Марк 7:1—37
7 Иерусалимден келген фарисейлер менен диний мыйзамдарды окуткандардын айрымдары Исанын жанына чогулушту.+
2 Алар анын кээ бир шакирттеринин колдорун жуубай, башкача айтканда, тазалануу расмисин кылбай эле тамак жеп жатканын көрүштү.
3 (Анткени фарисейлер, дегеле жүйүттөрдүн баары ата-бабаларынын салтына бекем карманып, колдорун чыканакка чейин жуумайынча тамак жешпейт.
4 Базардан келгенде да жуунмайынча тамак жешпейт. Алар башка көптөгөн салттарга, мисалы, чөйчөктөрдү, кумараларды, жез идиштерди сууга малуу сыяктуу салттарга да бекем карманышат.)+
5 Ошондуктан ошол фарисейлер менен диний мыйзамдарды окуткандар Исадан: «Эмнеге шакирттериң ата-бабаларыбыздын салтын бузуп, тазалануу расмисин кылбай эле, арам колу менен тамак жей беришет?» — деп сурашты.+
6 Ал: «Эки жүздүүлөр, Ышая пайгамбар силер жөнүндө: „Бул эл мени оозу менен эле урматтайт, жүрөктөрү болсо менден алыс.+
7 Алар мага куру бекер сыйынып жатышат, анткени адамдардын осуяттарын Кудайдыкындай кылып үйрөтүшөт“,— деп туура айткан.+
8 Силер Кудайдын осуятын четке кагасыңар да, адамдар чыгарган салттарга бекем карманасыңар»,+— деди.
9 Анан Иса: «Силер өзүңөрдүн салтыңарды сакташ үчүн, Кудайдын осуятын четке какканга машсыңар.+
10 Мисалы, Муса пайгамбар: „Ата-энеңерди сыйлагыла“;+ „Атасына же энесине тил тийгизген адам өлүм жазасына тартылсын“,— деп айткан.+
11 Силер болсо: „Ким атасына же энесине: “Сизге жардам бере албайм, анткени өзүмдө болгон нерсени Кудайга тартуу* катары арнап койгом”,— деп айтса, мунун жаман деле жери жок“,— дейсиңер.
12 Муну менен анын атасына же энесине кандайдыр бир жардам көрсөтүшүнө тоскоолдук кылып жатпайсыңарбы.+
13 Ошентип, силер муундан муунга өтүп келаткан салттарыңарга карманып, Кудайдын сөзүнүн баркын кетирип жатасыңар.+ Ушу сыяктуу дагы көп нерселерди кыласыңар»,— деди.+
14 Анан кайрадан элди чакырып: «Баарыңар сөздөрүмдү уккула да, маанисин түшүнгүлө.+
15 Адамды ичине кирген бир да нерсе арам кылбайт, ичинен чыккан нерсе арам кылат»,— деди.+
16 *——
17 Иса элдин жанынан кетип, үйгө киргенде, шакирттери андан айткан мисалынын маанисин сурай башташты.+
18 Ал: «Силер да тигилерге окшоп түшүнбөй жатасыңарбы? Адамды ичине кирген бир да нерсе арам кылбай турганын билбейсиңерби?
19 Анткени ичке кирген нерсе жүрөккө эмес, ашказанга барып, анан тышка чыгат»,— деп айтты. Ошентип, тамактын баары таза экенин көрсөттү.
20 Анан: «Адамды ичинен чыккан нерсе арам кылат.+
21 Себеби ичтен — адамдын жүрөгүнөн+ — жаман ойлор чыгат. Андай ойлор болсо жыныстык адеп-ахлаксыздыкка*, уурулукка, киши өлтүргөнгө,
22 ойноштукка, ач көздүккө, жаман иштерге, алдамчылыкка, уятсыз жүрүм-турумга*, көрө албастыкка, акарат кылганга, бой көтөргөнгө, акылсыздыкка алып барат.
23 Ушул жаман нерселердин баары адамдын ичинен чыгат да, аны арам кылат»,— деди.
24 Иса ал жактан чыгып, Тир жана Сидон+ аймактарына барып, бир үйгө кирди. Ал өзүнүн келгенин эч кимдин билишин каалаган жок, бирок баары бир билинип калды.
25 Кичинекей кызынын ичине жин кирип алган бир аял Иса жөнүндө угары менен ага келип, бутуна жыгылды.+
26 Сириядагы Финикияда жашаган* ал грек аял Исадан кызынын ичиндеги жинди кууп чыгарышын өтүнө баштады.
27 Бирок Иса: «Адегенде балдар тойсун. Себеби балдардан нанды алып, күчүктөргө берген туура болбой калат»,— деп айтты.+
28 Буга аял: «Туура, мырзам. Бирок күчүктөр деле үстөлдүн астына кичинекей балдар түшүргөн күкүмдөрдү жейт эмеспи»,— деди.
29 Ошондо Иса: «Жакшы айттың, бара бер; жин кызыңдын ичинен чыгып кетти»,— деп айтты.+
30 Ал үйүнө барса, кызы төшөктө жатыптыр, ичиндеги жин болсо чыгып кетиптир.+
31 Тир аймагынан кайтып келатып Иса Сидонду аралап өтүп, Декаполис аймагы аркылуу Галилея деңизине келди.+
32 Ал жерден* ага жакшы сүйлөй албаган бир дүлөй кишини+ алып келип, үстүнө колун коюшун суранышты.
33 Иса аны элден четке алып чыгып, манжаларын анын кулактарына киргизди да, түкүргөндөн кийин колун тилине тийгизди.+
34 Андан кийин асманды карап, терең дем алды да: «Эфата»,— деди. Бул сөз «ачыл» дегенди билдирет.
35 Ошондо тиги кишинин кулагы ачылып,+ тили чечилип, так сүйлөй баштады.
36 Иса ал жердегилерге бул тууралуу эч кимге айтпагыла деп буйруду.+ Бирок ал канчалык көп тыюу салса, алар ошончолук көп айта беришти.+
37 Бардыгы айран-таң калып:+ «Анын кылган иштеринин баары жакшы экен. Атүгүл дүлөйлөрдүн кулагын ачып, дудуктарды сүйлөтүп жатат»,+— деп жатышты.
Шилтемелер
^ Грекче корбан.
^ Бул аят Ыйык Китептин айрым котормолорунда бар болсо да, грек тилиндеги байыркы негизги кол жазмаларда кездешпейт. А3 тиркемесин кара.
^ Же: «төрөлгөн».
^ Б. а. Иса Декаполисте жүргөндө.