Микей 6:1—16

  • Жахаба Ысрайыл менен соттошот (1—5)

  • Жахаба сенден эмнени талап кылат? (6—8)

    • Адилет, берилген, момун болушуңду (8)

  • Ысрайылдын күнөөсү менен жазасы (9—16)

6  Суранам, Жахабанын эмне деп жатканын уккула. Тургула, дооңорду тоолордун алдында айткыла,Үнүңөр адырларга угулсун.+  2  Тоолор, жердин бекем пайдубалдары,Жахабанын доосун уккула.+ Себеби Жахаба өз эли менен соттошуп жатат,Ысрайылга мындай доо коюп жатат:+  3  «Элим, мен сага эмне кылдым? Сени эмне кылып чарчаттым?+ Мага каршы күбөгө өт.  4  Мен сени Мисир* жеринен алып чыгып,+Кул болуп жүргөн жерден бошотком.+ Сени жетектеп жүргөнгө Муса менен Арунду, Мириямды+ жибергем.  5  Элим, Мааптын падышасы Балактын эмне кылгысы келгенин,+Ага Беор уулу Биламдын эмне деп жооп бергенин,+Шитимден+ Гилгалга+ чейин эмне болгонун эстечи. Ошондо Жахабанын кандай адил иштерди кылганын билесиң».  6  Жахабанын алдына эмне алып барам? Жогорудагы Кудайга эмне алып барып таазим кылам? Бүтүндөй өрттөлчү курмандыктарды,Бир жашар торпокторду алып барамбы?+  7  Жахабаны миңдеген кочкорлорду,Ченемсиз май алып барып кубантамбы?+ Козголоңум үчүн тун уулумду,Күнөөм үчүн өз баламды беремби?+  8  Оо, пенде, Жахаба сага эмне жакшы экенин айткан. Ал сенден эмнени талап кылат? Адилет* болушуңду,+ берилгендикти жогору баалашыңды*,+Кудайыңдын алдында момун болушуңду*+ гана эмеспи?!+  9  Жахаба шаардын тургундарына кайрылып жатат;Даанышмандар анын ысмынан* коркот. Силерге бериле турган жазаны жана аны бере турганды четке какпагыла*.+ 10  Ыймансыздын үйүндө арам байлык,Көлөмү кичирейтилген өлчөгүч идиш*, жийиркеничтүү нерсе, дагы деле барбы? 11  Таразам так болбосо,Баштыктагы тараза таштарым так эмес болсо,Таза* боло аламбы?+ 12  Анын* байлары зордук-зомбулукка белчесинен баткан. Тургундары калп айтат,+Башкаларды алдашат.+ 13  «Ошон үчүн силерге сокку уруп, жарадар кылам.+ Күнөөлөрүңөр үчүн ээн калтырам. 14  Тамак жейсиңер, бирок тойбойсуңар,Өзөрүп ачка жүрөсүңөр.+ Буюм-тайымыңарды катасыңар, бирок сактап кала албайсыңар. Сактап калгандарыңарды болсо душмандарыңарга берем. 15  Эгин эгесиңер, бирок оруп албайсыңар,Зайтун тебелейсиңер, бирок майын колдонбойсуңар. Жаңы шарап жасайсыңар, бирок андан ичпейсиңер.+ 16  Омринин мыйзам-буйруктарын аткарып,Ахап менен анын урпактары кылган бардык иштерди кылганыңар үчүн,+Алардын жолу менен жүргөнүңөр үчүн,Башкалар силерди көрүп үрөйү уча тургандай,Бул шаардын тургундарын көрүп ышкыргыдай* кылам.+ Силер элдердин шылдыңына каласыңар».+

Шилтемелер

Египет.
Же: «Кудайыңдын жолунда жөнөкөйлүк менен жүрүшүңдү».
Же: «кайрымдуу болушуңду, сүйүүң туруктуу болушун». Сөзмө-сөз: «туруктуу сүйүүнү жакшы көрүшүңдү». Сөздүктү кара.
Же: «Калыс; чынчыл».
Сөзмө-сөз: «сенин ысмыңдан».
Же: «Таякка жана аны дайындаганга кулак салгыла».
Сөзмө-сөз: «эйфа». Б14 тиркемесин кара.
Же: «Айыпсыз».
Шаар жөнүндө айтылып жатат.
Сыягы, бул алардын таң калганын, табалап шылдыңдаганын билдирет.