Мыйзам 22:1—30

  • Башка бирөөнүн малына кам көрүү (1—4)

  • Аял эркектин, эркек аялдын кийимин кийбеши керек (5)

  • Жан-жаныбарларга боорукер мамиле кылуу (6, 7)

  • Үйдүн чатырына тегерете тосмо жасоо (8)

  • Аралаштырганга болбой турган нерселер (9—11)

  • Жамынчыга тагылган чачылар (12)

  • Жыныстык адеп-ахлаксыздыкка байланыштуу мыйзамдар (13—30)

22  Элиңердин арасынан бирөөнүн адашып калган букасын же коюн көрсөңөр, көрмөксөнгө салып өтүп кетпегиле.+ Аны ээсине жеткирип бергиле. 2  Эгер ал алыс жашаса же аны тааныбасаңар, анда малды алып барып, ээси издеп келгиче, үйүңөрдө кармап тургула. Ээси келгенде, бергиле.+ 3  Бирөөнүн жоготуп алган эшегин таап аласыңарбы, кийиминби же дагы башка нерсесинби, эмнесин таап албагыла, ошондой кылгыла. Андайда кыя өтүп кетпегиле. 4  Бирөөнүн эшегинин же букасынын жолдо жыгылып калганын көрсөңөр, көрмөксөнгө салып өтүп кетпегиле. Ээсине малын тургузганга жардам бергиле.+ 5  Аял эркектин, эркек аялдын кийимин кийбеши керек, анткени Жахаба Кудайыңар үчүн андай кылгандардын баары жийиркеничтүү. 6  Жолдо баратып даракка же жерге салынган уяда балапандары менен жаткан же жумурткаларын басып жаткан канаттууну көрсөңөр, аны балапандарына кошуп албагыла.+ 7  Балапандарын алсаңар алгыла, бирок энесин коё бергиле. Өзүңөргө жакшы болушу үчүн, өмүрүңөр узун болушу үчүн ошенткиле. 8  Үй кура турган болсоңор, кимдир бирөө кулап кетип, үйүңөрдөгүлөрдүн баары канга забын болуп калбашы үчүн, үйдүн чатырына тегерете тосмо жасап койгула.+ 9  Жүзүмзарыңарга жүзүмдөн башка эч нерсенин уругун сеппегиле*.+ Болбосо сепкен уругуңардан өсүп чыккан нерсе да, жүзүмдүн түшүмү да — баары ыйык жайга таандык болуп калат. 10  Бука менен эшекти кошуп жер айдабагыла.+ 11  Жүн менен зыгыр буласы аралаштырылып токулган кездемеден кийим кийбегиле.+ 12  Үстүңөргө жамынган жамынчыңардын төрт учуна чачы тагып койгула.+ 13  Эгер кимдир бирөө аял алгандан кийин аны жек көрүп калса, 14  анан: „Мен муну аялдыкка алганда, кыз эмес болчу“ — деп, анын ыпылас иш кылганын айтып, жаманатты кылса, 15  анда кыздын ата-энеси анын кыз экенин далилдеген нерсени шаардын дарбазасынын алдында отурган аксакалдарга алып барышсын. 16  Анан атасы аксакалдарга: „Мен кызымды буга берген болчумун. Бул болсо аны жек көрүп калып: 17  “Кызыңыз кыз эмес болчу”,— деп аны каралап жатат. Мына кызымдын кыз экенинин далили“,— деп айтсын. Анан шаардын аксакалдарынын алдына кездемени* жайышсын. 18  Шаардын аксакалдары+ тиги кишини жазалашы керек.+ 19  Ысрайылдык кызды жаманатты кылганы үчүн, алар ага 1 килограммдай күмүш* төлөтүп, аны кыздын атасына беришсин. Кыз анын аялы болуп кала берет, күйөөсү аны менен өмүрү өткөнчө ажыраша албайт.+ 20  Эгер күйөөсүнүн айткандары ырасталып, кыздын кыз эмес экени чын болуп чыкса, 21  анда аны атасынын үйүнүн алдына алып барып, шаардын эркектеринин баары таш бараңга алып өлтүрсүн. Анткени ал атасынын үйүндө жүрүп ыпылас ишке барып*,+ Ысрайылда уятсыз иш кылды.+ Ошентип, араңардан жамандыкты жок кылгыла.+ 22  Эгер кайсы бир эркек күйөөсү бар аял менен жатса, анда экөө тең: аял менен жаткан эркек да, аял да өлүм жазасына тартылсын.+ Ошентип, ысрайыл элинин арасынан жамандыкты жок кылгыла. 23  Эгер кайсы бир эркек шаардан жигити менен баш кошконго убадалашып койгон кызды жолуктуруп, аны менен жатса, 24  анда экөөнү тең шаардын дарбазасынын алдына алып барып, таш бараңга алып өлтүргүлө. Кыз шаарда болуп туруп жардам сурап кыйкырбаганы үчүн, ал эми эркек башка бирөөнүн аялын бузуп койгону үчүн өлүшү керек.+ Ошентип, араңардан жамандыкты жок кылгыла. 25  Эгер кайсы бир эркек талаадан жигити менен баш кошконго убадалашып койгон кызды кармап алып, зордуктап койсо, анда өлүм жазасына тартылсын. 26  Ал эми кызга тийбегиле, анткени ал өлүм жазасына тартылгыдай күнөө кылган жок. Бул кимдир бирөө башка бирөөгө кол салып өлтүрүп койгонго окшогон эле жагдай.+ 27  Ал кызды тиги киши талаадан кармап алгандыктан, кыз кыйкырса да, аны куткара турган эч ким болгон эмес. 28  Эгер кайсы бир эркек бирөө менен баш кошконго убадалаша элек кызды кармап алып, аны менен жатса, анан бул билинип калса,+ 29  анда ал киши кыздын атасына 570 грамм* күмүш төлөп, кызды аялдыкка алсын.+ Бузуп койгону үчүн ал аны менен өмүр бою ажыраша албайт. 30  Эч ким атасынын аялын алып, атасын шерменде кылбасын.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Жүзүмзарыңарга эки түрдүү урук сеппегиле».
Сыягы, жатканда кийген кийими болсо керек.
Сөзмө-сөз: «100 шекел күмүш». Б14 тиркемесин кара.
Же: «сойкулук кылып».
Сөзмө-сөз: «50 шекел».