Матай 15:1—39
15 Анан Исага Иерусалимден фарисейлер менен диний мыйзамдарды окуткандар келип:+
2 «Эмнеге шакирттериң ата-бабаларыбыздын салтын бузуп жатышат? Мисалы, тамактын алдында кол жуу каадасын аткарышпайт»,— дешти.+
3 Иса аларга: «А эмнеге силер өзүңөр чыгарып алган салтыңар үчүн Кудайдын осуятын бузуп жатасыңар?+
4 Мисалы, Кудай: „Ата-энеңерди сыйлагыла“;+ „Атасына же энесине тил тийгизген адам өлүм жазасына тартылсын“,+— деп айткан.
5 Силер болсо: „Ким атасына же энесине: “Сизге жардам бере албайм, анткени өзүмдө болгон нерсени Кудайга тартуу катары арнап койгом”,— деп айтса,+
6 ал ата-энесин сыйлаганга* милдеттүү эмес“,— дейсиңер. Ошентип, өзүңөрдүн салтыңар үчүн Кудайдын сөзүнүн баркын кетирип жатасыңар.+
7 Эки жүздүүлөр, Ышая пайгамбар силер жөнүндө:+
8 „Бул эл мени оозу менен эле урматтайт, жүрөктөрү болсо менден алыс.
9 Алар мага куру бекер сыйынып жатышат, анткени адамдардын осуяттарын Кудайдыкындай кылып окутушат“,— деп туура айткан»,+— деди.
10 Анан элди жанына чакырып: «Сөздөрүмдү уккула да, маанисин түшүнгүлө:+
11 адамды оозуна кирген нерсе эмес, оозунан чыккан нерсе арам кылат»,— деди.+
12 Анан шакирттери жанына келип: «Айткандарыңды укканда фарисейлердин кыжыры келгенин байкадыңбы?» — дешти.+
13 Иса: «Асмандагы Атам тикпеген ар бир өсүмдүк тамыры менен жулунат.
14 Аларды жөн койгула. Алар — сокур жол көрсөтүүчүлөр. Эгер сокурду сокур жетелесе, экөө тең аңга* түшөт»,— деп жооп берди.+
15 Петир ага: «Бизге жанагы мисалды түшүндүрүп берчи»,— деди.
16 Ошондо Иса: «Силер да дагы эле түшүнө элексиңерби?+
17 Оозго кирген нерсенин баары ашказанга барып, анан тышка чыгарын билбейсиңерби?
18 Ал эми ооздон чыккан нерселер жүрөктөн чыгат. Адамды мына ошолор арам кылат.+
19 Мисалы, жүрөктөн киши өлтүргөнгө, ойноштукка, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка, уурулукка, бирөөгө жалаа жапканга, акарат сөздөрдү айтканга түрткөн жаман ойлор чыгат.+
20 Адамды мына ушулар арам кылат, ал эми колду жуубай тамактангандан эч ким арам болуп калбайт»,— деди.
21 Иса ал жерден чыгып, Тир менен Сидон тарапка жөнөдү.+
22 Ошол аймактардан финикиялык бир аял келип: «Мырзам, Дөөтүнүн Уулу, мага кайрымдуулук кыла көр. Ичине жин кирип алып, кызым аябай кыйналып жатат»,— деп үнүн катуу чыгарып жалбара баштады.+
23 Бирок Иса эчтеке деп жооп берген жок. Ошондо шакирттери жанына келип: «Бул аялды кетирип жиберчи, артыбыздан калбай кыйкырып келатат»,— дешти.
24 Ал: «Мен баарына эмес, жоголгон койлорго окшогон ысрайылдыктарга гана жардам бергенге жиберилгем»,+— деп жооп берди.
25 Бирок аял Исанын жанына келип, чөгөлөп: «Мырзам, жардам берчи!» — деди.
26 Иса болсо: «Балдардан нанды алып, күчүктөргө берген туура болбой калат»,— деп айтты.
27 Аял: «Туура, Мырзам. Бирок күчүктөр деле кожоюндарынын үстөлүнөн түшкөн күкүмдөрдү жейт эмеспи»,— деди.+
28 Ошондо Иса: «Ишенимиң күчтүү экен. Сен каалагандай болсун»,— деди. Ошол замат кызы айыгып калды.
29 Иса андан ары жөнөп, Галилея деңизине барды.+ Анан тоого чыгып отурду.
30 Жанына көп эл келди. Алар аксак, мунжу, сокур, дудук жана башка көптөгөн оорулууларды анын алдына алып келип жатышты. Иса алардын баарын айыктырды.+
31 Дудуктардын сүйлөп, сокурлардын көрүп, мунжулардын айыгып, аксактардын басып жатканын көргөн эл айран-таң калып, Ысрайылдын Кудайына алкыш айтып жатты.+
32 Иса шакирттерин чакырып алып: «Элге боорум ооруп жатат,+ себеби үч күндөн бери жанымда жүрүшөт, жегенге да эч нерсеси жок. Жолдо алсырап калышабы деп, ачка кетиргим келбей жатат»,— деди.+
33 Бирок шакирттери: «Мындай ээн жерде ушунча көп элди тойгузганга нанды кайдан табабыз?» — дешти.+
34 Иса: «Канча наныңар бар?» — деп сурады. Алар: «Жети нан, бир нече майда балык бар»,— деп жооп беришти.
35 Иса элдин баарына жерге отурушу керектигин айткандан кийин
36 жети нан менен балыктарды алды да, Кудайга ыраазычылык билдирди. Анан нандарды сындырып, шакирттерине бере баштады, алар болсо элге таратышты.+
37 Бардыгы тоё жеди. Жегенден калганын чогултканда, 7 чоң себет толду.+
38 Аялдар менен кичинекей балдарды кошпогондо, тамактангандардын саны 4 000дей эле.
39 Элди тараткандан кийин Иса кайыкка түшүп, Магадан аймагына барды.+