Микей 1:1—16
1 Жахабанын* морешеттик Микейге*+ Жүйүттүн падышалары+ Жотамдын,+ Ахаздын,+ Хискиянын+ күндөрүндө айткан сөзү. Ал ага аян аркылуу Самария менен Иерусалим жөнүндө мындай деди:
2 «Бардык элдер, кулак салгыла!
Жер жана андагынын баары, көңүл бургула!
Эгедер Теңир Жахаба силерди айыптасын,+Жахаба ыйык ибадатканасынан силерге каршы күбөлөндүрсүн.
3 Мына, Жахаба жашаган жайынан чыгып келатат;Ал түшүп келип, жер бетиндеги тоолордун үстүнөн басат.
4 Анын бут алдында тоолор эрийт,+Өрөөндөр отко эриген момдой,Жардан аккан суудай салааланып агат.
5 Ушунун баары Жакыптын тукумдарынын козголоңунан,Ысрайылдын урпактарынын* күнөөлөрүнөн улам болуп жатат.+
Жакыптын тукумдарынын козголоңуна ким күнөөлүү?
Самариянын эли эмеспи?+
Жүйүттө жалган кудайларга сыйынган жерлердин+ болгонуна ким күнөөлүү?
Иерусалимдин эли эмеспи?
6 Мен Самарияны үйүлгөн урандыга,Жүзүм отургузула турган ээн жерге айлантам.
Таштарын өрөөнгө ыргытам,Пайдубалдарынан башка эч нерсеси калбайт.
7 Оюлуп жасалган буркандарынын баары талкаланат,+Өзүн сатканда алган белектеринин баары* өрттөлөт.+
Анын бүт буркандарын жок кылам.
Анткени ал ошонун бардыгын сойкулук кылып чогулткан,Эми ошонун баары тартылып алынып, башка сойкуга төлөнөт».
8 Ошон үчүн боздойм, онтойм,+Жылаңайлак, жылаңач* жүрөм.+
Чөөдөй улуйм,Төө куштай чыркырайм.
9 Себеби анын соккудан алган жарааты айыккыс;+Жүйүткө да сокку урулду.+
Жаза элимдин дарбазасына, Иерусалимге чейин жетти.+
10 «Ал тууралуу Гатта жарыялабагыла;Ал жактагылар ыйлаганыңарды көрбөсүн.
Бет-Опрада* топуракка оонагыла.
11 Шапирдин тургундары, жылаңач бойдон, маскара болгон бойдон жөнөгүлө.
Заанандын тургундары коркуп, сыртка чыкпай калды.
Бет-Эселдин эли боздоп ыйлайт, алар эми силерге жардам бере албайт.
12 Мароттун тургундары жакшылыкты күткөн эле,Бирок Иерусалимдин дарбазасына Жахабадан жамандык келди.
13 Лакиштин+ тургундары, аттарыңарды арабага чеккиле.
Сиондун элинин күнөөсү силерден башталган,Себеби силер Ысрайылдын тургундарына окшоп мага каршы чыккансыңар.+
14 Ошондуктан силер, Сиондун эли, Морешет-Гатка коштошор алдында белектерди бересиңер.
Акзиптегилер+ Ысрайылдын падышаларынын үмүтүн актабайт.
15 Марешанын+ тургундары, жериңерге силерди басып ала турган душманды* алып келем.+
Ысрайылдын даңкы Адуламга+ чейин жетет.
16 Жаныңардай жакшы көргөн балдарыңарды жоктоп, чачыңарды кыргыла, такырайта алгыла.
Башыңар жорунукундай* таз болсун,Себеби балдарыңар туткунга кетти».+
Шилтемелер
^ Микеил (мааниси: «Ким Кудайдай?») же Микая (мааниси: «Ким Жахабадай?») деген ысымдын кыскартылышы.
^ Сөзмө-сөз: «үйүнүн».
^ Же: «Сойкулугу үчүн алган акысынын баары».
^ Же: «ички кийимчен».
^ Же: «Опра үйүндө».
^ Же: «талап-тоноочуну».
^ Бул жердеги еврей тилиндеги сөз бүркүткө карата да колдонулушу мүмкүн.