Мыйзам 19:1—21

  • Бирөөнү өлтүрүп алуу жана баш калкалай турган шаарлар (1—13)

  • Жердин чек белгилерин жылдырбаш керек (14)

  • Соттогу күбөлөр (15—21)

    • 2 же 3 күбөнүн ырастоосу керек (15)

19  Жахаба Кудайыңар берип жаткан жердеги элдерди Жахаба Кудайыңар жок кылганда жана силер алардын жерин ээлеп алып, шаарлары менен үйлөрүндө жашап калганда,+ 2  Жахаба Кудайыңар берген ошол жерден 3 шаарды бөлүп койгула.+ 3  Жахаба Кудайыңар силерге берген жерди үчкө бөлгүлө. Ар бир бөлүгүндө ошол шаарлардын бири болсун. Анан ал шаарларга барганга жол даярдагыла: бирөөнү өлтүрүп алган киши алардын бирине качып бара алгыдай болсун. 4  Кимдир бирөөнү өлтүрүп алган киши аман калышы үчүн ал жакка мындай учурда качып бара алат: эгер ал өзү жек көрбөгөн бирөөнү кокусунан өлтүрүп алса,+ 5  мисалы, кимдир бирөө менен отун алганы токойго барып, бак кыйып жатканда, балтасынын башы чыгып кетип, жанындагы кишиге тийип, ал өлүп калса, анда тиги киши аман калыш үчүн ошол шаарлардын бирине качып барышы керек.+ 6  Эгер шаар өтө алыс болсо, өлгөн адамдын кунун кууган киши+ ачууга алдырып, аны кууп жетип, өлтүрүп коюшу мүмкүн. Ошондо ал бөөдө жерден эле өлүп калган болот, анткени өлтүрүп алган кишисин жек көрчү эмес.+ 7  Мына ошондуктан силерге: „Үч шаарды бөлүп койгула“,— деп буйрук кылып жатам. 8  Жахаба Кудайыңар, ата-бабаларыңарга өзү убада кылгандай, жериңерди кеңейтип,+ аларга убада кылган жердин баарын силерге бергенде+ 9  мен бүгүн буйрук кылган осуяттардын баарын так аткарып, Жахаба Кудайыңарды сүйүп, дайыма анын жолунда жүргөнүңөр үчүн, ал жердин баарын силерге бергенде+ — бул 3 шаардан сырткары дагы башка 3 шаарды бөлүп койгула.+ 10  Ошондо Жахаба Кудайыңар энчиңерге берген жерде бейкүнөө адамдын каны төгүлбөйт,+ канга забын болбойсуңар.+ 11  Ал эми кимдир бирөө жашынып алып, өзү жек көргөн кишисине+ кол салып, аны өлтүрүп койсо, анан ошол шаарлардын бирине качып барса, 12  анда ал жашаган шаардын аксакалдары аны ал жактан кайра алдырып, өлгөн кишинин кунун кууган адамдын колуна салып беришсин, ал өлүшү керек.+ 13  Аны аябагыла. Өзүңөргө жакшы болушу үчүн, айыпсыз адамдын канына забын болуп калган Ысрайылды күнөөдөн арылткыла.+ 14  Жахаба Кудайыңар энчиңерге берип жаткан жерде башка бирөөнүн жеринин чек белгилерин+ ата-бабаларыңар койгон жерден жылдырбагыла. 15  Бирөөнү кандайдыр бир күнөө же кылмыш кылды деп чечим чыгарыш үчүн бир күбө жетишсиз.+ Анын иши 2 же 3 күбөнүн ырастоосу боюнча каралышы керек.+ 16  Эгер бирөө арам ой менен башка бирөөгө каршы күбөгө өтүп, аны күнөө кылды деп айыптаса,+ 17  анда ортосунда талашы бар эки киши тең Жахабанын алдына, дин кызматчылар менен ошол убактагы соттордун алдына, барсын.+ 18  Соттор баарын жакшылап териштириши керек.+ Эгер күбө калп айтып, тиги кишиге жалган жалаа жапкан болсо, 19  анда ага кандай жамандык ойлосо, өзүнө да ошондой жамандык кылгыла.+ Араңардан жамандыкты ошентип жок кылгыла.+ 20  Ошондо бул жөнүндө калган эл угуп, коркуп калат да, араңарда андай жаман иш экинчи жасалбайт.+ 21  Андай кишини аябагыла:+ жанга жан, көзгө көз, тишке тиш, колго кол, бутка бут болсун.+

Шилтемелер