Мыйзам 25:1—19

  • Балак алуу (1—3)

  • Эгин бастырып жаткан өгүздүн оозун таңбаш керек (4)

  • Жесирге кайнагасы же кайниси үйлөнүшү керек (5—10)

  • Мушташ учурунда кылбаш керек болгон иш (11, 12)

  • Тараза ташы да, өлчөгүч да туура, так болсун (13—16)

  • Амалыктын тукумдарын жок кылуу (17—19)

25  Эгер эки киши чатакташа кетсе, соттордун алдына барышсын.+ Соттор экөөнүн ишин териштирип көрүп, кимиси күнөөлүү, кимиси күнөөлүү эмес экенин аныкташат.+ 2  Эгер күнөөлүүсүн жазалап балак алыш керек болсо,+ анда соттун буйругу менен аны жерге жаткызып, соттун көзүнчө кылмышына жараша балак алышсын. 3  Андан 40 жолу балак+ алса болот, андан ашык алганга болбойт. Эгер андан ашык алынса, бир тууганыңар көз алдыңарда кемсинтилип калат. 4  Эгин бастырып жатканда буканын оозун таңбагыла.+ 5  Эгер бири-бирине жакын жашаган* ага-инилердин бири уул көрбөй өлүп калса, аялы бөтөн кишиге турмушка чыкпасын. Кайнагасы же кайниси туугандык милдетин* аткарып, ага үйлөнсүн.+ 6  Өлгөн бир тууганынын аты ысрайыл элинин арасынан өчүп калбашы үчүн,+ ал аял төрөп берген тун баласы өлгөн бир тууганыныкы болуп эсептелет.+ 7  Эгер кимдир бирөө өлгөн бир тууганынын аялына үйлөнгүсү келбесе, анда аял шаар дарбазасынын алдында отурган аксакалдарга барып: „Күйөөмдүн бир тууганы өз милдетин аткаргандан баш тартып, мага үйлөнгүсү келбей жатат. Эми бир тууганынын аты ысрайыл элинин арасынан өчүп калабы?“ — десин. 8  Шаардын аксакалдары ал кишини чакырып, сүйлөшүп көрүшөт. Эгерде ал: „Ага үйлөнбөйм“,— десе, 9  анда бир тууганынын жесир калган аялы аксакалдардын көзүнчө жанына барсын да, анын бутундагы сандалын чечип,+ бетине түкүрүп: „Бир тууганынын тукумун улагысы келбеген кишини ушундай кылат“,— десин. 10  Андай кишинин үй-бүлөсү* Ысрайылда „сандалын чечтиргендин үй-бүлөсү“ деген атка конот. 11  Эки киши мушташып жатканда, биринин аялы келип, күйөөсүнө болушуп, аны уруп жаткан кишини жыныстык мүчөсүнөн мыкчып кармап алса, 12  аялдын колун кесип салгыла, аны аябагыла. 13  Баштыгыңарда эки түрдүү: бири оор, бири жеңил тараза ташы болбосун.+ 14  Үйүңөрдө эки түрдүү: бири чоң, бири кичине өлчөгүч идиш болбосун.+ 15  Жахаба Кудайыңар берген жерде узак жашашыңар үчүн, тараза ташыңар да, өлчөгүчүңөр да дайыма туура жана так болсун.+ 16  Анткени ошентип башкаларды алдагандардын баары Жахаба Кудайыңар үчүн жийиркеничтүү.+ 17  Мисирден келатканыңарда Амалыктын тукумдарынын силерге эмне кылганын унутпагыла.+ 18  Чарчап-чаалыгып келатканыңарда, алар артта калгандарыңарга кол салышкан, Кудайдан коркушкан эмес. 19  Жахаба Кудайыңар энчиңерге берип жаткан жерде Жахаба Кудайыңар айланаңардагы бардык душмандардан коргоп, тынчтык бергенде,+ Амалыктын тукумдарын жер бетинен жок кылып, эч качан эскерилбей тургандай кылгыла,+ ушуну унутпагыла.

Шилтемелер

Сыягы, бир аймакта жашаган.
Же: «ал киши».