Матай 3:1—17

  • Чөмүлдүрүүчү Жакан Кудайдын кабарын айта баштайт (1—12)

  • Иса чөмүлтүлөт (13—17)

3  Кийинчерээк Чөмүлдүрүүчү Жакан+ Жүйүт жериндеги чөлдүү аймакка* барып, Кудайдын кабарын айта баштады.+ 2  Ал: «Өкүнгүлө, анткени асман Падышалыгы* жакындап калды»,+— деп айтып жүрдү. 3  Ышая пайгамбар аркылуу Жакан жөнүндө:+ «Ээн талаада бирөө: „Жахабага жол даярдагыла! Анын жолдорун тегиздегиле“,— деп жар салып жүрөт»,— деп айтылган болчу.+ 4  Жакан төөнүн жүнүнөн кийим кийип, белине кайыш кур курчанып жүрчү.+ Ал жапайы аарынын балы менен чегиртке жечү.+ 5  Ага Иерусалимде, бүт Жүйүт жеринде, Иордан дарыясынын чет-жакасында жашагандар келип,+ 6  күнөөлөрүн мойнуна алып жатышты. Жакан болсо аларды Иордан дарыясында чөмүлдүрдү*.+ 7  Жакан көп фарисейлер* менен садукейлердин*+ эл чөмүлтүлүп* жаткан жерге келатканын көрүп, аларга: «Уулуу жыландын* тукумдары,+ Кудайдын жазасынан качып кутула аласыңар деп силерге ким айтты?!+ 8  Өкүнгөнүңөрдү иш жүзүндө көрсөткүлө*. 9  „Биздин атабыз — Ыбрайым“,— деп ойлобогула.+ Силерге айтып коёюн, зарыл болсо, Кудай Ыбрайымга мына бул таштардан да балдарды жаратып бере алат. 10  Дарактардын түбүндө балта жатат. Ошондуктан жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат.+ 11  Өкүнгөнүңөр үчүн мен силерди сууга чөмүлдүрүп жатам.+ Бирок артымдан келе жаткан бирөө менден улук, мен анын сандалын чечкенге да татыксызмын.+ Ал силерди Кудайдын ыйык рухуна+ жана отко чөмүлдүрөт*.+ 12  Колундагы эгин сапыра турган күрөгү менен кырманын бүт тазалап, буудайын кампага жыйнайт, топонун болсо өчпөс отко ыргытат»,— деди.+ 13  Ошол кезде Иса чөмүлтүлүш үчүн Галилеядан Иордан дарыясына, Жаканга келди.+ 14  Бирок Жакан: «Мага келгениң кандай? Мен сени эмес, сен мени чөмүлтүшүң керек да!» — деп, аны токтотконго аракет кылды. 15  Иса ага: «Мага тоскоолдук кылба, себеби Кудай буйрук кылган нерселердин* баарын ушинтип аткарышыбыз керек»,— деди. Ошондо Жакан макул болуп, аны чөмүлдүрдү. 16  Иса чөмүлөрү менен суудан чыкты. Ошол учурда асман ачылып,+ Жакан Кудайдын ыйык рухунун көгүчкөндөй болуп Исага түшүп келатканын көрдү.+ 17  Анан асмандан:+ «Бул — менин сүйүктүү Уулум,+ мен Уулума ыраазымын»,+— деген үн угулду.

Шилтемелер

Бул эли аз, иштетилбеген жерди билдирет. Андай жерде бак-дарактар, суу башка жактарга салыштырмалуу аз болчу.
Же: «Кудайдын Падышалыгы». Б. а. Кудайдын башкаруусу же өкмөтү.
Чаар жылан.
Б. з. 1-кылымындагы жүйүттөрдүн белгилүү диний сектасынын мүчөлөрү. Сөздүктү кара.
Б. з. 1-кылымындагы жүйүттөрдүн белгилүү диний сектасынын мүчөлөрү. Сөздүктү кара.
Сөзмө-сөз: «өкүнүүгө ылайык келген жемиштерди бергиле».
Б. а. кимдир бирөөнү Кудайдын ыйык күчү менен майлайт, ал эми кимдир бирөөнү от менен жок кылат.
Же: «адил иштердин».