Мыйзам 15:1—23
15 Ар бир жетинчи жылы* карызыңарды кечкиле*.+
2 Ал жылы мындай кылыш керек: аласасы бар киши ага бересеси бардын карызын кечсин. Жахаба үчүн карыздарды кечүү жарыялангандыктан, ал киши бересеси бар ысрайылдыктан карызын төлөп беришин талап кылбашы керек.+
3 Бөтөн жерликтен карызды төлөп беришин талап кылсаңар болот,+ ал эми ысрайылдыктын карызын, канча карыз болбосун, кечип койгула.
4 Араңардан кимдир бирөө жакырланып кетпеши керек, анткени Жахаба Кудайыңар энчиңерге берип жаткан жерде Жахаба силерге батасын берет.+
5 Бирок Жахаба Кудайыңар батасын бериши үчүн, айткандарына толук баш ийип, мен бүгүн буйрук кылган осуяттардын баарын кылдат аткарышыңар керек.+
6 Жахаба Кудайыңар, өзү убада кылгандай, силерге батасын берет. Ошондо силер башка элдерге карыз бересиңер, өзүңөр болсо карыз албайсыңар,+ көптөгөн элдерге үстөмдүк кыласыңар, алар болсо силерге үстөмдүк кыла алышпайт.+
7 Эгер Жахаба Кудайыңар силерге берген жердеги шаарлардын биринде жашаган ысрайылдыктардын бири жакырланып кетсе, ага кайрымдуу болгула, сараңдык кылбагыла.+
8 Берешен болуп, карызга эмне сураса, ошону бергиле, канча сураса, ошончо бергиле.+
9 Сак болгула, ичиңерден: „Карызды кече турган жетинчи жыл жакындап келатат“,+— деп ойлоп, жакырланып кеткен ал ысрайылдыкка эч нерсе бербей койбогула, сараңданбагыла. Болбосо ал силердин үстүңөрдөн Жахабага арызданат, ошондо күнөөлүү болуп каласыңар.+
10 Ага карыз бергиле.+ Карыз берип жатканда ичиңер ачышпасын. Ошондо Жахаба Кудайыңар кылган иш-аракетиңердин баарына батасын берет.+
11 Силер жашаган жерде жакырлар болбой койбойт.+ Ошон үчүн силерге: „Жакырларга, бей-бечараларга кайрымдуу болгула“,— деп буйрук кылып жатам.+
12 Эгер өз элиңердин арасынан еврей эркекти же аялды кул кылып сатып алган болсоңор, анан ал 6 жыл кызмат кылып берген болсо, жетинчи жылы аны эркиндикке чыгаргыла.+
13 Эркиндикке чыгарганда куру кол кетирбегиле.
14 Ага малыңардан, эгиниңерден, майыңардан, шарабыңардан бергиле. Жахаба Кудайыңар силерге батасын бергендиктен, силер да ал бир тууганыңарга бергиле.
15 Мисир жеринде кул болгонуңарды, Жахаба Кудайыңардын силерди ошол жактан кун төлөп эркиндикке чыгарганын унутпагыла. Ошон үчүн бүгүн силерге ушуларды буйрук кылып жатам.
16 Ал эми кулуңар силерди да, үйүңөрдөгүлөрдү да жакшы көргөндүктөн, силердикинде жашаган ага жаккандыктан: „Эч жакка кетпейм“,— десе,+
17 анда кулагын эшикке же кашекке такап туруп, шибеге менен тешип койгула. Ошондо ал өмүр бою силерге кул болот. Күңүңөрдү да ошенткиле.
18 Кулуңарды эркиндикке кыйылбай, чын көңүлдөн чыгаргыла, анткени ал 6 жыл ичинде жалданма жумушчуга караганда эки эсе көп кызмат кылды, ошол жылдары Жахаба Кудайыңар бардык иштериңерге батасын берип келди.
19 Бодо малыңар менен майда малыңардын биринчи төлүн, эркегин, Жахаба Кудайыңарга арнап ыйыктагыла.+ Бодо малыңардын биринчи төлүн иштетпегиле, майда малыңардын биринчи төлүнүн жүнүн кыркпагыла.
20 Аларды Жахаба тандаган жерде жыл сайын үйүңөрдөгүлөр менен чогуу Жахаба Кудайыңардын алдында союп жегиле.+
21 Эгер аксак же сокур болсо же дагы башка кемтиги бар болсо, Жахаба Кудайыңарга курмандыкка чалбагыла.+
22 Аларды өз шаарыңарда жегиле. Этин, жейрен менен бугунун этиндей эле, таза киши да, таза эмес киши да жесе болот.+
23 Бирок канын жебегиле.+ Аны суу төккөндөй жерге төгүп салгыла.+