Марк 13:1—37

  • БУЛ ЗАМАНДЫН АЯГЫ (1—37)

    • Согуштар, жер титирөөлөр, ачарчылык (8)

    • Жакшы кабар таратылат (10)

    • Улуу алаамат (19)

    • Булуттардын ичинде келаткан адам Уулун көрүшөт (26)

    • Анжир дарагы жөнүндөгү мисал (28—31)

    • Сергек болгула (32—37)

13  Иса ибадатканадан чыгып баратканда, шакирттеринин бири: «Устат, бул укмуш таштарды, имараттарды карачы!» — деди.+ 2  Ошондо Иса: «Заңгыраган бул имараттарды айтып жатасыңбы? Бул жерде таш үстүндө таш калбайт, баары кыйратылат»,— деди.+ 3  Ал Зайтун тоосуна чыгып, ибадаткана көрүнгүдөй жерде отурганда, Петир, Жакып, Жакан, Андрестер жанына барып: 4  «Айтсаң, бул качан болот? Бул замандын аяктап баратканын кайсы белгиден билсек болот?» — деп сурашты.+ 5  Иса аларга мындай деди: «Сак болгула, силерди бирөө адаштырып кетпесин.+ 6  Көптөр менин атыман келип: „Мен Машаякмын“,— деп далайларды адаштырат. 7  Андан сырткары, ар кайсы жерлерде согуш жүрүп жатканын угасыңар. Ошондо үрөйүңөр учпасын. Булардын баары болушу керек, бирок бул азыркы замандын акыры келгенин билдирбейт.+ 8  Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт,+ жер-жерлерде жер титирөө, ачарчылык болот.+ Булар кыйын мезгилдин* башталганын билдирет.+ 9  Силер болсо сак болгула. Мен үчүн силерди сотко беришет,+ сыйынуу жайларында уруп-сабашат,+ башкаруучулар менен падышалардын алдына алып барышат; бул аларга ишенген нерселериңер жөнүндө айтып беришиңер үчүн болот.+ 10  Ошондой эле баарынан мурда бүт элдерге Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар таратылышы керек.+ 11  Силерди сотко алып баратышканда, эмне айтарыңарды ойлоп алдын ала тынчсызданбагыла. Ошол учурда Кудайдын ыйык руху оюңарга эмнени салса, ошону айткыла. Анткени силер өзүңөр сүйлөбөйсүңөр, силерге сүйлөгөнгө Кудай өзүнүн ыйык руху аркылуу жардам берет.+ 12  Бир тууган бир тууганын, атасы баласын өлүмгө кыят. Балдары ата-энесине каршы чыгып, аларды өлүмгө кыйышат.+ 13  Мен* үчүн баарына жек көрүндү болосуңар.+ Бирок туруктуу болуп, акырына чейин чыдаган+ адам куткарылат.+ 14  Кыйрата турган жийиркеничтүү нерсенин+ турбашы керек болгон жерде турганын көргөнүңөрдө (окуган киши баамдай билсин), Жүйүт жериндегилер тоого качсын.+ 15  Ким үйдүн үстүндө болсо, ал түшүп, бир нерсе алыш үчүн үйүнө кирбесин. 16  Ким талаада болсо, кийимин алыш үчүн кайтып келбесин. 17  Ошол күндөрү кош бойлуу аялдар менен эмчекте баласы барларга кыйын болот!+ 18  Бул кышында болбосун деп тиленгиле. 19  Анткени ошол күндөрдө Кудай дүйнөнү жараткандан тартып ошол убакка чейин болбогон жана кийин да болбой турган алаамат болот.+ 20  Эгерде Жахаба ал күндөрдү кыскартпаса, эч ким куткарыла албайт. Бирок ал ошол күндөрдү өзү тандап алгандар үчүн кыскартат.+ 21  Ошол убакта кимдир бирөө силерге: „Мына, Машаяк бул жерде!“ же „Тигил жерде!“ — десе, ишенбегиле.+ 22  Себеби жалган Машаяктар, жалган пайгамбарлар чыгат.+ Алар, мүмкүн болсо, Кудай тандап алган адамдарды адаштырыш үчүн жышаандарды, кереметтерди көрсөтүшөт. 23  Силер болсо сак болгула.+ Мен силерге бардыгын алдын ала айттым. 24  Ошол күндөрү, ошол алааматтан кийин, күн караңгылап, ай жарыгын бербей калат.+ 25  Асмандан жылдыздар түшүп, асмандагы кубаттуу нерселер солкулдайт. 26  Ошондо булуттардын ичинде зор күч-кубат, даңк менен келаткан+ адам Уулун көрүшөт.+ 27  Анан ал периштелерди жиберип, төгөрөктүн төрт бурчунан, жердин бир учунан асмандын бир учуна чейин өзүнүн тандалгандарын чогултат.+ 28  Мисал катары анжир дарагы жөнүндө ойлонуп көрсөңөр: анын жаш бутактары өсүп чыгып, жалбырактары пайда болгондо, жайдын жакындап калганын билесиңер.+ 29  Ошо сыяктуу эле, булардын болуп жатканын көргөнүңөрдө адам Уулунун жакындап калганын, босогодо турганын билгиле.+ 30  Ишенип койгула, ушулардын баары бул муун өтүп кеткенче аткарылат.+ 31  Асман менен жер* жок болуп кетет,+ бирок менин сөздөрүм жок болбойт.+ 32  Ал күндү же саатты эч ким: асмандагы периштелер да, Кудайдын Уулу да билбейт, Атам гана билет.+ 33  Байкагыла, сергек тургула,+ анткени белгиленген убакыттын качан келерин билбейсиңер.+ 34  Муну буга салыштырса болот: бир киши үйүн кулдарына тапшырып,+ ар бирине жумуш берип, дарбазачыга сергек тур деп буйрук кылып, башка өлкөгө кетет.+ 35  Ошондуктан сергек болгула, анткени үй ээсинин качан келерин билбейсиңер.+ Кечинде* келеби, түн ортосундабы*, короз кыйкырган маалдабы* же таң заардабы*, билбейсиңер.+ 36  Ал капысынан келип калып, уктап жаткан жериңерден таппасын.+ 37  Силерге айткандарымды баарына айтып жатам: сергек болгула».+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «толгоонун».
Сөзмө-сөз: «Менин ысмым».
Бул жерде, сыягы, бул ыймансыз дүйнө жөнүндө, тактап айтканда, анын башкаруучулары менен адамзат коому жөнүндө сөз жүрүп жатат.
Гректер менен римдиктердин түнкү убакты бөлүү тартибине ылайык, бул биринчи күзөттү — күн баткандан кечки саат 9дарга чейинки маалды — билдирчү.
Бул экинчи күзөттү — кечки саат 9дардан түн ортосуна чейинки маалды — билдирчү.
Бул үчүнчү күзөттү — түн ортосунан таңкы саат 3төргө чейинки маалды — билдирчү.
Бул төртүнчү күзөттү — таңкы саат 3төрдөн күн чыкканга чейинки маалды — билдирчү.