Мыйзам 21:1—23

  • Киши өлтүргөн адам белгисиз болсо (1—9)

  • Туткунга түшкөн кызга үйлөнүү (10—14)

  • Туңгучтук укук (15—17)

  • Ээнбаш уул (18—21)

  • Устунга кадалган адам каргышка калган (22, 23)

21  Эгер Жахаба Кудайыңар силерге берген жерде талаадан кишинин өлүгү табылса, бирок аны ким өлтүргөнү белгисиз болсо, 2  аксакалдар менен соттор+ барып, өлүк жаткан жерден анын тегерегиндеги шаарларга чейинки аралыкты өлчөп чыгышсын. 3  Анан ошол жерге эң жакын шаардын аксакалдары малынын арасынан моюнтурук салына элек, жумушка салына элек кунажынды алып, 4  аны иштетилбеген, үрөн себилбеген, агын суусу бар өрөөнгө жетелеп барышсын да, ошол жерден моюнун сындыра чабышсын.+ 5  Ал жерге дин кызматчы-лебилер да барышсын. Анткени Жахаба Кудайыңар аларды өзүнө кызмат кылышы үчүн+ жана Жахабанын атынан элге бата бериши үчүн+ тандап алган. Кандай зордук-зомбулук жасалбасын, ага байланышкан талаш-тартышты ошолор чечишет.+ 6  Кишинин өлүгү жаткан жерге эң жакын жайгашкан шаардын бардык аксакалдары өрөөндө моюну сындыра чабылган кунажындын үстүнө колдорун суу менен жууп:+ 7  „Бул канды биздин колубуз төккөн жок, ким төккөнүн да көргөн жокпуз. 8  Оо, Жахаба, өзүң кун төлөп куткарып алган ысрайыл элиңди айыптай көрбө,+ бейкүнөө кишинин каны үчүн ысрайыл элин айыпка жыга көрбө“,+— дешсин. Ошондо алар кан төгүлгөнү үчүн күнөөлүү болушпайт. 9  Ошентип, бейкүнөө кишинин каны үчүн айыптуу болбойсуңар, анткени Жахабанын алдында туура иш кылган болосуңар. 10  Душманыңар менен согушканда, Жахаба Кудайыңар силерди жеңишке жеткирип, аларды туткундап алганыңарда,+ 11  араңардан кимдир бирөө туткундардын арасынан сулуу кызды көрүп жактырып калып, аялдыкка алгысы келсе, 12  анда аны үйүнө алып барсын. Кыз чачын кырып, тырмактарын алсын, 13  туткунга түшкөндөгү кийимин чечсин, ал кишинин үйүндө жашап, ата-энесин бир ай бою жоктоп ыйласын.+ Ошондон кийин ага үйлөнсө болот, ал анын аялы болуп калат. 14  Эгер кайра жакпай калса, аны каалаган жагына коё берсин.+ Бирок сатпашы керек же ага катаал мамиле кылбашы керек, себеби аны зордоп алган. 15  Эгер кимдир бирөөнүн эки аялы болсо жана ал алардын бирин көбүрөөк жакшы көрсө, анан эки аялы тең уул төрөп берсе, тун уулу анча жакшы көрбөгөн аялыныкы болсо,+ 16  анда ал киши уулдарына энчисин бөлүштүргөндө анча жакшы көрбөгөн аялы төрөп берген тун уулун жерип, туңгучтук укугун көбүрөөк жакшы көргөн аялынын уулуна берип койбошу керек. 17  Ал мал-мүлкүнөн анча жакшы көрбөгөн аялынын уулуна тун уулу катары эки эсе көп бериши керек, анткени ал — тукумунун эң алгачкысы. Туңгучтук укугу ага таандык.+ 18  Эгер кимдир бирөөнүн уулу өзүнүкүн бербеген ээнбаш чыгып, атасынын да, энесинин да сөзүн укпаса,+ алардын оңдоп-түзөгөнүнө карабай оңолбосо,+ 19  анда ата-энеси аны өздөрү жашаган шаардын дарбазасынын алдында отурган аксакалдарга алып барып: 20  „Уулубуз өзүнүкүн бербеген ээнбаш чыкты, айтканыбызды укпайт, соргок,+ аракеч“,+— деп айтышсын. 21  Анан ал шаардагы кишилердин баары аны таш бараңга алып өлтүрсүн. Ошентип, араңардан жамандыкты жок кыласыңар. Ошондо бул жөнүндө бүт Ысрайыл угуп, коркуп калат.+ 22  Эгер кимдир бирөө өлүм жазасына тартылгыдай күнөө кылып, өлтүрүлгөндөн кийин+ устунга кадалса,+ 23  өлүгү түнү бою устунда калбашы керек.+ Анын сөөгүн ошол эле күнү койгула, анткени устунга кадалган ар бир адам — Кудайдын каргышына калган адам.+ Жахаба Кудайыңар энчиңерге берип жаткан жерди арамдабагыла.+

Шилтемелер