бул баланы көрдүм. Эми өлө берсем, арманым жок.+
30 Анткени сен жиберген куткаруучуну,+
31 бардык элдер көрүшү үчүн жөнөткөн куткаруучуну, көрдүм.+
32 Бул — элдерди каптап турган караңгылыкты жок кыла турган жарык,+ ысрайыл элиңдин даңкы»,— деди.
33 Исанын ата-энеси баласы жөнүндө айтылган бул сөздөргө таң калып жатты.
34 Шымон аларга батасын берип, баланын энеси Мариямга: «Бул бала Ысрайылда көптөрдүн кулашына,+ көптөрдүн кайра турушуна себепкер болот.+ Кудай өзү бул баланы колдоп жатканын айкын көрсөткөнүнө карабай, көптөр буга каршы сүйлөшөт.+
35 Мунун аркасында көп адамдардын жүрөгүнүн түпкүрүндөгү ойлору ачыкка чыгат. Сен болсо жүрөгүңө чоң кылыч сайылгандай кыйналасың»,— деди.+
36 Ал жерде Анна деген улгайган пайгамбар аял да бар болчу. Ал Ашыр уруусунан болгон Пануелдин кызы эле. Анна турмушка чыгып, күйөөсү менен 7 жыл жашаган.
37 Анан жесир калган. Ошол кезде 84кө чыгып калган Анна дайыма ибадатканада жүрчү. Ал орозо кармап, Кудайга жалынып, күнү-түнү ыйык кызмат кылчу.
38 Ал да Мариям менен Жусуптун жанына барып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, Иерусалимдин куткарылышын күтүп жүргөндөрдүн баарына бала жөнүндө айта баштады.+
39 Ошентип, Жахабанын Мыйзамында талап кылынгандын баарын аткаргандан кийин+ Жусуп менен Мариям Галилеяга, өздөрүнүн Назарет шаарына+ кайтып барышты.
40 Бала өсүп-чоңоюп, күчкө, акылга толо берди. Кудай аны дайыма колдоп жүрдү.+
41 Исанын ата-энеси жыл сайын Иерусалимге Куткарылуу майрамына* барчу.+
42 Иса 12 жашка чыкканда, алар адаттагыдай эле майрамга барышты.+
43 Майрам аяктагандан кийин, кайра жолго чыгышты, Иса болсо Иерусалимде калып калды. Муну ата-энеси байкаган жок.
44 Алар аны башкалар менен келатат деп ойлошту. Бирок бир күн жол жүргөндөн кийин, аны туугандары менен тааныштарынын арасынан издей башташты.
45 Таппаган соң кайра Иерусалимге барып, ал жактан да аябай издешти.
46 Акыры 3 күндөн кийин аны ибадатканадан табышты. Ал диний устаттардын айткандарын угуп, аларга суроо берип отурган экен.
47 Угуп жаткандардын баары анын акылына, берген жоопторуна аябай таң калып жатышты.+
48 Баласын көрүп, ата-энеси аң-таң болду. Анан энеси: «Балам, бул эмне кылганың? Атаң экөөбүз сени издеп, сарсанаа болуп бүттүк»,— деди.
49 Ал болсо: «Мени эмнеге издедиңер? Атамдын үйүндө болушум керектигин билген эмес белеңер?» — деп жооп берди.+
50 Бирок алар анын айткандарынын маанисин түшүнүшкөн жок.
51 Иса алар менен Назаретке кайтып барды. Ал ата-энесине баш ийип, дайыма алардын тилин алып жүрдү.+ Энеси болсо ушулардын баарын көкүрөгүнө түйүп жүрдү.+
52 Иса өсүп-жетилип, барган сайын акылмандыгы артып, Кудайдын да, адамдардын да көңүлүнө жага берди.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «цезарь».
^ Сөзмө-сөз: «асман аскерлери».
^ Же: «Жахабанын алдына алып барды». Кара: Сандар 18:15, 16.