Марк 9:1—50

  • Исанын көрүнүшү өзгөрөт (1—13)

  • Ичине жин кирип алган бала айыгат (14—29)

    • Ишенген адам үчүн ишке ашпас эч нерсе жок (23)

  • Иса өлтүрүлөрүн дагы айтат (30—32)

  • Шакирттер кимиси чоң экени тууралуу талашат (33—37)

  • «Ким бизге каршы болбосо, ал биз тарапта» (38—41)

  • Ишенимдин алсырашына себеп болгон нерселер (42—48)

  • «Туз сыяктуу болгула» (49, 50)

9  Иса андан ары сөзүн улап: «Ишенип койгула, бул жерде тургандардын айрымдары Кудайдын Падышалыгы башкарып жатканын көрмөйүнчө өлүшпөйт»,— деди.+ 2  Алты күн өткөндөн кийин, Иса Петирди, Жакыпты, Жаканды ээрчитип, бийик тоого чыкты. Анан алардын көз алдында анын көрүнүшү өзгөрдү.+ 3  Анын сырт кийими көз уялта жаркырап, аппак болуп калды. Жер бетиндеги кийим тазалаган бир да киши аны анчалык агарта алмак эмес. 4  Анан аларга Илияс менен Муса көрүндү. Ал экөө Иса менен сүйлөшүп жатышты. 5  Ошондо Петир Исага: «Устат*, бул жер бизге аябай жакты. Ушул жерге үч алачык жасайлы: бири сага, бири Мусага, бири Илияска болсун»,— деди. 6  Петир муну эмне дешти билбей калгандыктан айтты, анткени алар аябай коркуп кетишкен эле. 7  Бир убакта булут пайда болуп, аларды каптап калды.+ Анан булут ичинен: «Бул — менин сүйүктүү Уулум.+ Уулумду уккула»,+— деген үн угулду. 8  Ошондо шакирттер эки жагын карап, Исадан башка эч ким жок экенин көрүштү. 9  Тоодон түшүп келатышканда, Иса аларга, адам Уулу өлүп, кайра тирилгенге чейин,+ көргөндөрү тууралуу эч кимге айтпашы керектигин катуу эскертти.+ 10  Шакирттер ал айткандай кылышты*, бирок анын тирилери жөнүндө айткандарынын маанисин өз ара талкуулап сүйлөшүштү. 11  Анан Исадан: «Диний мыйзамдарды окуткандар эмнеге: „Адегенде Илияс келиши керек“,+— деп айтышат?» — деп сурашты.+ 12  Ал: «Туура, адегенде Илияс келип, бардык нерсени калыбына келтирет.+ Анда мунун адам Уулу жөнүндө жазылгандарга, анын көп азап чегип,+ кемсинтилиши керектиги жөнүндө айтылгандарга кандай байланышы бар?+ 13  Силерге айтып коёюн, алдын ала жазылгандай, Илияс келген,+ бирок алар ага өздөрү каалагандай мамиле кылышты»,— деди.+ 14  Алар калган шакирттерге кайтып келип, алардын тегерегине көп эл чогулганын, диний мыйзамдарды окуткандардын шакирттер менен талашып-тартышып жатканын көрүштү.+ 15  Бүт эл Исаны көрдү да, таң калып*, аны менен учурашыш үчүн жанына чуркап барышты. 16  Иса алардан: «Тигилер менен эмне тууралуу талашып жатасыңар?» — деп сурады. 17  Элдин арасынан бирөө: «Устат, мен сага баламды алып келген элем. Анткени анын ичине кишини дудук кыла турган жин кирип алган.+ 18  Жин аны кайсы жерден кыйнабасын, жерге көтөрүп чабат. Баламдын оозунан көбүк чыгып, тишин кычыратып, алсырап жатып калат. Шакирттериңден сурансам, жинди кууп чыгара албай коюшту»,— деп жооп берди. 19  Ошондо Иса: «Оо, ишеними жок муун,+ качанга чейин силер менен болушум керек? Силерге дагы канча чыдашым керек? Баланы мага алып келгиле»,— деди.+ 20  Аны алып келишкенде, жин Исаны көрөрү менен баланы карыштырып, калтырата баштады. Ошондо бала жерге кулап, оозунан көбүк чыгып, ооналактап жатып калды. 21  Иса анын атасынан: «Качантан бери ушинтет?» — деп сурады. Атасы: «Бала чагынан бери. 22  Жин баламды өлтүрүш үчүн далай жолу отко да, сууга да таштады. Эгер колуңан келсе, боор ооруп, бизге жардам бере көр»,— деди. 23  Иса ага: «„Эгер колуңан келсе“,— дейсиңби? Ишенген адам үчүн ишке ашпас эч нерсе жок»,— деп айтты.+ 24  Баланын атасы ошол замат үнүн бийик чыгарып: «Ишенем! Ишенимимди дагы бекемдей көр!» — деп жиберди.+ 25  Иса алардын жанына элдин шаша-буша чогулуп жатканын көргөндө жинге: «Кишини дудук да, дүлөй да кылган жин, сага буйрук кылам, баланын ичинен чыгып кет да, экинчи кирбе!» — деп тыюу салды.+ 26  Ал кыйкырып, баланы катуу карыштырып-калтыратты да, чыгып кетти. Бала өлүктөй болуп жатып калгандыктан, элдин көбү: «Өлүп калды!» — деп жатышты. 27  Бирок Иса аны колунан тартып, өйдө тургузду. Ал ордунан турду. 28  Анан Иса үйгө киргенде, эч ким жокто шакирттери андан: «Эмне үчүн биз жанагы жинди кууп чыгара албай койдук?» — деп сурашты.+ 29  Ал: «Андай жиндерди Кудайдан жардам сурап тиленмейинче кууп чыгара албайсың»,— деп жооп берди. 30  Ал жерден чыгып, алар Галилеяны аралап жөнөштү. Иса бул жөнүндө кимдир бирөөнүн билишин каалаган жок. 31  Анткени шакирттерин окутуп жаткан эле. Ал аларга: «Адам Уулуна чыккынчылык кылып, душмандарынын колуна салып беришет. Алар аны өлтүрүшөт.+ Бирок ал өлсө да, үчүнчү күнү* кайра тирилет»,+— деп айтты. 32  Шакирттер болсо Исанын айткандарын түшүнүшкөн жок, бирок суроо бергенден коркушту. 33  Иса менен шакирттери Капернаумга келип, үйгө киришти. Иса алардан: «Жолдо эмне тууралуу талаштыңар?» — деп сурады.+ 34  Алар унчугушкан жок, себеби жолдо кимиси улук экени тууралуу талашып келишкен эле. 35  Ошондо ал отуруп, жанына 12 шакиртин чакырды да: «Ким биринчи болгусу келсе, ал баарынын акыркысы жана баарынын кызматчысы болушу керек»,— деди.+ 36  Анан бир кичинекей баланы ортого тургузду да, аны кучактап, шакирттерине: 37  «Ким ушул баладай+ болгондорду мен үчүн* кабыл алса, ал мени да кабыл алган болот. Ал эми ким мени кабыл алса, ал мени эле эмес, мени жибергенди да кабыл алган болот»,— деп айтты.+ 38  Жакан ага: «Устат, биз сенин атыңды айтып жиндерди кууп чыгарып жүргөн бир кишини көрдүк. Биз менен чогуу жүрбөгөндүктөн, аны тыйганга аракет кылдык»,— деди.+ 39  Иса мындай деди: «Аны жөн койгула, тоскоолдук кылбагыла, анткени ким менин атыман кереметтерди жасаса, ал ошол эле замат мени жамандап кирбейт. 40  Себеби ким бизге каршы болбосо, ал биз тарапта.+ 41  Ким силерге Машаяктын шакирттери болгонуңар үчүн бир чыны суу берсе,+ силерге айтып коёюн, ал сыйлыксыз калбайт.+ 42  Ал эми ким мага ишенген, кичинекей баладай болгон ушул кишилердин биринин ишениминин солгундашына себепкер болсо*, анын мойнуна эшек айланткан тегирмен ташын байлап, деңизге ыргытып жиберишсе, ага жакшыраак болот.+ 43  Эгерде сени колуң күнөөгө түртсө, аны кесип сал. Эки колуң менен гээнага*, өчпөс отко, ташталгандан көрө, мунжу болуп аман калганың жакшы.+ 44 *⁠—— 45  Эгерде бутуң күнөөгө түртсө, аны кесип сал. Эки бутуң менен гээнага ташталгандан көрө, чолок болуп аман калганың жакшы.+ 46 *⁠—— 47  Ошондой эле көзүң күнөөгө түртсө, аны оюп сал.+ Эки көзүң менен гээнага ташталгандан көрө, бир көзүңдөн айрылып, Кудайдын Падышалыгынын баталарын алганың* жакшы.+ 48  Гээнада курттар да өлбөйт, от да өчпөйт.+ 49  Анткени ар бири* от менен туздалышы керек*.+ 50  Туз — жакшы нерсе, бирок ал күчүн жоготсо, даамын кантип калыбына келтиресиң?+ Андыктан күчүн жоготпогон туз сыяктуу болгула,+ ошондо бири-бириңер менен тынчтыкта болосуңар».+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Рабби».
Же балким: «Алар бул жөнүндө эч кимге айтышкан жок».
Сыягы, анын капысынан келип калганына таң калышкан.
Сөзмө-сөз: «үч күндөн кийин».
Же: «ысмым үчүн».
Бул аят Ыйык Китептин айрым котормолорунда бар болсо да, грек тилиндеги байыркы негизги кол жазмаларда кездешпейт. А3 тиркемесин кара.
Бул аят Ыйык Китептин айрым котормолорунда бар болсо да, грек тилиндеги байыркы негизги кол жазмаларда кездешпейт. А3 тиркемесин кара.
Сөзмө-сөз: «Кудайдын Падышалыгына киргениң».
Тактап айтканда, гээнага ташталгандар.
Каймана маанидеги бул сөздөр 47-аятта айтылган гээнада жок болууну билдирет.