Матай 11:1—30
11 Он эки шакиртине көрсөтмө бергенден кийин Иса кабар айтып, элди окутуш үчүн ал жерден башка шаарларга жөнөп кетти.+
2 Түрмөдө отурган+ Жакан Машаяктын кылган иштери жөнүндө укканда өзүнүн шакирттерин жиберип:+
3 «Келе турган Машаяк сенсиңби* же башка бирөөнү күтүшүбүз керекпи?»+ — деп суратты.
4 Иса аларга: «Баргыла да, Жаканга уккан-көргөнүңөрдү айтып бергиле:+
5 сокурлар көрүп,+ аксактар басып, пес оорулуулар+ айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр тирилип, жакырларга жакшы кабар* жарыяланып жатат.+
6 Менден шектенбеген* адам бактылуу»,— деди.+
7 Алар кеткен соң, Иса элге Жакан жөнүндө мындай деди: «Чөлдүү аймакка эмнени көрүш үчүн бардыңар эле?+ Шамалга ыргалган камыштыбы?+
8 Ал жакка эмнени көргөнү бардыңар эле? Кымбат кездемеден кийим кийген адамдыбы? Андай кийим кийгендер падыша сарайларында отурушат эмеспи.
9 Анда эмнеге бардыңар эле? Пайгамбарды көргөнүбү? Силерге айтып коёюн, ал — пайгамбар, керек болсо, пайгамбардан алда канча улук.+
10 „Мына, мен сенден мурун кабарчымды* жөнөтүп жатам, ал сага жол даярдайт!“ — деп ошол тууралуу жазылган.+
11 Силерге айтып коёюн, аялзатынан төрөлгөндөрдүн арасынан Чөмүлдүрүүчү Жакандан улук эч ким чыккан эмес, бирок асман Падышалыгындагылардын кичинеси андан улук.+
12 Чөмүлдүрүүчү Жакандын күндөрүнөн азыркыга чейин адамдар асман Падышалыгында болгонго бүт күчү менен умтулуп келатышат, багынбагандар ошол максатына жетип жатат.+
13 Анткени Жакандын убагына чейин пайгамбарлардын жазгандарында да, Мусанын Мыйзамында да — баарында келечекте эмнелер болору алдын ала айтылган.+
14 Эгер кабыл алгыңар келсе, „келиши керек болгон Илияс“ — ошол.+
15 Кулагы бар адам уксун.
16 Бул муунду кимге салыштырайын?+ Бул муун базар аянтында отурган жаш балдарга окшош. Алар чогуу ойноп жаткан досторуна кыйкырып:
17 „Биз силерге чоор тартып бердик, бирок силер бийлеген жоксуңар. Биз кошок кошуп боздодук, бирок силер кайгырып төшүңөрдү ургулаган жоксуңар“,— дешет.
18 Анын сыңарындай, Жакан келди: ал жебейт, ичпейт. Муну көргөн эл: „Анын ичинде жин бар“,— деп айтып жатат.
19 Ошондой эле адам Уулу келди: ал жейт, ичет.+ Бирок эл баары бир деле: „Ал — сугалак, шарапты жакшы көргөн киши, салык жыйнагандар менен күнөөкөрлөрдүн досу“,— деп айтып жатат.+ Кандай дешпесин, адамдын акылдуу экени адил иштеринен көрүнөт*».+
20 Андан соң Иса, кереметтеринин көбүн кайсы шаарларда жасаса, ошол шаарларды өкүнбөгөнү үчүн мындай деп айыптай баштады:
21 «Хоразин, башыңа каран түн түшөт! Бетсаида, сенин да башыңа каран түн түшөт! Анткени силерде жасалган кереметтер Тир менен Сидондо жасалган болсо, алар эчак эле таар* жамынып, күлгө отуруп өкүнүшмөк.+
22 Ошондуктан, силерге айтып коёюн, Сот күнү силердин жазаңарга караганда Тир менен Сидондун жазасы жеңилирээк болот.+
23 Ал эми сен, Капернаум,+ асманга көтөрүлгүң барбы? Жок, сен көргө* түшөсүң!+ Анткени сенде жасалган кереметтер Содомдо жасалган болсо, ал ушул күнгө чейин кыйрабай турмак.
24 Ошондуктан, сага айтып коёюн, Сот күнү сенин жазаңа караганда Содомдун жазасы жеңилирээк болот».+
25 Кийинчерээк Иса: «Ата, асман-жердин Жаратканы, сени эл алдында даңктайм, себеби буларды даанышмандар менен акылдуулардан жашырып, балдардай болгон момун адамдарга ачып бердиң.+
26 Ооба, Ата, сенин эркиң ушундай болчу»,— деди.
27 Анан: «Атам мага бардыгын берген.+ Уулун Атасынан башка эч ким жакшы билбейт,+ ошондой эле Атасын Уулунан жана Уулу кимдерге ачып бергиси келсе, ошолордон башка эч ким жакшы билбейт.+
28 Катуу мээнеттенгендер*, оор жүк артылгандар, баарыңар мага келгиле. Мен жаныңарды сергитем.
29 Менин моюнтуругумду кийип, менден үйрөнгүлө*, анткени мүнөзүм жумшак, момунмун.+ Ошондо жаныңар сергийт.
30 Себеби менин моюнтуругум ыңгайлуу, жүгүм жеңил»,— деди.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «Келаткан сенсиңби?»
^ Же: «Менин айыман мүдүрүлбөгөн».
^ Же: «периштемди».
^ Же: «акылмандык иштери менен акталат».
^ Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда жана башка ушу сыяктуу учурларда кийишчү же колдонушчу.
^ Же: «Кара жанын карч уруп иштегендер». Же балким: «Чарчап-чаалыккандар».
^ Же: «шакиртим болгула».