Мыйзам 14:1—29
14 Силер Жахаба Кудайыңардын балдарысыңар. Өлгөн киши үчүн денеңерди кескилебегиле,+ кашыңарды* кырбагыла.+
2 Анткени силер Жахаба Кудайыңардын ыйык элисиңер.+ Жахаба силерди жер бетинде жашаган башка элдердин арасынан өзүнүн өзгөчө эли* кылыш үчүн тандап алган.+
3 Кудай жийиркеничтүү деп эсептеген бир да нерсени жебегиле.+
4 Жаныбарлардын ичинен буларды жесеңер болот:+ бука, кой, эчки,
5 бугу, жейрен, элик, тоо эчки, антилопа, аркар, зоо бөкөн.
6 Ача туяктуу, кепшеген жаныбарлардын баарын жесеңер болот.
7 Бирок кепшеген же ача туяктуу жаныбарлардын ичинен буларды жебегиле: төөнү, коёнду, тоо даманын, анткени алар кепшегени менен, ача туяктуу эмес. Алар силер үчүн арам.+
8 Чочкону да жебегиле, анткени ал ача туяктуу болгону менен, кепшебейт. Ал силер үчүн арам. Булардын этин жебегиле, өлүгүнө да тийбегиле.
9 Сууда жашаган жаныбарлардын ичинен сүзгүч канаттары менен кабырчыктары барларынын баарын жесеңер болот.+
10 Ал эми сүзгүч канаттары менен кабырчыктары жокторун жебегиле. Алар силер үчүн арам.
11 Адал канаттуулардын баарын жесеңер болот.
12 Ал эми буларды жегенге болбойт: бүркүт, бакачы, кара жору,+
13 кызыл айры куйрук, кара айры куйрук жана айры куйруктун башка түрлөрү,
14 кузгундун бардык түрлөрү,
15 төө куш, үкү, чардак, шумкардын бардык түрлөрү,
16 бабырган, кулактуу үкү, ак куу,
17 биргазан, жору, кара каз,
18 илегилек, кытандын бардык түрлөрү, үпүп, жарганат.
19 Булардан тышкары, канаттары бар быжыраган майда жандыктардын баары силер үчүн арам. Аларды жегенге болбойт.
20 Ал эми канаты бар жандыктардын адалын жесеңер болот.
21 Силер Жахаба Кудайыңардын ыйык элисиңер. Ошон үчүн өлгөн жаныбардын этин жебегиле.+ Аны шаарыңарда жашаган бөтөн жерликке берсеңер болот, ал аны жесе болот. Же аны бөтөн жерлик кишиге сатсаңар болот.
Улакты энесинин сүтүнө бышырбагыла.+
22 Сепкен үрөнүңөрдөн алган түшүмүңөрдүн ондон бир бөлүгүн жыл сайын сөзсүз бергиле.+
23 Даныңардын, жаңы шарабыңардын, майыңардын ондон бир бөлүгүн, бодо малыңар менен майда малыңардын биринчи төлүн Жахаба Кудайыңар өз ысмын даңкташ үчүн тандаган жерге алып барып, анын алдында ичип-жегиле.+ Ошондо Жахаба Кудайыңардан дайыма коркконго үйрөнөсүңөр.+
24 Эгер Жахаба Кудайыңар өз ысмын даңкташ үчүн тандаган жер алыс болсо+ жана Жахаба Кудайыңар батасын бергендиктен, ондуктарыңар* көп болуп, аларды ал жакка көтөрүп бара албасаңар,
25 анда аларды сатып, акчасын алып алып, Жахаба Кудайыңар тандаган жерге баргыла.
26 Ал жактан ошол акчага каалаган нерсеңерди: бодо мал, кой, эчки, шарап жана башка ичимдиктерди, эмнени кааласаңар, ошонун баарын сатып алгыла. Анан өзүңөр да, үйүңөрдөгүлөр да Жахаба Кудайыңардын алдында ичип-жеп, кубангыла.+
27 Шаарыңарда жашаган лебилерди да унутпагыла,+ анткени аларга силер менен кошо үлүшкө жер же энчи берилген эмес.+
28 Ар бир үчүнчү жылдын аягында ошол жылы жыйнаган түшүмүңөрдүн ондон бир бөлүгүн алып келип, өзүңөр жашаган шаарга чогулткула.+
29 Аларды силер менен бирге үлүш же энчи албаган лебилер, шаарыңарда жашаган бөтөн жерликтер менен жетим-жесирлер тойгончо жешсин.+ Ошондо Жахаба Кудайыңар ар бир ишиңерге батасын берет.+