Мыйзам 31:1—30

  • Муса көз жумарга жакын (1—8)

  • Мыйзамды эл алдында окуп берүү (9—13)

  • Жашыя жол башчы болуп дайындалат (14, 15)

  • Ысрайыл элинин козголоңчулдугу алдын ала айтылат (16—30)

    • Ысрайыл элине үйрөтүш керек болгон ыр (19,22,30)

31  Андан кийин Муса бүт ысрайыл элинин алдына чыгып: 2  «Мен азыр 120 жаштамын.+ Мындан ары силерди жетектеп жүрө албайм, анткени Жахаба мага: „Иордандын аркы өйүзүнө өтпөйсүң“,— деп айткан.+ 3  Силерди дарыянын аркы өйүзүнө Жахаба Кудайыңар өзү жетектеп барат. Ал бул элдердин баарын алдыңарда кырып жок кылат, силер аларды кууп чыгасыңар.+ Жахаба айткандай, дарыянын аркы өйүзүнө силерди Жашыя баштап барат.+ 4  Жахаба аморлуктардын падышалары Сихон+ менен Октун+ жерин талкалап, аларды кандай кылса, бул элдерди да ошондой кылат.+ 5  Жахаба аларды колуңарга салып берет. Аларды, мен буйрук кылган осуяттарда кандай айтылса, ошондой кылгыла.+ 6  Кайраттуу, бекем болгула.+ Алардан коркпогула, жүрөгүңөр түшпөсүн,+ анткени Жахаба Кудайыңар силер менен баратат. Ал силерди эч качан калтырбайт, эч убакта таштабайт»,+— деди. 7  Анан Муса Жашыяны чакырып, бүт ысрайыл элинин алдында ага: «Кайраттуу, бекем бол,+ анткени бул элди Жахаба алардын ата-бабаларына берем деп убада кылган жерге сен алып барасың, ал жерди үлүшкө сен бөлүштүрүп бересиң.+ 8  Жахаба сенин алдыңда барат, ал сени менен болот.+ Сени эч качан калтырбайт, эч убакта таштабайт. Ошон үчүн коркпо»,+— деди. 9  Андан кийин Муса бул Мыйзамды жазып,+ Жахабанын келишим сандыгын көтөрүп жүргөн дин кызматчы-лебилерге, бүт Ысрайыл аксакалдарына берип, 10  аларга мындай деп буйрук кылды: «Ар бир жетинчи жылы, карызды кечүү жылынын белгилүү бир убагында,+ Алачык майрамы учурунда,+ 11  бүт ысрайыл эли Жахаба Кудайыңардын алдына,+ ал тандаган жерге келгенде, бул Мыйзамды элдин алдында үн чыгара окуп бергиле.+ 12  Бүт элди: эркектер менен аялдарды, балдарды, шаарларыңарда жашаган бөтөн жерликтерди чогулткула.+ Алар бул Мыйзамды угуп, Жахаба Кудайыңарды таанып-билип, андан коркушсун, бул Мыйзамда айтылгандардын баарын кылдат аткарышсын. 13  Алардын бул Мыйзамды билбеген балдары да аны угуп,+ Иордандын аркы өйүзүндөгү силер ээлегени бараткан жерде өмүр бою Жахаба Кудайыңардан коркконду үйрөнүшсүн».+ 14  Анан Жахаба Мусага: «Мына минтип, көз жумарыңа аз калды.+ Жашыяны чакыр да, экөөң жолугушуу чатырына келгиле. Мен аны жол башчы кылып дайындайм»,— деди.+ Муса менен Жашыя жолугушуу чатырына барышты. 15  Ошондо Жахаба жолугушуу чатырынын кире беришинде турган булут мамынын ичинде пайда болду.+ 16  Жахаба Мусага: «Мына, сенин көз жумарыңа аз калды. Бул эл болсо өздөрү бараткан жердеги элдердин кудайларына сыйынып кетишет.+ Алар менен түзгөн келишимимди бузуп,+ мени таштап кетишет.+ 17  Ошондо каарым кайнап,+ аларды таштап салам.+ Кырылып жок болмоюнча, аларды карабай коём.+ Алар көптөгөн кырсык-каргашаларга кабылгандан кийин:+ „Ушул кырсыктын баарына Кудайыбыз арабызда болбогон үчүн кабылып жаткан жокпузбу?“ — дешет.+ 18  Бирок алар башка кудайларга сыйынып, жаман иш кылышканы үчүн, аларды ошондо да карабайм.+ 19  Ошондуктан бул ырды жазып алып,+ ысрайыл элине үйрөткүлө.+ Алар муну жаттасын, бул ыр аларга Кудайга баш ийбей койгондо эмне болорун эстетип турат.+ 20  Мен аларды ата-бабаларына убада кылган жерге,+ бал менен сүт аккан жерге,+ алып барам. Алар тойгончо жеп, майкөл-сүткөл жашап+ калгандан кийин башка кудайларга сыйынып кетишет. Аларга кызмат кылып, мени баркка албай, келишимимди бузушат.+ 21  Көптөгөн кырсык-каргашаларга кабылганда,+ бул ыр Кудайга баш ийбей койгондо эмне болорун эстетип турат (урпактары да ушул ырды унутпашы керек). Себеби мен азыртадан эле, аларды убада кылган жерге алып барганга чейин эле, алардын эмне деп ойлоп жатканын көрүп турам»,+— деди. 22  Ошентип, Муса ошол күнү ырды жазып алып, ысрайыл элине үйрөттү. 23  Кудай Нундун уулу Жашыяны+ жол башчы кылып дайындап: «Кайраттуу, бекем бол,+ анткени ысрайыл элин мен аларга убада кылган жерге сен алып барасың.+ Мен сени колдоп жүрөм»,— деди. 24  Мыйзамдын баарын китепке жазып бүткөндөн кийин Муса+ 25  Жахабанын келишим сандыгын көтөрүп жүргөн лебилерге буйрук берип: 26  «Бул Мыйзам китебин алып,+ Жахаба Кудайыңардын келишим сандыгынын жанына коюп койгула.+ Ал силерге каршы күбө болот. 27  Силердин козголоңчул,+ тоң моюн экениңерди жакшы билем.+ Көзүмдүн тирүүсүндө эле Жахабага каршы чыгып жатсаңар, көзүм өткөндөн кийин ого бетер каршы чыгасыңар да! 28  Уруу аксакалдары менен башчыларыңардын баарын чогултуп келгиле. Мен аларга бул сөздөрдү айтып, асман менен жердегинин баарын аларга каршы күбө болгонго чакырам.+ 29  Анткени көзүм өткөндөн кийин, мен көрсөткөн жолдон чыгып, жийиркеничтүү иштерди кыларыңарды билем.+ Силер Жахабанын көз алдында жаман нерселерди кылып, колуңар менен кылган иштериңер менен аны капалантасыңар, ошондуктан башыңарга мүшкүл түшөт»,+— деди. 30  Анан Муса бүт ысрайыл жамаатына бул ырдын сөздөрүн толугу менен мындай деп айтып берди:+

Шилтемелер