Мыйзам 34:1—12

  • Жахаба Мусага убада кылынган жерди көрсөтөт (1—4)

  • Муса пайгамбардын көз жумушу (5—12)

34  Андан кийин Муса Мааптын чөлдүү түздүктөрүндөгү Небо тоосуна,+ Жерихонун тушундагы+ Пазги чокусуна,+ чыкты. Жахаба ага ал жердин баарын: Гилаттан Данга+ чейинки жерлерди, 2  Напталы, Эпрайым, Менаше урууларынын бүт жерин, Жүйүт уруусунун батыштагы деңизге* чейинки жерлеринин баарын,+ 3  Негепти,+ Иордан өрөөнүн,+ Жерихо өрөөнүнөн — курма дарактары өскөн шаардан — Соарга+ чейинки жерлердин баарын көрсөттү. 4  Анан Жахаба Мусага: «Мен Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка „сенин тукумуңа берем“ деп убада кылган жер — ушул.+ Бирок сен ал жерге барбайсың, ошон үчүн аны сага көрсөтүп жатам»,— деди.+ 5  Ошондон кийин Жахабанын кызматчысы Муса, Жахаба айткандай, Маап жеринде көз жумду.+ 6  Ал* анын сөөгүн Маап жерине, Бет-Пеордун тушуна койду. Ал коюлган жерди азыркыга чейин эч ким билбейт.+ 7  Көз жумганда Муса 120 жашта эле.+ Ал алдан-күчтөн тая элек болчу. Көзүнүн курчу да кете элек эле. 8  Ысрайыл эли Мааптын чөлдүү түздүктөрүндө Мусаны жоктоп 30 күн ыйлады.+ Ошентип, Мусаны жоктоп аза күткөн күндөр бүттү. 9  Муса Нундун уулу Жашыянын үстүнө колун коюп, аны жол башчы кылып дайындагандыктан, Жашыяда Кудай берген акылмандык бар эле.+ Ошондуктан ысрайыл эли ага баш ийип, Жахаба Мусага эмнелерди буйруса, ошолордун баарын аткара баштады.+ 10  Анткен менен ошондон кийин Ысрайылда Мусадай пайгамбар болгон жок.+ Жахаба аны менен өзгөчө жакын мамиледе болчу*.+ 11  Жахаба аны Мисир жеринде фараон менен кызматчыларынын алдында, бүт Мисир жеринде кандай керемет-жышаандарды көрсөтүш үчүн жиберсе, Муса ошолордун баарын көрсөткөн.+ 12  Ал ысрайыл элинин көз алдында улуу, сестентерлик иштерди жасаган.+

Шилтемелер

Б. а. Улуу деңизге (Жер Ортолук деңиз).
Сыягы, Кудай.
Сөзмө-сөз: «бетме-бет билчү».