Марк 8:1—38

  • Иса 4 000дей кишини айыктырат (1—9)

  • Жышаан көрсөт деп талап кылышат (10—13)

  • Фарисейлер менен Ироддун ачыткысы (14—21)

  • Бетсаидада Иса сокур кишини айыктырат (22—26)

  • Петир Исанын Машаяк экенин айтат (27—30)

  • Иса өзүнүн өлтүрүлөрүн алдын ала айтат (31—33)

  • Чыныгы шакирттерден күтүлгөн нерсе (34—38)

8  Ошол күндөрү Исанын жанына дагы көп эл чогулду. Алардын жегенге эч нерсеси жок болгондуктан, Иса шакирттерин чакырып: 2  «Элге боорум ооруп жатат,+ себеби үч күндөн бери жанымда жүрүшөт, жегенге да эч нерсеси жок.+ 3  Үйлөрүнө ачка коё берсем, жолдо алсырап калышат, кээ бирлери алыстан келген»,— деди. 4  Бирок шакирттери: «Ушундай ээн жерде бул элдин баарын тойгузганга кайдан нан табылмак эле?» — дешти. 5  Иса: «Канча наныңар бар?» — деп сурады. Алар: «Жети»,— дешти.+ 6  Ошондо ал жанындагы элдин баарына жерге отурушу керектигин айтты да, жети нанды алып, Кудайга ыраазычылык билдирди. Анан нандарды сындырып, таратыш үчүн шакирттерине бере баштады, алар болсо элге таратышты.+ 7  Аларда бир нече кичинекей балык да бар болчу. Кудайга ыраазычылык билдиргенден кийин Иса балыктарды да таратып берүүнү буйруду. 8  Бардыгы тоё жеди. Жегенден калганын чогултканда, 7 чоң себет толду.+ 9  Ал жерде болсо 4 000дей эркек киши бар эле. Анан Иса элди таратты. 10  Элди таратары менен ал шакирттери менен кайыкка түшүп, Далманута жергесине барды.+ 11  Ал жактан фарисейлер келип, аны менен талашып-тартыша башташты. Алар аны сынаш үчүн асмандан жышаан көрсөтүшүн талап кылышты.+ 12  Ал үшкүрүнүп: «Эмнеге бул муун жышаан көрсөт деп талап кыла берет?+ Айтып коёюн, бул муунга эч кандай жышаан көрсөтүлбөйт»,— деди.+ 13  Анан ал жерден кетип, кайрадан кайыкка түштү да, аркы өйүзгө жөнөдү. 14  Шакирттери нан алабыз деп унутуп коюшкан болчу. Кайыкта алардын бир нандан башка жегенге эчтекеси жок эле.+ 15  Иса аларга: «Байкагыла! Фарисейлер менен Ироддун ачыткысынан сак болгула»,— деп айкын-так эскертти.+ 16  Ошондо шакирттери нан албай калышканы үчүн өз ара кыжылдаша башташты. 17  Муну байкап, Иса: «Эмнеге нан албай калганыңар үчүн кыжылдашып жатасыңар? Айткан сөзүмдүн маанисин дагы эле түшүнө элексиңерби? Дагы деле баамдай элексиңерби? Жүрөгүңөр дагы деле ачыла элекпи? 18  „Көзүңөр болсо да, көрбөй, кулагыңар болсо да, укпай жатасыңарбы?“ Эсиңерден чыгып кеттиби, 19  беш нанды+ 5 000 кишиге бөлүп бергенимде, артып калганын чогултканда, канча себет толду эле?» — деди. Алар: «Он эки»,— дешти.+ 20  Иса: «Ал эми жети нанды 4 000 кишиге бөлүп бергенимде, артып калганын чогултканда, канча чоң себет толду эле?» — деп сурады. Алар: «Жети»,+— деп жооп беришти. 21  Ошондо ал: «Анан дагы эле түшүнбөй жатасыңарбы?» — деди. 22  Алар Бетсаидага келгенде, ал жердегилер Исага бир сокур кишини алып келип, ага колун тийгизишин өтүнүштү.+ 23  Иса аны жетелеп, айылдан алып чыкты. Анан көзүнө түкүрүп,+ үстүнө колдорун койду да: «Бир нерсе көрүп жатасыңбы?» — деп сурады. 24  Тиги киши алды жакты карап: «Адамдарды көрүп жатам, алар дарактарга окшош экен, бирок басып жүрүшөт»,— деди. 25  Иса кайрадан колдорун анын көздөрүнө койгондо, ал айыгып, баарын даана көрүп калды. 26  Анан Иса аны үйүнө жөнөтүп жатып: «Айылга кирбе»,— деп айтты. 27  Андан кийин Иса шакирттери менен Филип Кесариясындагы айыл-кыштактарга жөнөдү. Жолдо баратып алардан: «Эл мени ким деп ойлойт?» — деп сурады.+ 28  Алар: «Айрымдар Чөмүлдүрүүчү Жакан,+ башкалары Илияс,+ дагы бирөөлөрү пайгамбарлардын бири деп айтып жүрүшөт»,— дешти. 29  Ошондо Иса: «Силерчи? Силер мени ким деп эсептейсиңер?» — деп сурады. Петир: «Сен Машаяксың»,— деп жооп берди.+ 30  Иса аларга анын ким экенин эч кимге айтпашы керектигин катуу эскертти.+ 31  Анан адам Уулунун көп азап чегиши керектигин, аны аксакалдар, жогорку дин кызматчылар менен диний мыйзамдарды окуткандар четке кагарын, андан соң ал өлтүрүлүп,+ үч күндөн кийин тирилерин айта баштады*.+ 32  Бул тууралуу Иса аларга ачык айтты. Ошондо Петир аны четке алып чыгып, каршы боло баштады.+ 33  Иса болсо бурулуп, шакирттерин карады да, Петирге: «Кет жанымдан*, Шайтан! Анткени сен Кудайга эмес, адамдарга жаккандай ой жүгүртүп жатасың*»,— деп катуу айтты.+ 34  Анан элди жана шакирттерин чакырып: «Ким менин жолдоочум болгусу келсе, өзүнөн баш тартып, жаза устунун* көтөрүп, дайыма менин жолумду жолдосун.+ 35  Анткени ким жанын сактап калгысы келсе, андан айрылат, ал эми ким мен үчүн жана Кудайдын жакшы кабары үчүн жанынан айрылса, аны сактап калат*.+ 36  Чынында, адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок жанынан айрылса, анда ага эмне пайда?+ 37  Адам өз жаны үчүн эмне бере алат?+ 38  Кудайдан баш тартып кеткен* бул күнөөкөр муундун алдында ким менин шакиртим болгонуна, сөздөрүмө ишенгенине уялса,+ адам Уулу да ыйык периштелердин коштоосунда Атасынын даңкы менен келгенде аны шакирти катары кабыл алгандан уялат»,— деди.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «окута баштады».
Же: «сенин оюң Кудайдыкындай эмес, адамдыкындай».
Сөзмө-сөз: «Артыма тур».
Мындай устун кимдир бирөөнү жазага тартыш үчүн колдонулчу. Бирок бул жерде, сыягы, Исанын жолдоочулары кабыла турган кыйынчылыктарга, сыноолорго карата айтылган. Сөздүктү кара.
Же: «кайра жашайт».
Сөзмө-сөз: «Ойноштук кылган».