Лука 5:1—39
5 Бир күнү Иса Генисарет көлүнүн*+ жээгинде Кудайдын сөзүн айтып жатканда, эл айткандарын угуш үчүн улам жакындап, аны кыса баштады.
2 Иса жээкте эки кайык турганын көрдү. Ошол кайыктардан түшкөн балыкчылар торлорун жууп жатышкан эле.+
3 Иса кайыктардын бирине, Симондун кайыгына, түшүп, андан бир аз арыраак сүзүп барышын өтүндү. Анан отуруп, элди окута баштады.
4 Сүйлөп бүткөндөн кийин Симонго: «Терең жерге сүзүп барып, тор салгыла»,— деди.
5 Симон болсо: «Устат, биз түнү бою аракет кылып, эч нерсе кармай алган жокпуз.+ Бирок сен айтып жаткандыктан, салайын»,— деди.
6 Анан алар тор салганда, абдан көп балык түштү. Балыктын көптүгүнөн торлору айрыла баштады.+
7 Ошондо алар белги берип, башка кайыктагы шериктерин жардамга чакырышты. Ошентип, эки кайык тең балыкка толуп, чөгө баштады.
8 Муну көргөндө Симон Петир Исанын алдына чөгөлөп: «Мырзам, жанымдан кетчи, мен күнөөкөр пендемин, жаныңда болгонго татыксызмын»,— деди.
9 Себеби балыктын көптүгүнөн ал да, жанындагылар да аң-таң болуп жаткан эле.
10 Симондун шериктери: Зебедейдин уулдары Жакып менен Жакан+ да таң калып жатты. Бирок Иса Симонго: «Коркпо. Мындан ары сен адам уулоочу болосуң»,— деди.+
11 Алар кайыктарын жээкке чыгарышты да, баарын калтырып, Исанын артынан жөнөштү.+
12 Бир жолу Иса бир шаарда жүргөндө, пес оорусунан бүт денеси жабыркаган бир киши келди. Ал Исаны көргөндө алдына жыгылып: «Мырзам, эгер кааласаң эле мени айыктыра аласың»,— деп жалбарды.+
13 Иса ага колун тийгизип: «Каалайм! Айык»,— деди. Тиги киши ошол замат пес оорусунан айыгып калды.+
14 Иса ага эч кимге эч нерсе айтпашы керектигин буйруп: «Баргын да, дин кызматчыга көрүн. Дин кызматчылар чындап эле айыкканыңды көрүшү үчүн, Муса буйрук кылгандай,+ айыкканың үчүн тартуу алып бар»,— деди.+
15 Бирок Иса жөнүндө кептер барган сайын тарай берди. Анын сөздөрүн угуш үчүн, ооруларынан айыгыш үчүн эл ага агылып келип жатты.+
16 Ошентсе да Иса ээн жерлерге көп барып, Кудайдан тиленип жүрдү.
17 Иса дагы бир күнү элди окутуп жатканда, аны Галилея менен Жүйүт жериндеги бардык айылдардан, Иерусалимден келген фарисейлер* менен Кудайдын мыйзамын окуткандар угуп отурушту. Жахаба Исага элди айыктырганга күч берди.+
18 Ошондо бирөөлөр шал оорулуу бир кишини замбили менен көтөрүп келип, Исага алып киргенге аракет кылышты.+
19 Бирок элдин көптүгүнөн ичкери кире алышкан жок. Ошон үчүн үйдүн үстүнө чыгып, чатырын ачышты да, оорулууну замбили менен так Исанын алдына, элдин арасына түшүрүштү.
20 Алардын ишенимин көрүп, Иса оорулууга: «Күнөөлөрүң кечирилди»,— деди.+
21 Ошондо диний мыйзамдарды окуткандар* менен фарисейлер өзүнчө: «Кудайга акарат кылгыдай бул ким? Күнөөлөрдү Кудайдан башка ким кечире алат?» — дей башташты.+
22 Иса алардын оюн билип: «Эмнеге минтип ойлоп жатасыңар?
23 Бул кишиге: „Күнөөлөрүң кечирилди“,— деп ким да болсо айта алат. Ал эми бирөө жарым: „Ордуңан туруп, бас“,— деп айтса, басабы?
24 Адам Уулунун* жер бетинде күнөөлөрдү кечиргенге бийлиги бар экенин азыр көрөсүңөр»,— деди да, шал оорулууга: «Сага айтам, ордуңан туруп, замбилиңди ал да, үйүңө бар»,— деди.+
25 Ал баарынын көзүнчө ордунан туруп, замбилин алды да, Кудайды алкаган боюнча үйүнө кетти.
26 Ал жердегилердин баары айран-таң калып, Кудайды даңктай башташты. Үрөйлөрү учуп: «Мындай кереметти эч качан көргөн эмеспиз!» — деп жатышты.
27 Андан кийин Иса тышка чыгып, салык чогулта турган жерде отурган Леби деген салык жыйноочуну көрүп, ага: «Менин жолдоочум бол»,— деди.+
28 Ал бардыгын таштап, ордунан турду да, Исанын артынан жөнөдү.
29 Леби Исаны үйүнө чакырып, той өткөрдү. Алар менен бирге дасторкон үстүндө отургандардын арасында салык жыйнагандар көп эле.+
30 Ошондо фарисейлер менен алардын арасынан чыккан диний мыйзамдарды окуткандар Исанын шакирттерине: «Эмнеге силер салык жыйнагандар менен күнөөкөрлөргө кошулуп ичип-жеп отурасыңар?» — деп наалып киришти.+
31 Иса аларга: «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж.+
32 Мен адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү өкүнгүлө деп үндөгөнү келдим»,— деди.+
33 Анан алар Исага: «Жакандын шакирттери бат-баттан орозо кармап, Кудайдан жалынып тиленишет. Фарисейлердин шакирттери да ошентишет. Сенин шакирттериң болсо ичип-жей беришет»,— дешти.+
34 Ал: «Үйлөнө турган жигит досторунун жанында жүргөндө, аларды орозо кармаганга мажбурлай аласыңарбы?
35 Жигит достору менен болбой турган* күндөр келет,+ алар ошондо орозо кармашат»,— деди.+
36 Иса аларга дагы мындай мисал келтирди: «Эч ким жаңы сырт кийимден жамаачы кесип алып, эски кийимге салбайт. Болбосо жаңы жамаачы ажырап түшүп калат. Жаңы кийимден алынган жамаачы эски кийимге ылайык келбейт.+
37 Ошондой эле эч ким жаңы шарапты эски чаначка куйбайт. Болбосо чанач айрылып, шарап төгүлүп калат. Чанач болсо керектен чыгып калат.
38 Жаңы шарапты жаңы чаначка куюш керек.
39 Эски шарап ичкенден кийин эч кимдин жаңы шарап ичкиси келбей калат, ал: „Эскиси жакшы“,— дейт».
Шилтемелер
^ Ыйык Китепте бул Галилея деңизи жана Тиберия деңизи деп да аталат.
^ Же: «досторунан алынып кете турган».