Мыйзам 26:1—19
26 Жахаба Кудайыңар энчиңерге берген жерди ээлеп, ошол жерде жашап калганда
2 Жахаба Кудайыңар берген жерден алган бардык түшүмүңөрдүн алгачкыларынан себетке салып, Жахаба Кудайыңар өз ысмын даңкташ үчүн тандаган жерге алып баргыла.+
3 Анан ошол убакта кызмат кылган дин кызматчыга барып: „Мына, азыр мен Жахаба бизге берем деп ата-бабаларыбызга убада кылган жерде жашап жатам. Бүгүн Жахаба Кудайыбызга ыраазычылык билдиргени келдим“,— деп айткыла.+
4 Дин кызматчы колуңардагы себетти алып, Жахаба Кудайыңардын курмандык жайынын алдына коёт.
5 Анан силер Жахаба Кудайыңардын алдында: „Менин бабам көчүп-конуп жүргөн* арамдык* киши болгон.+ Ал бала-бакырасы менен Мисирге барып,+ ал жерде келгин катары жашап калган.+ Ошол жерде андан улуу, күчтүү, сансыз эл чыккан.+
6 Мисирликтер бизге жаман мамиле жасап, бизди эзип, кул кылып, оор жумушка салышкан.+
7 Ошондо биз ата-бабаларыбыздын Кудайы Жахабага жалынганбыз. Жахаба үнүбүздү угуп, тарткан азабыбызды, кыйналганыбызды, эзилгенибизди көргөн.+
8 Анан Жахаба жүрөк титиреткен иштерди кылып, керемет-жышаандарды көрсөтүп, кудуреттүү күчү менен бизди Мисирден алып чыккан.+
9 Анан бизди бул жакка алып келип, сүт менен бал аккан ушул жерди берди.+
10 Ошондуктан мен Жахаба берген жерден алган түшүмүмдүн алгачкыларын алып келдим“,+— дегиле.
Анан себетиңерди Жахаба Кудайыңардын алдына коюп, Жахаба Кудайыңарга таазим кылгыла.
11 Өзүңөр да, лебилер да, араңарда жашаган бөтөн жерликтер да Жахаба Кудайыңардын силер менен үйүңөрдөгүлөргө берген бардык жакшы нерселерине кубангыла.+
12 Үчүнчү жылы алган түшүмүңөрдү жыйнаган соң, баарынын ондон бир бөлүгүн чогултуп,+ лебилерге, бөтөн жерликтерге, жетим-жесирлерге бергиле. Алар аны шаарыңарда тойгончо жешсин.+
13 Жахаба Кудайыңарга: „Өзүмө ыйык нерселердин бирин да алып калган жокмун. Осуяттарың боюнча, аларды лебилерге, бөтөн жерликтерге, жетим-жесирлерге бердим.+ Осуяттарыңды бузган жокмун, унуткан жокмун.
14 Кайгырып жатканда* ыйык нерселерден жеген жокмун, таза эмес болгондо аларга тийген жокмун, өлгөндөргө багыштап ыйык нерселерден эч нерсе берген жокмун. Жахаба Кудайым, айткандарыңды уктум, баарын мага буйруганыңдай кылдым.
15 Асмандан, ыйык турагыңдан, назарыңды салып, ата-бабаларыбызга берген убадаң+ боюнча бизге берген ушул жерге,+ сүт менен бал аккан жерге,+ ысрайыл элиңе батаңды бер“,— деп айткыла.
16 Жахаба Кудайыңар бүгүн силерге ушул көрсөтмөлөр менен мыйзамдардын баарын аткаргыла деп буйрук кылып жатат. Аларды бүт жүрөгүңөр,+ бүт жан-дилиңер менен аткаргыла.
17 Бүгүн Жахаба силерге, эгер анын жолунда жүрсөңөр, көрсөтмөлөрүн,+ осуяттары+ менен мыйзамдарын аткарсаңар,+ ага баш ийсеңер, силердин Кудайыңар болорун айтып жатат.
18 Силер болсо Жахабага, ал убада кылгандай, анын эли, кымбат баалуу* менчиги болоруңарды,+ осуяттарынын баарын аткарарыңарды айтып жатасыңар.
19 Эгер Жахаба Кудайыңардын ыйык эли болсоңор,+ өзү убада кылгандай, ал силерди өзү жараткан башка элдердин баарынан жогору коёт,+ атагыңар чыгып, макталып-даңкталасыңар».
Шилтемелер
^ Же балким: «өмүрүнө коркунуч туулган».
^ Же: «сириялык». Жакыптын Сириядагы Харанда жашаган убагы жөнүндө айтылып жатат.
^ Б. а. жакынынан айрылып, күйүт тартып жатканда.
^ Же: «өзгөчө».