Мыйзам 10:1—22
10 Ошол учурда Жахаба мага: „Таштан мурунку лоокторго окшогон эки лоок,+ ошондой эле жыгачтан сандык жаса. Анан мага, тоого чыгып кел.
2 Мен ал лоокторго сен талкалаган лооктордогу сөздөрдү жазып берем. Аларды сандыкка салып кой“,— деди.
3 Ошондо мен акация жыгачынан сандык жасадым, мурункуларга окшогон эки таш лоок да жасадым. Анан таш лоокторду алып, тоого чыктым.+
4 Жахаба аларга силер ошол жерге чогулган күнү+ от ичинен айткан сөздөрүн,+ мурунку таш лооктордогу сөздөрдү — Он осуятты*+ — жазды.+ Анан Жахаба аларды мага берди.
5 Мен бурулуп, тоодон түштүм да,+ Жахаба буйрук кылгандай, таш лоокторду өзүм жасаган сандыкка салып койдум. Алар азыркыга чейин ошонун ичинде сакталып турат.
6 Андан кийин ысрайыл эли Бейрот-Бене-Жаакандан чыгып, Мосерага жөнөдү. Арун ошол жерде көз жумуп, ошол жерге коюлду.+ Анын ордуна уулу Элазар дин кызматчы болду.+
7 Алар ал жерден чыгып, Гуткотко, Гуткоттон чыгып, агын суулары көп Жотпатка+ барышты.
8 Ошол убакта Жахаба Леби уруусун,+ алар Жахабанын келишим сандыгын көтөрүп жүрүшү үчүн,+ Жахабанын алдында туруп, ага кызмат кылышы үчүн жана анын атынан элге бата бериши үчүн,+ өзүнчө бөлүп койду. Алар бул кызматты ушул күнгө чейин аткарып келатышат.
9 Ошондуктан Леби уруусуна башка уруулар менен чогуу үлүш же энчи берилген эмес. Жахаба Кудайыңар ага айткандай, анын үлүшү — Жахаба.+
10 Мен ал жолкусунда да тоодо 40 күн, 40 түн болдум.+ Жахаба мени ошол жолу да укту.+ Ошон үчүн Жахаба силерди жок кылган жок.
11 Андан соң Жахаба мага: „Элди жолго даярдап, мен аларга берем деп ата-бабаларына убада кылган жерге баштап бар. Алар аны ээлешсин“,— деди.+
12 Оо, Ысрайыл, Жахаба Кудайың сенден эмнени талап кылып жатат?+ Жахаба Кудайыңдан коркушуңду,+ дайыма анын жолунда жүрүп,+ аны сүйүшүңдү, Жахаба Кудайыңа бүт жүрөгүң, бүт жаның менен кызмат кылышыңды,+
13 өзүңө жакшы болушу үчүн, Жахабанын мен бүгүн сага буйрук кылган осуяттары менен көрсөтмөлөрүн аткарышыңды эле эмеспи?+
14 Асман да, асмандын асманы да, жер менен андагылар да Жахаба Кудайыңа таандык.+
15 Анткен менен Жахаба силердин ата-бабаларыңарды гана өзүнө жакындатып, жакшы көрүп, алардын тукумдарын, силерди, башка элдердин арасынан тандап алды,+ бүгүн силер ага таандыксыңар.
16 Ошондуктан жүрөгүңөрдү тазалагыла,+ мындан ары тоң моюн болбогула.+
17 Анткени Жахаба Кудайыңар — кудайлардын Кудайы,+ теңирлердин Теңири, адам баласы сестенип, кастарлап турган улуу, күчтүү Кудай. Ал эч кимге адилетсиздик кылбайт,+ пара да албайт.
18 Жетим менен жесирдин ишин калыс карайт,+ келгинди жакшы көрүп,+ ага нан менен кийим берет.
19 Силер да келгинди жакшы көргүлө, анткени өзүңөр да Мисир жеринде келгин болгонсуңар.+
20 Жахаба Кудайыңардан корккула, ага гана кызмат кылып,+ андан эч алыстабагыла, ант бергенде анын ысмын оозанып ант бергиле.
21 Аны гана даңктагыла.+ Ал — силер үчүн өз көзүңөр менен көргөн ушул улуу иштердин, укмуштуудай керемет иштердин баарын жасаган Кудай.+
22 Мисирге барганда ата-бабаларыңар 70 эле жан болчу.+ Азыр болсо Жахаба Кудайыңар силерди асмандагы жылдыздардай көбөйттү.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «Он сөздү».