Матай 14:1—36

  • Чөмүлдүрүүчү Жакандын башы алынат (1—12)

  • Иса 5 000 кишини тойгузат (13—21)

  • Иса деңиздин үстү менен басат (22—33)

  • Генисарет жеринде оорулууларды айыктырат (34—36)

14  Ошол убакта Галилея аймагын башкарган Ирод Иса жөнүндө угуп,+ 2  кол алдындагы кызматчыларына: «Ал — Чөмүлдүрүүчү Жакан. Тирилген турбайбы, ошон үчүн ушундай кереметтерди жасап жатат»,— деди.+ 3  Ирод Жаканды карматкандан кийин чынжыр менен байлатып, түрмөгө отургузуп койгон болчу. Муну ал агасы Филиптин аялы Иродия үчүн кылган эле.+ 4  Себеби Жакан Иродго: «Аны алганың Мусанын Мыйзамына каршы келет»,+— деп бир канча жолу айткан болчу. 5  Ирод аны өлтүргүсү келсе да, элден коркчу, анткени эл Жаканды пайгамбар деп эсептечү.+ 6  Бир жолу Ирод туулган күнүн+ белгилеп жатканда, Иродиянын кызы конокторго бийлеп берди. Анын бийлегени Иродго аябай жакты.+ 7  Ошондуктан ал кызга, эмне сурабасын, баарын орундатарын айтып ант берди. 8  Ошондо кыз энесинин тилине кирип: «Мага Чөмүлдүрүүчү Жакандын башын табакка салып алып келишсин»,— деди.+ 9  Буга падыша капа болду. Бирок конокторунун алдында ант берип койгондуктан кыздын сураганын орундатканга буйрук берди. 10  Ошентип, Жакандын башын алдырыш үчүн түрмөгө киши жиберди. 11  Анан табакка салынган башты кызга алып келишти, кыз болсо энесине берди. 12  Кийинчерээк Жакандын шакирттери келип, анын сөөгүн алып кетишти да, койгондон кийин Исага барып, баарын айтып беришти. 13  Бул тууралуу укканда Иса жалгыз болуш үчүн кайыкка түшүп, ээн жакка кетти. Бирок муну уккандар өз шаарларынан чыгып, анын артынан жөө жөнөштү.+ 14  Жээкке чыкканда Иса көп элди көрдү. Аларга боору ооруп,+ оорулууларын айыктырды.+ 15  Кеч киргенде, шакирттери жанына келип: «Бул жер ээн экен, анын үстүнө, кеч да болуп калды; элди тарат, айыл-кыштактарга барып, тамак-аш сатып алышсын»,— дешти.+ 16  Бирок Иса: «Элди таратыштын зарылдыгы жок. Аларга тамак-ашты силер бергиле»,— деп айтты. 17  Шакирттери болсо: «Бизде беш нан менен эки балыктан башка эч нерсе жок»,— дешти. 18  Ошондо Иса: «Бери алып келгиле»,— деди. 19  Элге чөпкө отурууну буйругандан кийин, ал беш нан менен эки балыкты алды да, асманды карап, Кудайдан тиленди*.+ Анан нандарды сындырып, шакирттерине берди, алар болсо элге таратты. 20  Ошентип, бардыгы тоё жешти. Жегенден калганын чогултканда, 12 себет толду.+ 21  Аялдар менен кичинекей балдарды кошпогондо, тамактангандардын саны 5 000дей эле.+ 22  Ошондон кийин эле Иса шакирттерине кайыкка түшүп, аркы өйүзгө өтүшү керектигин айтты. Өзү болсо элди таратканы калды.+ 23  Элди тараткандан кийин Иса Кудайдан тилениш үчүн тоого чыкты.+ Караңгы киргенде, ал дагы деле ошол жакта болчу. 24  Ал ортодо кайык жээктен бир топ алыстап кеткен эле. Шамал каршы тараптан согуп, толкун кайыкты катуу чайпалтып жаткан. 25  Таңга жуук* Иса деңиздин үстү менен басып, шакирттерин көздөй баратты. 26  Алар анын деңиздин үстү менен басып келатканын көрүп, үрөйлөрү учту. Анан көздөрүнө бир нерсе көрүнүп жатат деп ойлоп, коркконунан кыйкырып жиберишти. 27  Бирок Иса ошол замат аларга: «Чочубагыла!* Бул менмин. Коркпогула»,— деди.+ 28  Петир ага: «Мырзам, эгер сен болсоң, анда буйрук берчи, суунун үстү менен сага басып барайын»,— деди. 29  Иса: «Кел!» — деди. Петир кайыктан түшүп, суунун үстү менен аны көздөй жөнөдү. 30  Бирок катуу шамалды көрүп, коркуп кетти да, чөгө баштады. Ошондо Исага: «Мырзам, сактай көр!» — деп кыйкырды. 31  Иса колун сунуп, аны дароо кармап калды да: «Ишеними алсыз, эмнеге шектендиң?»+ — деди. 32  Алар кайыкка түшкөндө, шамал басылып калды. 33  Ошондо кайыктагылар ага таазим кылып: «Сен, чын эле, Кудайдын Уулу экенсиң»,— дешти. 34  Анан алар аркы өйүзгө өтүп, Генисарет жерине барышты.+ 35  Ал жердин тургундары Исаны таанып, тегерек-четтегилердин баарына кабар беришти. Эл ага бардык оорулууларын алып келди. 36  Алар Исадан, жок дегенде, сырт кийиминин этегиндеги чачыларга колун тийгизгенге уруксат беришин сурап, жалбарып жатышты.+ Колун тийгизгендердин баары бүт оорусунан айыгып жатты.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «батасын берди».
Сөзмө-сөз: «Төртүнчү күзөт маалында». Башкача айтканда, болжол менен түнкү үчтөн эртең мененки алтыга чейинки убакыт.
Сөзмө-сөз: «Кайраттуу болгула!»