Матай 9:1—38
9 Бир жолу Иса кайыкка түшүп, аркы өйүзгө өттү да, өзүнүн шаарына барды.+
2 Бир убакта ага замбилде жаткан шал оорулуу бир кишини алып келишти. Алардын ишенимин көрүп, Иса оорулууга: «Кайраттуу бол, балам. Күнөөлөрүң кечирилди»,— деди.+
3 Диний мыйзамдарды окуткандардын айрымдары өз ара: «Бул Кудайга акарат кылып жатат»,— деп жатышты.
4 Иса алардын оюн билип: «Эмнеге жаман ойлоп жатасыңар?+
5 Бул кишиге: „Күнөөлөрүң кечирилди“,— деп ким да болсо айта алат. Ал эми бирөө жарым: „Ордуңан туруп, бас“,— деп айтса, басабы?+
6 Адам Уулунун жер бетинде күнөөлөрдү кечиргенге бийлиги бар экенин азыр көрөсүңөр»,— деди да, шал оорулууга: «Ордуңан туруп, замбилиңди ал да, үйүңө бар»,— деди.+
7 Ал туруп, үйүнө кетти.
8 Муну көргөндөрдү коркунуч басты. Алар адам баласына ушундай бийлик берген Кудайды алкап-даңкташты.
9 Анан ал жактан кетип баратып Иса салык чогулта турган жерде отурган Матай деген кишини көрүп, ага: «Менин жолдоочум бол»,— деди. Ошондо ал ордунан туруп, Исанын артынан жөнөдү.+
10 Кийин Иса үйдө дасторкон үстүндө отурганда*, салык жыйнагандар менен күнөөкөрлөрдүн көптөрү келип, Иса менен шакирттеринин жанына отуруп, тамактана башташты.+
11 Муну көргөндө фарисейлер анын шакирттерине: «Эмнеге устатыңар салык жыйнагандар менен күнөөкөрлөргө кошулуп тамактанып жатат?» — дей башташты.+
12 Алардын сөзүн укканда Иса: «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж.+
13 Ошондуктан баргыла да: „Мен курмандык чалышыңарды эмес, башкаларга кайрымдуу болушуңарды каалайм“,+— деген сөздөр эмнени билдирери жөнүндө ойлонгула. Себеби мен адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү өкүнгүлө деп үндөгөнү келдим»,— деди.
14 Андан соң Жакандын шакирттери келип, Исадан: «Эмнеге фарисейлер менен биз орозо кармайбыз да, сенин шакирттериң кармабайт?» — деп сурашты.+
15 Иса аларга: «Үйлөнө турган жигит+ досторунун жанында жүргөндө, алар эмнеге кайгырмак эле? Жигит достору менен болбой турган* күндөр келет,+ алар ошондо орозо кармашат.
16 Эч ким эски сырт кийимге жаңы кездемеден жамаачы салбайт, анткени жууганда жамаачы кирип кетет да, кийим айрылып, жыртыгы мурункудан да чоң болуп калат.+
17 Ошондой эле жаңы шарапты эски чаначка куйбайт. Болбосо чанач айрылып, шарап төгүлүп калат, чанач болсо керектен чыгып калат. Жаңы шарапты жаңы чаначка куят, ошондо экөө тең эч нерсе болбойт»,— деди.
18 Иса ушуларды айтып жатканда, сыйынуу жайынын башчысы келип, ага таазим кылып: «Кызым катуу ооруп жатты эле, эмдигиче өлүп калды болуш керек. Бирок барып, үстүнө колуңду койсоң, тирилет»,— деди.+
19 Ошондо Иса ордунан туруп, анын артынан жөнөдү. Шакирттери да ага кошулуп жөнөштү.
20 Жолдо баратышканда, 12 жылдан бери кан агуудан+ азап чегип келаткан бир аял арт жактан келип, Исанын сырт кийиминин этегиндеги чачыларга колун тийгизди.+
21 Себеби ал ичинен: «Сырт кийимине колумду тийгизсем эле айыгып калам»,— деп ойлоп келаткан.
22 Иса артына бурулуп, аны көрдү да: «Кайраттуу бол, кызым! Сени ишенимиң айыктырды»,— деди.+ Аял ошол замат сакайып калды.+
23 Сыйынуу жайынын башчысынын үйүнө барып, кайгылуу күүлөрдү ойноп жаткан чоорчуларды, ыйлап, чуру-чуу түшүп жаткан элди көргөндө+
24 Иса: «Бул жерден чыккыла. Кыз өлгөн жок, уктап жатат»,+— деди. Муну укканда алар аны шылдыңдап күлө башташты.
25 Эл сыртка чыгарылары менен, Иса кыз жаткан бөлмөгө кирип, аны колунан кармаганда,+ кыз ордунан турду.+
26 Бул тууралуу ошол аймактагылардын баары укту.
27 Иса ал жерден кетип баратканда, эки сокур:+ «Дөөтүнүн Уулу, бизге кайрымдуулук кыла көр»,— деп кыйкырып ээрчип алышты.
28 Иса үйгө киргенде, сокур кишилер жанына келишти. Иса алардан: «Көзүңөрдү айыктыра аларыма ишенесиңерби?»+ — деп сурады. Ал экөө: «Ооба, Мырзам»,— деп жооп беришти.
29 Иса алардын көзүнө колун тийгизип:+ «Ишенимиңерге жараша болсун»,— деди.
30 Ошондо алардын көзү көрүп калды. Иса болсо: «Бул жөнүндө эч ким билбесин»,— деп катуу эскертти.+
31 Бирок алар сыртка чыккандан кийин ал жөнүндө ошол аймактагылардын баарына айтып киришти.
32 Алар кетип баратканда, Исага жин оорулуу дудук кишини алып келишти.+
33 Ал жинди кууп чыгаргандан кийин, дудук киши сүйлөй баштады.+ Ошондон улам эл: «Ысрайыл жеринде мындай нерсе эч качан болгон эмес»,— деп айран-таң калып жатты.+
34 Бирок фарисейлер: «Бул деген жиндерди жиндердин башчысынын күчү менен кууп чыгарып жатат»,— деп жатышты.+
35 Иса бардык шаарларды, айыл-кыштактарды кыдырып, сыйынуу жайларында элди окутуп, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды таратып, ар кандай оору-дарттарды айыктырып жүрдү.+
36 Элди көрүп, Исанын боору ачыды.+ Анткени алар койчусу жок койлордой чачырап, жүдөп калышкан эле.+
37 Анан ал шакирттерине: «Чынында эле, түшүм көп, бирок жумушчулар аз.+
38 Ошондуктан түшүм жыйнаганга жумушчуларды жибериши үчүн, түшүмдүн Кожоюнуна жалынгыла»,+— деди.
Шилтемелер
^ Байыркы убакта жүйүттөр жамбаштап жатып алып тамак ичишчү.
^ Же: «досторунан алынып кете турган».