Марк 5:1—43

  • Иса жиндерди чочколорго жиберет (1—20)

  • Жайырдын кызы; аял Исанын сырт кийимине колун тийгизет (21—43)

5  Анан алар деңиздин аркы өйүзүндөгү герасалыктардын жерине барышты.+ 2  Иса кайыктан түшөр замат, мүрзөлөрдүн арасынан ичине жин кирип алган бир киши чыкты. 3  Ал ошол мүрзөлөрдүн арасында жашачу. Ошо кезге чейин аны эч ким эч нерсе менен, атүгүл чынжыр менен да байлап коё алган эмес. 4  Анткени канча жолу кишендеп, чынжырлашса да, чынжырларды үзүп, кишендерди сындырып салчу. Ага эч кимдин күчү жетчү эмес. 5  Ал киши мүрзөлөрдүн арасында, тоолордо күнү-түнү кыйкырып, өзүн өзү таш менен ургулай берчү. 6  Исаны алыстан көргөндө ал чуркап келип, таазим кылды да:+ 7  «Иса, Эң Жогорку Кудайдын Уулу, бул жакка эмнеге келдиң? Мени кыйнабайм деп Кудайды оозанып ант бер»,— деп катуу кыйкырды.+ 8  Анткени Иса: «Жин, бул кишинин ичинен чыгып кет»,— деген эле.+ 9  Иса андан: «Атың ким?» — деп сурады. Ал: «Атым Түмөн*, анткени биз көппүз»,— деп жооп берди. 10  Анан Исадан жиндерди ал аймактан кууп чыкпашын суранып жатты.+ 11  Ошол жердеги тоодо көп чочко+ жайылып жүргөн эле.+ 12  Ошондуктан жиндер Исага: «Бизди чочколорго жиберчи, ошолордун ичине кирели»,— деп жалынышты. 13  Иса уруксат бергенде, жиндер тиги кишиден чыгып, чочколордун ичине киришти. Ошондо 2 000дей чочконун баары жардан деңизге секирип, чөгүп өлдү. 14  Чочко кайтаргандар болсо качып жөнөштү. Алар шаарга, анын тегерек-четине барып, болгон окуяны айтып беришти. Муну уккандар эмне болгонун көргөнү жөнөштү.+ 15  Алар Исага келип, ичинде түмөн жини бар баягы кишинин акыл-эсине келип, кийим кийип отурганын көргөндө үрөйлөрү учту. 16  Ошол окуяга күбө болгондор жин оорулуунун, чочколордун эмне болгонун айтып беришти. 17  Ошондо эл Исадан өздөрүнүн жеринен кетишин сурана баштады.+ 18  Иса кайыкка түшкөндө, жин оорусунан айыккан киши андан өзү менен ала кетишин өтүндү.+ 19  Бирок Иса макул болбой: «Үйүңө, туугандарыңа барып, Жахабанын сага кылган нерселеринин баарын, анын кылган кайрымдуулугун айтып бер»,— деди. 20  Ошондо тиги киши барып, Исанын ага эмнелерди кылганын Декаполис* аймагында жарыялай баштады. Аны уккандардын баары таң калып жатты. 21  Иса кайык менен берки өйүзгө кайтып келгенде, жанына көп эл чогулду. Ал деңиздин жээгинде турганда,+ 22  Жайыр деген киши келди. Ал сыйынуу жайынын башчысы эле. Исаны көргөндө Жайыр анын бут алдына жыгылып:+ 23  «Кызым катуу ооруп жатат*. Барып, үстүнө колуңду койчу,+ айыгып, аман калсынчы»,— деп кайра-кайра жалбарды. 24  Иса аны менен жөнөдү. Артынан ээрчиген көп эл аны кысып баратты. 25  Алардын арасында 12 жылдан бери кан агуудан+ кыйналып жүргөн бир аял бар эле.+ 26  Ал улам бир дарыгерге көрүнүп, алардын айынан көп азап тарткан, колундагы бүт каражатын түгөтүп бүткөн. Ошентсе да эч жылыш болбой, абалы начарлагандан начарлай берген. 27  Иса жөнүндө уккан ал аял көпчүлүктү аралап өтүп, анын артынан келди да, сырт кийимине колун тийгизди.+ 28  Анткени: «Сырт кийимине эле колумду тийгизсем, айыгып калам»,— деп ойлоп келаткан эле.+ 29  Ошол замат кан акканы токтоп, азаптуу оорусунан айыкканын сезди. 30  Иса өзүнөн күч+ чыкканын дароо сезип, элге бурулду да: «Сырт кийимиме ким колун тийгизди?» — деп сурады.+ 31  Шакирттери ага: «Элдин кысып келатканын көрүп туруп: „Мага ким колун тийгизди?“ — дегениң кандай?» — дешти. 32  Бирок Иса ким колун тийгизгенин көрүш үчүн тегерегин карады. 33  Өзүнүн айыкканын сезген аял коркконунан калтырап-титиреп, Исанын алдына келип чөгөлөдү да, болгонун болгондой айтып берди. 34  Иса ага: «Кызым, сени ишенимиң айыктырды. Эч тынчсызданба, бара бер.+ Дениң сак болсун, эми мындай азаптуу оору менен эч качан ооруба»,— деди.+ 35  Ал сүйлөп жатканда, сыйынуу жайынын башчысынын үйүнөн кишилер келип: «Кызың өлүп калды. Эми Устатты убара кылбай эле кой»,— дешти.+ 36  Муну укканда Иса сыйынуу жайынын башчысына: «Коркпо. Болгону эле, ишен»,— деди.+ 37  Анан жанына Петирди, Жакыпты, анын бир тууганы Жаканды гана алып, андан ары жөнөдү.+ 38  Алар сыйынуу жайынын башчысынын үйүнө барганда, Иса ал жердегилердин чуру-чуу түшүп, боздоп ыйлап жатканын көрдү.+ 39  Анан ичкери кирип: «Эмнеге чуру-чуу түшүп, ыйлап жатасыңар? Кыз өлгөн жок, уктап жатат»,— деди.+ 40  Муну укканда алар аны шылдыңдап күлө башташты. Иса баарын тышка чыгарып, кыздын ата-энесин, өзү менен келген шакирттерин ээрчитип, кыз жаткан бөлмөгө кирди. 41  Анан кызды колунан алып: «Талита куми»,— деди. Бул сөздөр: «Кыз, сага айтып жатам, тур!» — дегенди билдирет.+ 42  Кыз ошол замат туруп, баса баштады. (Ал 12 жашта эле.) Муну көрүп, алар төбөсү көккө жете кубанышты. 43  Иса аларга бул тууралуу эч кимге айтпашы керектигин кайра-кайра буйруду,+ анан кызга тамак бергиле деп айтты.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Легион». Легион деп байыркы Римдеги чоң аскер бөлүгү аталган. Бул жердеги «легион» деген сөз чоң санды билдирет.
Же: «он шаар».
Же: «өлүм алдында жатат».