Мыйзам 13:1—18
-
Кудайдын жолунан четтегендерге берилчү жаза (1—18)
13 Эгер араңардан пайгамбар же түш көрүп келечекти алдын ала айткан киши чыгып, силерге кандайдыр бир белги же жышаан* катары бир нерсе көрсөтөм десе,
2 анан ошол белги же жышаан чын болуп чыкса, анан ал силер билбеген кудайларды айтып: „Жүргүлө, башка кудайларга сыйынып, аларга кызмат кылалы“,— десе,
3 андай пайгамбардын же түш көргүчтүн сөзүн укпагыла,+ анткени Жахаба Кудайыңар силерди сынап жаткан болот.+ Жахаба Кудайыңар аны бүт жүрөгүңөр, бүт жаныңар менен сүйөр-сүйбөсүңөрдү билиш үчүн+ сынап жаткан болот.
4 Жахаба Кудайыңарга гана сыйынгыла, андан коркуп, осуяттарын аткаргыла, ага баш ийип, кызмат кылгыла, ага ишенимдүү болгула.+
5 Ал пайгамбар же түш көргүч өлүм жазасына тартылсын.+ Себеби силерди Жахаба Кудайыңарга, силерди Мисир жеринен алып чыккан, кул болуп жүргөн жерден кун төлөп бошотуп алган Кудайыңарга, каршы чыкканга тукурган болот. Ал силерди Жахаба Кудайыңар көрсөткөн жолдон чыгарганга аракет кылган болот. Ошентип, араңардан жамандыкты жок кылгыла.+
6 Эгер бир тууган агаң же иниң, уулуң, кызың же сүйүктүү аялың, же жаныңдай көргөн жакын досуң өзүң да, ата-бабаларың да билбеген башка кудайларды айтып: „Жүр, аларга сыйынабыз“,— деп азгырса,+
7 тегеректеги элдердин, алар жакын же алыс жашайбы, кудайларына сыйынганга чакырса,
8 макул болбо, сөзүн укпа.+ Бооруң ооруп, аны аяба, коргобо,
9 өлтүрүп сал.+ Аны өлтүрүш үчүн өзүң биринчи таш ыргыт, анан калган эл ыргытсын.+
10 Аны таш бараңга алып өлтүр.+ Анткени ал сени Мисир жеринен, сен кул болуп жүргөн жерден, алып чыккан Жахаба Кудайыңдан алыстаткысы келди.
11 Ошондо бул жөнүндө бүт ысрайыл эли угуп, коркуп калат да, араңардан эч ким мындай жаман ишке экинчи барбайт.+
12 Эгер Жахаба Кудайыңар силерге берген шаарлардын биринде:
13 „Элдин арасынан бузукулар чыгып: “Жүргүлө, башка кудайларга сыйыналы” — деп, шаардын тургундарын силер билбеген кудайларга сыйынганга азгырып жатышат“,— деген сөздөрдү уксаңар,
14 анда баарын териштирип, иликтеп, жакшылап сураштырып көргүлө.+ Эгер ошондой жийиркеничтүү иш жасалып жатканы чын болуп чыкса,
15 ал шаардын тургундарын кылычтап өлтүргүлө.+ Шаар менен андагылардын баарын жок кылып, бүт малын кырып таштагыла.+
16 Баалуу нерселеринин баарын аянтка чогултуп, шаарды өрттөп салгыла. Ошол баалуу нерселер Жахаба Кудайыңарга арналган бүтүндөй өрттөлчү тартуу болуп калат. Ал шаар түбөлүккө урандыга айланат, ал эч качан кайра курулбасын.
17 Жахаба каарын басып, силерге боору ооруп, кайрымдуулук кылышы үчүн жана ата-бабаларыңарга ант бергендей, укум-тукумуңарды көбөйтүшү үчүн,+ жок кылынышы керек болгон нерседен эчтеке албагыла.+
18 Жахаба Кудайыңардын көз алдында туура иш кылышыңар үчүн, мен бүгүн буйрук кылган осуяттардын баарын аткарып, Жахаба Кудайыңардын тилин алгыла.+