Лука 3:1—38

  • Жакан кызматын баштайт (1, 2)

  • Жакан элге чөмүлүшү керектигин айта баштайт (3—20)

  • Иса чөмүлөт (21, 22)

  • Иса Машаяктын санжырасы (23—38)

3  Император Тиберийдин башкаруусунун он бешинчи жылында, Жүйүт жеринде Понтий Пилат башкаруучу болуп турганда, Галилея аймагында Ирод*,+ Итурея жана Трахонит аймактарында анын агасы Филип, ал эми Абиленея аймагында Лусаний дубан башчысы болуп турганда, 2  Каяпа менен башкы дин кызматчы Анастын+ күндөрүндө Закарыянын уулу Жаканга+ чөлдүү аймакта жүргөндө Кудайдан бир кабар келди.+ 3  Ошондуктан ал Иордан дарыясынын тегерек-четиндеги аймактардын баарын кыдырып, элге күнөөлөрү кечирилиши үчүн өкүнүп, сууга чөмүлүшү* керектигин жар сала баштады.+ 4  Бул жөнүндө Ышая пайгамбардын китебинде: «Ээн талаада бирөө мындай деп жар салып жүрөт: „Жахабага жол даярдагыла! Анын жолдорун тегиздегиле.+ 5  Ойдуңдун баары толтурулсун, тоолор менен адырлардын баары тегизделсин, ийри-буйру, өңгүл-дөңгүл жолдор түздөлсүн. 6  Ошондо бардык адамдар Кудай жиберген куткаруучуну көрөт“»,— деп жазылган.+ 7  Жакан чөмүлүш үчүн аны көздөй келаткан топ элге: «Уулуу жыландын* тукумдары, Кудайдын жазасынан качып кутула аласыңар деп силерге ким айтты?!+ 8  Өкүнгөнүңөрдү иш жүзүндө көрсөткүлө*. „Биздин атабыз — Ыбрайым“,— деп ойлобогула. Силерге айтып коёюн, зарыл болсо, Кудай Ыбрайымга мына бул таштардан да балдарды жаратып бере алат. 9  Дарактардын түбүндө балта жатат. Ошондуктан жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат»,— деди.+ 10  Эл Жакандан: «Анда эмне кылышыбыз керек?» — деп сурап жатты. 11  Ал: «Кимдин эки кийими* бар болсо, бирин кийими жокко берсин. Кимдин тамак-ашы бар болсо, тамак-ашы жоктор менен бөлүшсүн»,— деп жооп берди.+ 12  Атүгүл салык жыйнагандар да чөмүлүш үчүн келип,+ андан: «Устат, биз эмне кылышыбыз керек?» — деп сурашты. 13  Ал: «Элден белгиленгенден ашыкча салык талап кылбагыла»,— деди.+ 14  Аскерлер да андан: «Биз эмне кылышыбыз керек?» — деп сурашты. Жакан: «Эч кимди кысымга албагыла, эч кимге жалаа жаппагыла*.+ Кызматыңар үчүн алган акыңарга ыраазы болгула»,— деди. 15  Эл Машаякты күтүп жүргөндүктөн, Жаканды көргөндө баары: «Бул Машаяк эмеспи?» — деп ойлонуп жатышты.+ 16  Жакан аларга: «Мен силерди сууга чөмүлдүрүп жатам. Бирок менден улук бирөө келатат, мен анын сандалынын боосун чечкенге да татыксызмын.+ Ал силерди Кудайдын ыйык рухуна жана отко чөмүлдүрөт*.+ 17  Колундагы эгин сапыра турган күрөгү менен кырманын бүт тазалап, буудайын кампага жыйнайт, топонун болсо өчпөс отко ыргытат»,— деди. 18  Жакан элге дагы көп насаат айтып, Кудайдын жакшы кабарын жарыялап жүрдү. 19  Ал дубан башчысы Иродду жеңеси Иродияны алып алганы үчүн жана башка бардык жаман иштери үчүн ашкереледи. 20  Ошон үчүн Ирод, ошол кылгандары аз келгенсип, Жаканды түрмөгө отургузуп койду.+ 21  Элдин баары чөмүлгөндө, Иса да чөмүлдү.+ Ал Кудайдан тиленип жатканда, асман ачылып,+ 22  Кудайдын ыйык руху көгүчкөндөй болуп көрүнүп, анын үстүнө түштү. Ошондо асмандан: «Сен менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен сага ыраазымын»,— деген үн угулду.+ 23  Иса+ кызматын баштаганда 30 жаштарда эле.+ Элдин ою боюнча, алЖусуптун+ уулу болчу. Жусуп болсо Элинин уулу* эле. 24  Эли Мататтын,Матат Лебинин,Леби Мелхинин,Мелхи Жанайдын,Жанай Жусуптун, 25  Жусуп Мататиянын,Мататия Амостун,Амос Накумдун,Накум Эслинин,Эсли Нагайдын, 26  Нагай Мааттын,Маат Мататиянын,Мататия Шемейдин,Шемей Жосектин,Жосек Жоданын, 27  Жода Жаханандын,Жаханан Ресанын,Реса Зоробабылдын,+Зоробабыл Шалтиелдин,+Шалтиел Неринин, 28  Нери Мелхинин,Мелхи Адынын,Ады Косамдын,Косам Элмадамдын,Элмадам Эрдин, 29  Эр Исанын,Иса Элиезердин,Элиезер Жоримдин,Жорим Мататтын,Матат Лебинин, 30  Леби Шымондун,Шымон Жүйүттүн,Жүйүт Жусуптун,Жусуп Жонамдын,Жонам Элиакимдин, 31  Элиаким Мелеянын,Мелея Менанын,Мена Мататанын,Матата Натандын,+Натан Дөөтүнүн,+ 32  Дөөтү Жышайдын,+Жышай Обейттин,+Обейт Бууздун,+Бууз Салмондун,+Салмон Нахшондун,+ 33  Нахшон Аминадаптын,Аминадап Арнинин*,Арни Кесрондун,Кесрон Перестин,+Перес Жүйүттүн,+ 34  Жүйүт Жакыптын,+Жакып Ыскактын,+Ыскак Ыбрайымдын,+Ыбрайым Терахтын,+Терах Нахордун,+ 35  Нахор Серуктун,+Серук Реунун,+Реу Пелектин,+Пелек Эбердин,+Эбер Шелахтын,+ 36  Шелах Кайнандын,Кайнан Арпакшаттын,+Арпакшат Шемдин,+Шем Нухтун,+Нух Лемектин,+ 37  Лемек Матушалдын,+Матушал Энохтун,Энох Жареттин,+Жарет Маалалелдин,+Маалалел Кайнандын,+ 38  Кайнан Эноштун,+Энош Шеттин,+Шет Адамдын,+Адам Кудайдын уулу болгон.

Шилтемелер

Улуу Ироддун уулу Ирод Антипа. Сөздүктү кара.
Чаар жылан.
Сөзмө-сөз: «өкүнүүгө ылайык келген жемиштерди бергиле».
Же: «ашыкча кийими».
Же: «Күч колдонуп бирөөнүн бир нерсесин тартып албагыла».
Б. а. кимдир бирөөнү Кудайдын ыйык руху менен майлайт, ал эми кимдир бирөөнү от менен жок кылат.
Бул жерде «уулу» деген, сыягы, күйөө баласын билдирет.