Матай 8:1—34

  • Пес оорулуу айыгат (1—4)

  • Жүз башынын ишеними (5—13)

  • Иса Капернаумдан көптөгөн ооруларды айыктырат (14—17)

  • Исанын жолун жолдоо деген эмнени билдирет? (18—22)

  • Иса шамалды тынчытат (23—27)

  • Иса жиндерди чочколорго жиберет (28—34)

8  Иса тоодон түшкөндө, аны көп эл ээрчип алды. 2  Ошол убакта ага пес оорулуу* бирөө келип, таазим кылды да: «Мырзам, кааласаң эле мени айыктыра аласың*»,— деди.+ 3  Иса ага колун тийгизип: «Каалайм! Айык»,— деди.+ Тиги киши ошол замат пес оорусунан айыгып калды.+ 4  Анан Иса: «Эч кимге эч нерсе айтпа!+ Баргын да, дин кызматчыга* көрүн.+ Дин кызматчылар чындап эле айыкканыңды көрүшү үчүн, Муса айткан тартууну алып бар»,+— деди. 5  Иса Капернаум шаарына барганда, жанына бир жүз башы келип, жалынып-жалбара:+ 6  «Мырзам, кызматчым шал болуп үйдө жатат, катуу кыйналып жатат»,— деди. 7  Иса ага: «Барганда айыктырам»,— деп айтты. 8  Бирок жүз башы: «Мырзам, үйүмө киришиңе татыксызмын. Бир ооз сөз айтсаң эле, кызматчым айыгып калат. 9  Анткени өзүм бирөөнүн бийлиги астында болсом да, менин да кол алдымда аскерлерим бар. Алардын бирине: „Бар!“ — десем, барат; башкасына: „Кел!“ — десем, келет. Ошондой эле кулума: „Муну кыл!“ — десем, кылат»,— деди. 10  Муну укканда Иса таң калып, артында келаткандарга: «Силерге айтып коёюн, мындай күчтүү ишенимди+ Ысрайыл жеринде эч кимден көргөн эмесмин. 11  Силерге айтып коёюн, чыгыш менен батыштан көптөр келип, асман Падышалыгында Ыбрайым, Ыскак, Жакыптар менен бирге дасторкон тегеректей отурушат.+ 12  Ал эми Падышалыкты мурасташы керек болгондор* сыртка, караңгылыкка ташталат. Ал жакта ыйлап, тишин кычыратышат*»,— деди.+ 13  Анан Иса жүз башыга: «Бара бер. Сен ишенгендей болсун»,— деди.+ Жүз башынын кызматчысы ошол замат айыгып калды.+ 14  Иса Петирдин үйүнө барганда анын кайненесинин+ эти ысып, ооруп жатканын көрдү.+ 15  Анан анын колунан кармаганда,+ аял оорусунан айыгып, ордунан турду да, аларга тамак-аш жасай баштады. 16  Кеч киргенде, эл Исага көптөгөн жин оорулууларды алып келди. Ал жиндерге буйрук берип, аларды кууп чыгарып, бардык ооруларды айыктырды. 17  Ошентип, Ышая пайгамбар аркылуу: «Ал биздин илдеттерибизди, ооруларыбызды алып кетти»,— деп айтылган сөздөр аткарылды.+ 18  Иса тегерегиндеги көп элди көргөндө шакирттерине кайык менен суунун аркы өйүзүнө өтөлү деди.+ 19  Ошондо диний мыйзамдарды окуткандардын бири келип, ага: «Устат, сен каякка барсаң, мен да ошол жакка барам»,— деди.+ 20  Бирок Иса: «Түлкүлөрдүн ийини, көктө учкан канаттуулардын уясы бар, адам Уулунун* болсо баш калкалаар жайы жок»,— деп айтты.+ 21  Андан кийин шакирттеринин бири ага: «Мырзам, адегенде үйүмө барып, атамды коюп келгенге уруксат этчи»,— деди.+ 22  Иса: «Өлүктөр* өлгөн адамдарын өздөрү койсун. Сен болсо менин жолумду жолдой бер»,— деди.+ 23  Иса кайыкка түшкөндө, шакирттери кошо түштү.+ 24  Бир убакта деңиз алай-дүлөй түшүп, кайыкты толкун уруп, ичине суу толо баштады. Иса болсо уктап жаткан эле.+ 25  Шакирттери жанына келип: «Мырзам, куткара көр, чөгүп баратабыз!» — деп, аны ойготушту. 26  Иса аларга: «Эмнеге мынча корктуңар, ишеними алсыздар?»+ — деди да, ордунан туруп, шамал менен деңизди тынчытып койду. Ошондо айлана тыптынч болуп калды.+ 27  Шакирттери: «Шамал менен деңизди да баш ийдирген бул ким өзү?» — деп таң калышты. 28  Иса деңиздин аркы өйүзүндөгү гадаралыктардын* жерине барганда, алдынан мүрзөлөрдүн арасынан чыккан жин оорулуу эки киши чыкты.+ Алар ушунчалык каардуу болгондуктан, ал жактан эч ким өтө алчу эмес. 29  Ал экөө: «Кудайдын Уулу, бул жакка эмнеге келдиң?+ Бизди белгиленген убакыттан мурун кыйнаганы келдиңби?»+ — деп кыйкыра башташты.+ 30  Алысыраак жерде көп чочко жайылып жүргөн эле.+ 31  Жиндер Исага: «Эгер бизди кууп чыгара турган болсоң, анда тетиги чочколорго жиберчи»,— деп жалынып киришти.+ 32  Ал: «Баргыла!» — деди. Жиндер тиги кишилерден чыгып, чочколорго киришти. Ошондо чочколордун баары жардан деңизге секирип, чөгүп өлдү. 33  Чочко кайтаргандар болсо качып жөнөштү. Анан шаарга барышты да, бүт баарын, анын ичинде жин оорулуу кишилердин эмне болгонун айтып беришти. 34  Шаардагылардын баары Исаны көздөй жөнөдү. Жолукканда андан өздөрүнүн жеринен кетишин өтүнүштү.+

Шилтемелер

Же: «таза кыла аласың».
Сөзмө-сөз: «Падышалыктын уулдары».
Бул ачууланууну, үмүтсүздүктү билдирет.
Иса бул сөз айкашын өзүнө карата колдонгон. Сөздүктү кара.
Кудайдын көз алдында өлүк болуп эсептелгендер жөнүндө сөз жүрүп жатат.
Марк 5:1 менен Лука 8:26да «герасалыктардын».