Мыйзам 28:1—68
28 Эгер Жахаба Кудайыңарды угуп, мен бүгүн буйрук кылган осуяттарынын бардыгын кылдат аткарсаңар, Жахаба Кудайыңар силерди жер бетиндеги башка элдердин баарынан жогору коёт.+
2 Эгерде Жахаба Кудайыңарды уксаңар, ал силерге батасын төгөт:+
3 Силерге шаарыңарда да, талааңарда да батасын берет.+
4 Бала-бакыраңарды көбөйтөт,+ жериңерден алган түшүмүңөрдү мол кылат, малыңардын төлүн, музоолоруңар менен козуларыңарды, көбөйтөт.+
5 Ал батасын бергендиктен, себетиңер+ менен камыр жууруган идишиңер бөксөрбөйт.+
6 Эмне кылбагыла, бардык ишиңерге батасын берет.
7 Жахаба силерге каршы чыккан душмандардын баарын кыйратат.+ Алар силер менен согушканы бир жол менен келишет да, качканда жети башка жол менен качышат.+
8 Жахаба кампаларыңарды толтуруп,+ бардык иш-аракетиңерге батасын берет. Жахаба Кудайыңар өзү берген жерде силерге сөзсүз батасын берет.
9 Эгер дайыма Жахаба Кудайыңардын осуяттарын аткарып, анын жолунда жүрсөңөр, Жахаба өзү ант бергендей,+ ыйык эли болосуңар.+
10 Жер бетиндеги бардык элдер силердин Жахабанын ысмы менен аталганыңарды көрүп,+ силерден коркуп калышат.+
11 Жахаба силерге берем деп ата-бабаларыңарга убада кылган жерде+ Жахаба бала-бакыраңарды да, малыңарды да көбөйтүп, түшүмүңөрдү мол кылат.+
12 Убагында жамгыр жаадырып, бардык ишиңерге батасын бериш үчүн Жахаба өзүнүн берекелүү кампасын, асманды, ачат.+ Ошондо көп элдерге карыз бересиңер, өзүңөр болсо карыз албайсыңар.+
13 Эгер Жахаба Кудайыңардын мен бүгүн силерге буйрук кылган осуяттарын аткарсаңар, Жахаба силерди куйрук эмес, баш кылат; башкалардан төмөн турбайсыңар, дайыма жогору турасыңар.+
14 Мен бүгүн силерге буйрук кылган осуяттарды так аткарып, алардан четтебегиле,+ башка кудайларга сыйынып, аларга кызмат кылбагыла.+
15 Эгер Жахаба Кудайыңарды укпасаңар, мен бүгүн буйрук кылган бардык осуяттары менен көрсөтмөлөрүн так аткарбасаңар, мындай каргыштарга каласыңар, алардан качып кутула албайсыңар:+
16 Шаарыңарда да, талааңарда да каргышка каласыңар.+
17 Каргыш тийгендиктен себетиңер+ менен камыр жууруган идишиңер какшып калат.+
18 Бала-чакаңар,+ жериңердин түшүмү, музоолоруңар менен козуларыңар+ каргышка калат.
19 Эмне иш кылбагыла, эч кандай ийгиликке жетпейсиңер.
20 Жаман иш кылганыңар үчүн, аны таштап кеткениңер үчүн кырылып, тез эле жок болуп кетмейинче, эмне иш кылбагыла, Жахаба силерди каргышка калтырат, дүрбөлөңгө түшүрөт, жазалайт.+
21 Ээлегени бараткан жерден силерди кырып жок кылмайын, Жахаба силерге жугуштуу ооруларды биринин артынан бирин жиберет.+
22 Жахаба силерди кургак учукка чалдыктырат, дене табыңар көтөрүлөт,+ бүткөн боюңар оттой күйөт, чоктой ысыйт. Ал силерди кылыч менен кырат,+ өсүмдүктөрүңөрдүн баары куйкаланат, көгөрүп чирийт.+ Кырылып жок болмоюн булардан арылбайсыңар.
23 Үстүңөрдөгү асман жездей, астыңардагы жер темирдей болот.+
24 Силер кырылып жок болмоюнча, Жахаба жериңерге жамгырдын ордуна кум менен чаң жаадыра берет.
25 Жахаба силерди душмандарыңардын алдында талкалайт.+ Алар менен согушканы чыкканда бир жол менен барасыңар да, качканда жети башка жол менен качасыңар. Башыңарга түшкөн жамандыкты уккан-көргөн падышалыктардын баарынын үрөйү учат.+
26 Өлүгүңөрдү асманда учкан куштар менен жердеги айбанаттар жейт, аларды эч ким кубалабайт.+
27 Жахаба силерге Мисирге жиберген жараларды каптатат, көк башка*, сары картка*, котурга чалдыктырат, булардан такыр айыкпайсыңар.
28 Жахаба силерди акылыңардан айнытат, сокур,+ деңдароо кылат.
29 Чак түш болуп турса да, сыйпалап баскан сокурга окшоп басасыңар.+ Эмне иш кылбагыла, жолуңар болбойт. Силерди дайыма алдашат, талап-тоношот, куткарган эч ким болбойт.+
30 Кимдир бирөөңөр бир кыз менен баш кошконго убадалашсаңар, аны зордуктап кетишет. Үй курасыңар, бирок ал үйдө жашабайсыңар,+ жүзүм отургузасыңар, бирок түшүмүн жебейсиңер.+
31 Букаңарды көзүңөрчө союшат, бирок этинен бир кесим да жебейсиңер. Эшегиңерди каратып туруп эле уурдап кетишет, андан биротоло кол жууйсуңар. Коюңарды душманыңар айдап кетет, алардан куткарган эч ким болбойт.
32 Уул-кыздарыңарды башка элдер алып кетип+ баратканын өз көзүңөр менен көрөсүңөр. Аларды сагынып куса болосуңар, бирок эч нерсе кыла албайсыңар.
33 Жериңердин түшүмүн, бүт азык-түлүгүңөрдү өзүңөр тааныбаган эл жейт.+ Силерди дайыма алдашат, катуу кысымга алышат.
34 Көргөн нерселериңерден улам акылыңардан ажырайсыңар.
35 Жахаба тизеңер менен саныңарга, таманыңардан төбөңөргө чейин жан сыздаткан айыккыс жара каптатат.
36 Жахаба силерди шайлап алган падышаңар менен кошо өзүңөр да, ата-бабаларыңар да билбеген элге алып барып таштайт.+ Ал жактан жыгачтан, таштан жасалган башка кудайларга кызмат кыласыңар.+
37 Жахаба силерди алып барып таштаган жердеги элдердин баарынын башыңарга түшкөн нерселерден улам үрөйү учат, аларга жек көрүндү*, шылдың болосуңар.+
38 Талааңарга көп үрөн сээп, аз түшүм аласыңар,+ анткени баарын чегиртке жеп кетет.
39 Жүзүм отургузуп, аны карап-өстүрөсүңөр, бирок түшүмүн жыйнабайсыңар, шарабын ичпейсиңер,+ анткени баарын курт жейт.
40 Жашаган жериңердин баарында зайтун дарактары өссө да, зайтун майы менен майланбайсыңар, анткени мөмөлөрү күбүлүп калат.
41 Уул-кыздуу болосуңар, бирок алар жаныңарда болбойт, себеби туткундалып кетишет.+
42 Бак-дарактарыңар менен талаадагы түшүмүңөрдүн баарын быжыраган курт-кумурскалар каптап, жеп салат.
43 Араңарда жашаган бөтөн жерлик жогорулагандан жогорулайт, силер болсо төмөндөгөндөн төмөндөйсүңөр.
44 Ал силерге карыз берет, силер болсо ага карыз бере албайсыңар.+ Ал баш болот, силер болсо куйрук болосуңар.+
45 Жахаба Кудайыңарды укпай, анын буйрук кылган осуяттары менен көрсөтмөлөрүн аткарбаганыңар үчүн+ ушул каргыштарга калып,+ акыры өлүп жок болосуңар.+
46 Өзүңөр да, укум-тукумуңар да каргышка калып, башкаларга түбөлүккө эскертүү, сабак болосуңар.+
47 Себеби баары мол болуп турса да, Жахаба Кудайыңарга чын жүрөктөн кубанып-шаттанып кызмат кылган жоксуңар.+
48 Жахаба силерге каршы жиберген душмандарыңарга ачка болуп,+ суусап, жылаңач-жыртык жүрүп, жокчулукта кызмат кыласыңар.+ Кудай силерди кырып жок кылмайын, мойнуңардан темир моюнтурук түшпөйт.
49 Жахаба силерге каршы тээ алыстан, жердин түбүнөн силер тилин түшүнбөгөн элди алып келет.+ Ал жемине шукшурулган бүркүттөй болуп келет.+
50 Ал эл — карыны сыйлабаган, жашты да аябаган таш боор эл.+
51 Силер кырылып жок болмоюнча, алар малыңардын төлүн, жериңердин түшүмүн жешет. Түбүңөргө жетмейинче силерге эгин да, май да, жаңы шарап да, музоо менен козу да калтырбайт.+
52 Силер таянган бекем, бийик дубалдарыңардын баары урамайынча, шаарларыңардын бардыгын курчап турушат, эч жакка чыгарышпайт. Ооба, Жахаба Кудайыңар берген жердеги шаарларыңардын баарын курчап алышат.+
53 Ошондо душмандарыңардын курчоосунда калып кыйналганыңардан улам Жахаба Кудайыңар берген балдарыңарды, уул-кыздарыңарды, жейсиңер.+
54 Атүгүл араңардагы назик, жумшак киши да өз бир тууганын, сүйгөн аялын, тирүү калган уулдарын аябайт.
55 Аларга өзү жеген уулдарынын этинен бир кесим да бербейт, анткени душмандарыңар шаарларыңардын баарын курчап алгандыктан, жегенге башка эч нерсеси калбайт.+
56 Назиктигинен атүгүл бутун да жерге койгусу келбеген үлпүлдөгөн аял+ да сүйгөн күйөөсүн, уул-кызын аябайт.
57 Аларга өзү төрөгөн баласын да, атүгүл ичинен түшкөн тонун да бергиси келбейт. Анткени душмандарыңар шаарларыңардын баарын курчап алгандыктан, жокчулуктун айынан кыйналып, аларды жашынып алып жейт.
58 Эгер бул китепте жазылган Мыйзамда айтылгандардын баарын кылдат аткарбасаңар,+ Жахаба+ Кудайыңардын кастарлоо сезимин туудурган даңктуу ысмын терең урматтабасаңар,+
59 анда Жахаба силерге да, укум-тукумуңарга да коркунучтуу, бүтпөгөн балээлерди,+ көпкө чейин кыйнаган катуу оору-дарттарды жиберет.
60 Ал силерге Мисирдеги өзүңөр корккон оорулардын баарын жиберет, алардан эч арылбайсыңар.
61 Силер кырылып жок болмоюнча, Жахаба Кудай Мыйзам жазылган бул китепте айтылбаган башка оорулар менен балээлерди да жиберет.
62 Асмандагы жылдыздардай көбөйсөңөр да,+ азыңар эле каласыңар,+ анткени Жахаба Кудайыңардын тилин алган жоксуңар.
63 Жахаба силерди өркүндөтүп-өстүргөндө, укум-тукумуңарды көбөйткөндө кандай кубанса, Жахаба силерди кырып жок кылганда да ошондой кубанат. Ээлегени бараткан жерден түп-тамырыңар менен жок болосуңар.
64 Жахаба силерди элдердин арасына, жердин бир четинен экинчи четине чейин чачыратып жиберет.+ Ал жерде өзүңөр да, ата-бабаларыңар да билбеген, жыгач менен таштан жасалган кудайларга кызмат кыласыңар.+
65 Ал элдердин арасында силерге тынчтык болбойт,+ бутуңарды сунуп эс ала турган жер таппайсыңар. Тескерисинче, ал жерде Жахаба жүрөгүңөрдү уйгу-туйгу кылат,+ көзүңөрдүн отун өчүрүп, тунартат, жаныңарды кейитет.+
66 Өз жаныңар үчүн коркуп, күнү-түнү титирейсиңер, аман каларыңарга көзүңөр жетпейт.
67 Жүрөгүңөрдүн үшүн алган коркунучтан, көзүңөр менен көргөн нерселерден улам эртең менен: „Кеч кирсе экен!“ — дейсиңер, кечинде болсо: „Таң атса экен!“ — дейсиңер.
68 Жахаба силерди кемеге салып, кайра Мисирге алып барат. Мен ал жол жөнүндө: „Аны мындан ары эч качан көрбөйсүңөр“,— деп айткам. Ал жактан өзүңөрдү душмандарыңарга кулдукка, күңдүккө сатасыңар, бирок силерди эч ким сатып албайт».