Матай 28:1—20
28 Дем алыш күн өткөндөн кийин, жуманын биринчи күнү* таң агарганда, магдалалык Мариям менен башка Мариям мүрзөнү көргөнү барышты.+
2 Ал жерге асмандан Жахабанын периштеси түшүп келип, күтүлбөгөн жерден катуу жер титирөө болгон эле. Периште мүрзөнүн оозундагы ташты жылдырып, үстүндө отурган болчу.+
3 Анын көрүнүшү чагылгандай, кийими болсо аппак кардай эле.+
4 Аны көргөндө үрөйлөрү учкан күзөтчүлөр калчылдап, нес болуп туруп калышкан.
5 Периште мүрзөгө келген аялдарга: «Коркпогула. Мен силердин устунга кадалган Исаны издеп жүргөнүңөрдү билем.+
6 Ал бул жерде жок, анткени, өзү айткандай, тирилди.+ Бери келип, жаткан жерин карап көргүлө.
7 Анан тезинен барып, шакирттерине анын тирилгенин кабарлагыла. Аларга: „Ал Галилеяга силерден мурун барат,+ аны ошол жерден көрөсүңөр“,— деп айткыла. Мен силерге ушуларды айтканы келдим»,— деди.+
8 Ошондо бир чети коркуп, бир чети кубанган аялдар бул жөнүндө шакирттерге кабарлаш үчүн шашкан бойдон чуркап кетишти.+
9 Анан эле аларга Иса жолугуп: «Кандайсыңар!» — деди. Аялдар жанына барып, ага таазим кылып, бутун кучактай жыгылышты.
10 Иса аларга: «Коркпогула! Барып, шакирттериме кабарлагыла, алар Галилеяга барышсын. Мени ошол жерден көрүшөт»,— деп айтты.
11 Аялдар жолдо баратканда, сакчылардын+ айрымдары шаарга барып, болгон окуянын баарын жогорку дин кызматчыларга айтып беришти.
12 Жогорку дин кызматчылар эл аксакалдары менен жолугуп, өз ара кеңешкенден кийин жоокерлерге көп күмүш тыйын берип:
13 «„Түндө уктап жатканыбызда, шакирттери келип, сөөгүн уурдап кетишиптир“,— деп айткыла.+
14 Эгер башкаруучу билип калса, аны менен өзүбүз сүйлөшүп коёбуз, коркпой эле койгула»,— дешти.
15 Жоокерлер күмүш тыйындарды алып, тигилер айткандай кылышты. Ошентип, алардын калпы жүйүттөрдүн арасында бүгүнкү күнгө чейин айтылып жүрөт.
16 Исанын 11 шакирти аны менен жолугуш үчүн Галилеяга барып,+ ал айткан тоого чыгышты.+
17 Ал жерден Исаны көрүп, таазим кылышты. Бирок кээ бирлер анын Иса экенине шектенип жатты.
18 Ошондо Иса алардын жанына келип: «Асмандагы да, жердеги да бийликтин баары мага берилди.+
19 Ошондуктан баргыла да, бардык элдерден+ шакирт даярдагыла. Асмандагы Атамды, анын Уулун, ыйык рухун кабыл алгандарды* чөмүлдүргүлө,+
20 ошондой эле аларга силерге буйруганымдын баарын аткарганды үйрөткүлө.+ Бул дүйнөнүн* акырына чейин,+ мен ар дайым* силер менен болом»,— деди.
Шилтемелер
^ Бул күн азыркы боюнча жекшемби күн. Жүйүттөр үчүн жуманын биринчи күнү болгон.
^ Сөзмө-сөз: «Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун аты үчүн». Бул жердеги «аты үчүн» деген сөз асмандагы Атабыз менен Уулунун бийлигин, ээлеген абалын, ошондой эле ыйык рухтун ролун түшүнүп, кабыл алууну билдирет.
^ Сөзмө-сөз: «күн сайын».