Мыйзам 1:1—46

  • Ысрайылдыктар Хореп тоосунан кетишет (1—8)

  • Башчылар менен соттор дайындалат (9—18)

  • Кадеш-Барниде эл Кудайга баш ийбей коёт (19—46)

    • Ысрайылдыктар Канаан жерине баргандан баш тартышат (26—33)

    • Канаандыктардан жеңилип калышат (41—46)

1  Иордандын аймагындагы чөлдө, Суптун тушундагы чөлдүү түздүктөрдө, Паран менен Топелдин, Лабандын, Хазероттун, Дизахаптын ортосунда Муса бүт ысрайыл элине кайрылды. 2  (Сеир тоосуна кеткен жол менен жүргөндө Хорептен Кадеш-Барниге+ чейин 11 күн кетет.) 3  Кыркынчы жылдын+ он биринчи айынын биринчи күнү Муса ысрайыл элине Жахаба* айт дегендердин баарын айтты. 4  Муса ал сөздөрдү Хешпондо жашаган аморлуктардын падышасы Сихонду+ жеңгенден кийин жана Аштаротто жашаган Башандын падышасы Окту+ Эдрейде*+ жеңгенден кийин айтты. 5  Ал Иордандын аймагындагы Маап жеринде Мыйзамды+ мындай деп түшүндүрө баштады: 6  «Жахаба Кудайыбыз Хорепте бизге: „Бул тоолуу аймакта жашаганыңарга көп болду.+ 7  Эми жолго чыккыла да, аморлуктардын+ тоолуу аймагына, алардын коңшуларынын баарына: Араба+ тоолуу аймагында, Шепелада, Негепте, деңиз жээгинде,+ канаандыктардын жеринде жашагандарга, Лебанонго*,+ улуу Эфрат* дарыясына+ чейин баргыла. 8  Мына, мен ал жерди силерге берип жатам. Баргыла да, Жахаба ата-бабаларыңар Ыбрайымга, Ыскакка,+ Жакыпка+ жана алардын тукумдарына берем деп убада кылган жерди ээлегиле“,+— деген. 9  Ошондо мен силерге: „Мен силердин милдетиңерди жалгыз ала албайм.+ 10  Жахаба Кудайыңар силерди көбөйттү, азыр асмандагы жылдыздардай көпсүңөр.+ 11  Ата-бабаларыңардын Кудайы Жахаба силерди дагы миң эсе көбөйтүп,+ өзү убада кылгандай, батасын берсин.+ 12  Мен силердин жүгүңөрдү кантип жалгыз көтөрүп, кыйынчылыктарыңар менен чыр-чатактарыңарды кантип жалгыз чечмек элем?+ 13  Урууларыңардын арасынан акылдуу, эстүү, тажрыйбалуу эркектерди тандагыла, аларды силерге башчы кылып коём“,+ — дегем. 14  Ошондо силер мага: „Туура айтасың“,— дегенсиңер. 15  Анан мен акылдуу, тажрыйбалуу уруу башчыларыңарды силерге миң башы, жүз башы, элүү башы, он башы жана урууларыңарга жетекчи кылып дайындагам.+ 16  Анан сотторуңарга: „Ысрайылдык менен ысрайылдыктын ортосунда болобу же ысрайылдык менен араңарда жашаган бөтөн жерликтин ортосунда болобу,+ талаш-тартышты териштиргенде калыс болгула.+ 17  Сот жүргүзгөндө адилетсиздик кылбагыла.+ Карапайымды да, жогорку даражалууну да бирдей уга билгиле.+ Адамдан коркпогула,+ анткени сот жүргүзгөндө Кудайдын атынан жүргүзөсүңөр.+ Оор маселелер болгондо мага айткыла, аларды мен карайын“,— дегем.+ 18  Ошондо эмне кылышыңар керектигинин баарын айтып, көрсөтмө бергем. 19  Андан кийин Хорептен чыгып, Жахаба Кудайыбыз буйрук кылгандай, аморлуктардын+ тоолуу аймагына барчу жол менен өзүңөр көргөн ушул эбегейсиз чоң, коркунучтуу чөлдү+ басып өттүк. Акыры, Кадеш-Барниге+ келдик. 20  Ал жерден: „Силер Жахаба Кудайыбыз бизге берип жаткан аморлуктардын тоолуу аймагына келдиңер. 21  Мына, Жахаба Кудайыңар бул жерди силерге берди. Баргыла да, ата-бабаларыңардын Кудайы Жахаба айткандай, аны ээлеп алгыла.+ Коркпогула, үрөйүңөр учпасын“,— деп айткам. 22  Бирок силер мага келип: „Келгиле, адегенде ал жерди көрүп келгенге киши жиберели. Алар кандай шаарларга барарыбызды, ал жакка кантип жетсе болорун билип келишсин“,— дегенсиңер.+ 23  Айтканыңарды туура көргөндүктөн, араңардан 12 киши, ар бир уруудан бирден киши, тандап алгам.+ 24  Алар тоолуу аймакты+ көздөй жол тартып, Эшкол өрөөнүнө чейин барып, аны карап чыгышкан. 25  Анан ошол жердин түшүмүнөн алып, кайтып келишкен да: „Жахаба Кудайыбыз бизге берип жаткан жер жакшы жер экен“,— дешкен.+ 26  Бирок силердин баргыңар келбей койгон, ошентип Жахаба Кудайыңардын буйругуна баш ийбей койгонсуңар.+ 27  Чатырларыңарда отуруп алып, наалып: „Жахаба бизди жек көрөт. Ошондуктан бизди Мисир* жеринен аморлуктардын колуна салып берип, кырып жок кылыш үчүн алып чыкты. 28  Ал жакка барып эмне кылабыз? Бир туугандарыбыз: “Ал жактагылар бизден күчтүү, чоң кишилер экен, асман тиреген чептер менен курчалган чоң-чоң шаарлары+ бар экен, ал жактан Анактын тукумдарын+ да көрдүк”,— дегенде, жүрөгүбүз түшүп калды“,+— дегенсиңер. 29  Ошондо: „Алардан коркпогула, жүрөгүңөр түшпөсүн.+ 30  Жахаба Кудайыңар силердин алдыңарда барат. Мурун көз алдыңарда Мисирде силер үчүн кандай күрөшсө,+ ошондой күрөшөт.+ 31  Ушул жерге жетер-жеткиче Жахаба Кудайыңар чөлдө силерди атасы баласын көтөргөндөй көтөрүп келгенин жакшы билесиңер“,— деп айткам. 32  Бирок ошонун баарына карабай, Жахаба Кудайыңарга ишенген жоксуңар.+ 33  Кайсы жерге чатырларыңарды тиксеңер болорун көрсөтүш үчүн алдыңарда бараткан Кудайыңарга ишенген жоксуңар. Ал силерге түнкүсүн от менен, күндүз булут менен жол көрсөтүп келди.+ 34  Жахаба силердин айткандарыңарды укканда ачуусу келип, мындай деп ант берген:+ 35  „Аталарыңарга берем деп убада кылган жакшы жерди ниети бузук бул муундагылардын эч кимиси көрбөйт,+ 36  Жепундун уулу Калеп гана көрөт. Ал Жахабага бүт жүрөгү менен баш ийгендиктен, ал баскан жерди ага, урпактарына берем.+ 37  (Силердин айыңардан Жахаба мага да каарданып: “Ал жерге сен да барбайсың.+ 38  Кызматчың Нундун уулу Жашыя барат.+ Ысрайыл эли ээлей турган жерге аларды ошол жетектеп барат.+ Ошон үчүн аны кайраттандыр*”,+— деген.) 39  Ал жерге силер “душманга олжо болот” деген балдарыңар,+ жаман-жакшыны ажырата элек уулдарыңар барат. Мен ал жерди ошолорго берем, алар аны ээлешет.+ 40  Силер болсо кайра артка бурулуп, Кызыл деңизди көздөй кеткен жол менен ээн талаага баргыла“.+ 41  Ошондо силер: „Биз Жахабанын алдында күнөөгө баттык. Бирок эми, Жахаба Кудайыбыз буйрук кылгандай, согушканы барабыз“ — деп, ар бириңер куралдарыңарды алгансыңар. Силер тоого оңой эле чыгабыз деп ойлогонсуңар.+ 42  Бирок Жахаба мага: „Тигилерге: “Ал жакка чыкпагыла, согушпагыла, анткени мен силерди колдобойм.+ Эгер чыга турган болсоңор, душмандарыңар силерди талкалап салат”,— деп айт“,— деген. 43  Мен ошентип айтканда, силер укпай, Жахабанын буйругуна баш ийбей, өз билемдик кылып тоого чыга баштагансыңар. 44  Ошондо тоодо жашаган аморлуктар артыңардан аарылардай сая түшүп, силерди Сеирде туш тарапка чачыратып, Хормага чейин кууп барышкан. 45  Ошентип, силер кайтып келип, Жахабанын алдында ыйлап киргенсиңер, бирок Жахаба силерди укпай, көңүл бурбай койгон. 46  Ошон үчүн Кадеште көп убакыт жашап калгансыңар.

Шилтемелер

Жахаба — Кудайдын аты. Сөздүктү кара.
Же балким: «Аштаротто, Эдрейде жашаган Башандын падышасы Окту».
Евфрат.
Сыягы, Лебанон (Ливан) тоо кыркасы.
Египет.
Же балким: «Кудай аны кайраттандырган».