Матай 2:1—23
2 Ирод*+ падышанын убагында Жүйүт* жериндеги Бетлехем+ шаарында Иса төрөлгөндөн кийин, Иерусалимге чыгыштан жылдыз төлгөчүлөр* келишти.
2 Алар: «Жүйүттөрдүн жаңы төрөлгөн падышасы+ каякта? Биз чыгыштан анын жылдызын көрүп, ага таазим кылганы келдик»,— дешти.
3 Муну укканда Ирод падыша менен Иерусалимдеги бүт элдин тынчы кетти.
4 Ирод жогорку дин кызматчылар* менен диний мыйзамдарды окуткандардын* баарын чогултуп, Машаяктын кайсы жерде төрөлмөктүгүн сурай баштады.
5 Алар: «Жүйүт жериндеги Бетлехем+ шаарында төрөлмөк, себеби бир пайгамбар аркылуу:
6 „Жүйүт жериндеги Бетлехем, сен Жүйүт башкаруучуларынын көз алдында эч нерсеге арзыбаган шаар эмессиң, анткени сенден ысрайыл элимди жетектей турган башчы чыгат“,— деп жазылган»,+— дешти.
7 Ошондо Ирод жылдыз төлгөчүлөрдү жашыруун чакыртып, жылдыздын качан пайда болгонун тактап сурап алды.
8 Анан аларды Бетлехемге жөнөтүп жатып: «Баргыла да, баланы жакшылап издегиле. Тапканыңарда мага кабарлап койгула: мен да барып, ага таазим кылайын»,— деди.
9 Падыша ушуларды айткандан кийин, алар жөнөп кетишти. Чыгышта көрүнгөн жылдыз+ алардын алдында жылып отуруп баланын ата-энеси жашаган жерге келип токтоду.
10 Муну көргөндө жылдыз төлгөчүлөр аябай сүйүнүп кетишти.
11 Алар үйгө кирип, бала менен анын энеси Мариямды көрүштү да, чөгөлөп, балага таазим кылышты. Анан ладан*, мирра* деген жыпарзаттарды, алтын алып чыгып, тартуу кылышты.
12 Анан өз өлкөсүнө башка жол менен жөнөп кетишти. Себеби Кудай аларга түшүндө+ Иродго кайтып барбашы керектигин эскерткен эле.
13 Алар кеткенден кийин, Жусупка түшүндө Жахабанын периштеси көрүнүп:+ «Бала менен энесин алып, Мисирге кач. Мен айтканга чейин, ошол жерде бол, себеби Ирод баланы өлтүрүш үчүн издегени жатат»,— деди.
14 Ошондо Жусуп бала менен анын энесин алып, ошол түнү Мисирге жөнөп кетти.
15 Анан Ироддун көзү өткөнчө ошол жакта жашады. Ошентип, Жахабанын бир пайгамбары аркылуу: «Уулумду Мисирден чакырып алгам»,— деп айткан сөздөрү аткарылды.+
16 Ирод жылдыз төлгөчүлөргө алданып калганын түшүнгөндө аябай каарданып, Бетлехем менен анын тегерек-четиндеги 2 жашка чейинки эркек балдардын баарын өлтүрүш үчүн кишилерин жөнөттү. Ал баланын жашын жылдыз төлгөчүлөрдөн сурап билгени боюнча аныктады.+
17 Ошондо Жеремия пайгамбар аркылуу айтылган бул сөздөр аткарылды:
18 «Рамада зар какшап, боздоп ыйлап жаткан үн угулуп жатты. Рахил+ балдарынан ажырагандыктан аларды жоктоп, сооронгусу келбей ыйлап жатты».+
19 Ироддун көзү өткөндөн кийин, Мисирде жашап жаткан Жусупка түшүндө Жахабанын периштеси көрүнүп:+
20 «Бала менен энесин алып, Ысрайыл жерине жөнө, себеби баланы өлтүргүсү келгендер өлдү»,— деди.
21 Ошондо Жусуп бала менен анын энесин алып, Ысрайыл жерине келди.
22 Бирок Жүйүт аймагында Ироддун уулу Архелайдын падышалык кылып жатканын угуп, ал жакка баргандан коркту. Анын үстүнө, түшүндө Кудай да ал жакка барбашы керектигин эскертти.+ Ошон үчүн ал Галилея+ аймагына жөнөдү.
23 Ал жакка барып, Назарет+ деген шаарда жашап калды. Бул пайгамбарлардын: «Аны* назареттик* деп аташат»,— деген сөздөрү аткарылышы үчүн болду.+
Шилтемелер
^ Улуу Ирод.
^ Б. а. Иудея.
^ Астрологдор.
^ Б. а. Машаякты.
^ Сыягы, еврей тилиндеги «бутак» деген сөздөн келип чыккан сөз.