Марк 16:1—8

  • Исанын тирилиши (1—8)

16  Дем алыш күн+ өткөндөн кийин, магдалалык Мариям, Жакыптын энеси Мариям+ жана Саломе Исанын денесине сыйпаш үчүн жыпар жыттуу заттарды сатып алышты.+ 2  Анан жуманын биринчи күнү* эртең менен эрте, күн чыкканда, мүрзөгө келишти.+ 3  Алар: «Мүрзөнүн оозундагы ташты ким жылдырып берет?» — деп өз ара сүйлөшүп келатышкан эле. 4  Бирок келип карашса, таш ордунан жылдырылып, мүрзөнүн оозу ачык экен. Таш болсо аябай чоң эле.+ 5  Мүрзөнүн ичине киргенде, оң тарапта узун ак кийим кийген жигиттин отурганын көрүп, аң-таң болуп туруп калышты. 6  Ал болсо аялдарга: «Таң калбагыла.+ Силердин устунга кадалган назареттик Исаны издеп жүргөнүңөрдү билем. Ал тирилди,+ бул жерде жок. Мына анын жаткан жери.+ 7  Баргыла да, анын шакирттери менен Петирге: „Ал Галилеяга силерден мурун барат,+ өзү айткандай, аны ошол жерден көрөсүңөр“,— деп айткыла»,— деди.+ 8  Аялдар мүрзөдөн чыгып, коркконунан калтырап, бир чети, аябай толкунданып, чуркап жөнөштү. Алар коркконунан эч кимге эч нерсе айтышкан жок*.+

Шилтемелер

Бул күн азыркы боюнча жекшемби күн. Жүйүттөр үчүн жуманын биринчи күнү болгон.
Ыйык Китептин алгачкы беделдүү кол жазмаларына ылайык, Марк жазган Инжил 8-аяттагы ушул сөздөр менен аяктайт. А3 тиркемесин кара.