Мыйзам 2:1—37

  • 38 жыл чөл кезүү (1—23)

  • Хешпондун падышасы Сихон жеңилет (24—37)

2  Андан кийин бурулуп, Жахаба мага айткандай, Кызыл деңизди көздөй кеткен жол менен чөлгө жөнөдүк.+ Сеир тоосунун тегерегинде көп күн жүрдүк. 2  Акыр-аягы, Жахаба мага: 3  „Бул тоонун тегерегинде жүргөнүңөргө көп болду. Эми түндүктү көздөй бет алгыла. 4  Элге мындай буйрук бер: “Силер боордошторуңардын, Сеирде+ жашаган Эйсаптын тукумдарынын,+ чек арасынын жанынан өтөсүңөр. Алар силерди көрүп коркуп кетишет,+ ошондо сак болгула. 5  Алар менен чатакташпагыла, анткени силерге алардын жеринен алакандай* да жер бербейм. Сеир тоосун мен Эйсапка бергем.+ 6  Тамак-ашты алардан сатып алып жеп, сууну да сатып алып ичесиңер.+ 7  Жахаба Кудайыңар бардык ишиңерге батасын берди. Ал учу-кыйыры көрүнбөгөн ушул чөлдө баскан ар бир кадамыңарды билет. 40 жыл бою Жахаба Кудайыңар силерди колдоп жүрдү. Эч нерседен өксүгөн жоксуңар”“,— деди.+ 8  Ошентип, биз боордошторубуздун, Сеирде жашаган Эйсаптын тукумдарынын,+ жанынан өттүк. Тактап айтканда, Арабага алып барчу жолдон жана Элат менен Эсион-Геберден+ алысыраак жерден өттүк. Анан бурулуп, Мааптын чөлдүү түздүктөрүнө кеткен жолго түштүк.+ 9  Жахаба мага: „Маап элине кол салбагыла, алар менен согушпагыла, анткени силерге алардын жерин бербейм. Арды мен Лоттун урпактарына бергем.+ 10  (Ал жерде мурун эмимдер+ жашаган. Алар күчтүү, көп сандаган эл болгон. Анактын тукумдарындай алп кишилер болушкан. 11  Репаимдер+ да Анактын+ тукумдарына окшош болчу. Мааптыктар аларды эмимдер деп коюшчу. 12  Сеирде болсо мурун хорлуктар+ жашачу. Эйсаптын урпактары алардын жерин тартып алып, өздөрүн кырып, ошол жерде жашап калышкан.+ Ысрайыл эли да өзүнө таандык жерди, Жахаба бере турган жерди, ошентип ээлеп алат.) 13  Эми Зеред өрөөнүнөн өткүлө“,— деди. Ошентип, биз Зеред өрөөнү аркылуу өттүк.+ 14  Кадеш-Барниден чыгып, Зеред өрөөнү аркылуу өткөнгө чейин 38 жыл өттү. Ошол убакыт аралыгында, Жахаба ант бергендей, элдин арасындагы согушка жарактуу эркектердин баары өлүп жок болду.+ 15  Алардын баары элинин арасынан жок болгонго чейин, Жахаба күчүн аларга каршы колдонду*.+ 16  Согушка жарактуу эркектердин баары элдин арасынан жок болгондо,+ 17  Жахаба мага дагы кайрылып, мындай деди: 18  „Бүгүн силер Маап жеринин чек арасынан, тактап айтканда, Ар аркылуу өтөсүңөр. 19  Амондун урпактарына жакындаганда алар менен чатакташпагыла, аларга кол салбагыла. Анткени алардын жерин силерге бербейм, аны Лоттун урпактарына бергем.+ 20  Ал жер репаимдердин жери болуп да эсептелчү.+ (Мурун ал жерде репаимдер жашачу, амон эли аларды замзумимдер деп аташчу. 21  Алар күчтүү, саны көп эл болчу. Анактын тукумдарындай алп кишилер эле.+ Бирок Жахаба Амондун тукумдарына жардам бергендиктен, алар репаимдерди кырып, алардын жеринде жашап калышкан. 22  Кудай Сеирде жашаган Эйсаптын тукумдарына+ да ушинтип жардам берген: алар хорлуктарды талкалап,+ жерин тартып алышкан. Ушул күнгө чейин алар ошол жерде жашашат. 23  Абымдар болсо Газага+ чейинки айыл-кыштактарда жашашкан. Бирок кийин Каптордон* келген капторимдер+ аларды жок кылып, жерин ээлеп алышкан.) 24  Эми жолго чыгып, Арнон өрөөнү+ аркылуу өткүлө. Мен Хешпондун падышасы аморлук Сихонду+ колуңарга салып бердим. Аны менен согушуп, жерин ээлеп алгыла. 25  Ушул күндөн тартып силер жөнүндө уккан жер бетиндеги элдердин баарын силерден коркуп, үрөйү уча тургандай кылам. Алар дүрбөлөңгө түшүп, силерден коркконунан титирешет*“.+ 26  Анан мен Кедемот+ чөлүнөн Хешпондун падышасы Сихонго тынчтык сунуштап,+ кабарчылардан: 27  „Жериң аркылуу өткөнгө уруксат эт. Оңго да, солго да бурулбай, чоң жол менен гана өтүп кетебиз.+ 28  Тамак-ашты силерден сатып алып жейбиз, сууну да сатып алып ичебиз. Өтүп кеткенге эле уруксат этсең болду. 29  Жахаба Кудайыбыз берген жерге Иордан дарыясы аркылуу өтүп кеткенче, бизге Сеирде жашаган Эйсаптын тукумдары менен Арда жашаган Мааптын тукумдары кылганды эле кылып койчу“,— деп айттырып жибергем. 30  Бирок Хешпондун падышасы Сихон өзүнүн жеринен өткөнгө уруксат бербей койду. Анткени аны колуңарга салып бериш үчүн Жахаба Кудайыңар анын өжөрлөнүшүнө,+ тоң моюн болушуна жол берип койду. Ошентип, аны колуңарга салып берди.+ 31  Ошондо Жахаба мага: “Сихонду жери менен кошо силерге берип жатам. Анын жерин басып алгыла”,— деген.+ 32  Анан Сихон бүт аскерин чогултуп, биз менен согушканы Жааска келгенде,+ 33  Жахаба Кудайыбыз аны колубузга салып берди. Биз анын өзүн да, уулдарын да, аскерин да кырып таштадык. 34  Анын бардык шаарларын басып алып, аларды талкалап, эркектерин, аялдарын, балдарын кырып жок кылдык, эч кимисин тирүү калтырган жокпуз.+ 35  Малы менен басып алган шаарларындагы мүлкүн гана олжолоп алдык. 36  Арнон өрөөнүнүн четиндеги Ароерден+ тартып (өрөөндөгү шаарды кошо алганда) Гилатка чейин биз басып албаган бир да шаар калган жок. Жахаба Кудайыбыз алардын баарын колубузга салып берди.+ 37  Силер Амондун урпактарынын жерине:+ Жабок+ өрөөнүнүн четиндеги жерлерге, тоолуу аймактагы шаарларга жана Жахаба Кудайыбыз тийбегиле деп айткан жерлерге гана тийген жоксуңар.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «тамандын эниндей».
Сөзмө-сөз: «Жахабанын колу аларга каршы болду».
Б. а. Криттен.
Же: «толгоо тарткандай кыйналышат».