Мыйзам 4:1—49
4 Эми, ысрайылдыктар, мен үйрөтүп жаткан көрсөтмөлөр менен мыйзамдарды кунт коюп уккула. Өлбөй, тирүү жүрүшүңөр үчүн,+ ата-бабаларыңардын Кудайы Жахаба берип жаткан жерге барып, аны ээлешиңер үчүн аларды аткаргыла.
2 Мен силерге буйрук кылган бул сөздөргө эч нерсе кошпогула, эч нерсе албагыла.+ Жахаба Кудайыңардын мен үйрөткөн осуяттарын аткаргыла.
3 Силер Пеор Баалынын* айынан Жахабанын эмне кылганын, Жахаба Кудайыңардын Пеор Баалына сыйынгандардын баарын араңардан жок кылганын, өз көзүңөр менен көргөнсүңөр.+
4 Ал эми силер, Жахаба Кудайыңарга берилгендигин сактагандардын баары, азыр да тирүү жүрөсүңөр.
5 Ээлей турган жериңерге барганда аткарышыңар үчүн, Жахаба Кудайым буйрук кылгандай, силерге көрсөтмөлөр менен мыйзамдарды+ үйрөттүм.
6 Аларды так аткаргыла,+ ошондо бул көрсөтмөлөр жөнүндө уккан элдер силердин акылдуу,+ эстүү+ экениңерди көрүп: „Бул улуу эл, чынында эле, акылдуу, эстүү экен“,— дешет.+
7 Жахаба Кудайыбызга качан жардам сурап кайрылбайлы, ал дайыма үнүбүздү угат. Өз элине ушунча жакын болгон Кудайыбыздай дагы кайсы улуу элдин кудайы бар?+
8 Же кайсы улуу элдин мен бүгүн силерге берген ушул мыйзамдарга окшогон адилеттүү мыйзамдары менен көрсөтмөлөрү бар?+
9 Болгону, сак болгула, байкагыла: өз көзүңөр менен көргөндөрдү унутуп калбагыла, анын баарын өмүрүңөр өткөнчө жүрөгүңөрдө бек сактагыла. Аларды балдарыңар менен неберелериңерге да айтып бергиле.+
10 Силер Жахаба Кудайыңардын алдында Хорепте турган күнү Жахаба мага: „Элди мага чогултуп кел, алар менин сөздөрүмдү угуп,+ менден өмүрү өткөнчө коркконду үйрөнүшсүн,+ балдарына да ошону үйрөтүшсүн“,— деген.+
11 Ошондо силер асманга жете жалындап күйүп жаткан тоонун этегине келип тургансыңар. Ал жерди караңгылык, коюу кара булут каптап турган.+
12 Анан Жахаба от ичинен сүйлөгөн.+ Силер айтылган сөздөрдү уккансыңар, бирок эч кандай сөлөкөттү көргөн эмессиңер,+ үндү гана уккансыңар.+
13 Ал силерге сакташыңар керек болгон келишимди+ — Он осуятты*+ — жарыялаган. Анан аларды эки таш лоокко жазып берген.+
14 Ошондо Жахаба силерге ээлегени бараткан жериңерге барганда аткара турган көрсөтмөлөр менен мыйзамдарды үйрөт деп мага буйрук кылган.
15 Жахаба Хорепте силерге оттун ичинен сүйлөгөндө, эч кандай сөлөкөттү көргөн эмессиңер. Ошон үчүн сак болгула,
16 жийиркеничтүү иш кылбагыла: эч нерсенин түспөлүн оюп жасабагыла, эркектин же аялдын сөлөкөтүн,+
17 жер бетиндеги кайсы бир жаныбардын, асманда учкан канаттуунун,+
18 жердеги кайсы бир майда жандыктын же сууда* жашаган балыктын түспөлүн жасабагыла.+
19 Асманды карап, күндү, айды, жылдыздарды — асмандагы нерселерди — көрүп азгырылып, аларга таазим этпегиле, кызмат кылбагыла.+ Жахаба Кудайыңар аларды асман астындагы бардык адамдар үчүн жараткан.
20 Жахаба силерди тандап алып, өзүнүн эли кылыш үчүн Мисирден, темир эриткен мештен, алып чыккан. Бүгүн силер ага таандыксыңар.+
21 Жахаба силердин айыңардан мага ачууланып,+ Иордандын аркы өйүзүнө өтпөй турганымды, Жахаба Кудайыңар энчиңерге бере турган жакшы жерге барбай турганымды айтып, ант берди.+
22 Ошондуктан мен ушул жерде өлөм, Иордандын аркы өйүзүнө өтпөйм.+ Силер болсо аркы өйүзгө өтүп, ошол жакшы жерди ээлейсиңер.
23 Сак болгула, Жахаба Кудайыңардын силер менен түзгөн келишимин унутуп калбагыла,+ Жахаба Кудайыңар тыюу салгандай, бир да нерсенин түспөлүн, сөлөкөтүн жасабагыла.+
24 Анткени Жахаба Кудайыңар — жалмап сала турган от,+ ал — толук берилгендикти талап кылган Кудай.+
25 Ал жерде бала-чакалуу, неберелүү болуп, узак убакыт жашасаңар да, эгер жийиркеничтүү иш кылып, кайсы бир нерсенин түспөлүн же сөлөкөтүн жасай турган болсоңор,+ Жахаба Кудайыңардын көз алдында жаман иш кылып, аны капалантсаңар,+
26 анда силерге каршы күбө болушу үчүн, асман менен жердегинин баарынын алдында айтып коёюн: силер Иордандын аркы өйүзүндөгү ээлегени бараткан жерден бат эле жок болосуңар. Ал жерде көпкө жашабайсыңар, анткени кырылып жок болосуңар.+
27 Жахаба силерди ар кайсы элдердин арасына чачыратып жиберет.+ Жахаба силерди кууп жиберген элдердин арасында азыңар эле аман каласыңар.+
28 Ал жакта адамдар жыгачтан, таштан жасап алган,+ көрбөгөн, укпаган, даам да, жыт да сезбеген кудайларга кызмат кыласыңар.
29 Бирок ал жакта жүрүп кайрадан Жахаба Кудайыңарга сыйынгыңар келсе, ага бүт жүрөгүңөр, бүт жан-дилиңер менен+ таянып, жардам сурасаңар, ал силерди сөзсүз угат.+
30 Кийин ушул сөздөрдүн баары аткарылып, катуу кыйналганда, Жахаба Кудайыңарга кайрылып келип, анын айткандарына кулак саласыңар.+
31 Жахаба Кудайыңар — кайрымдуу Кудай.+ Ал силерди таштабайт, кырып жок кылбайт, ата-бабаларыңар менен түзгөн келишимин унутпайт.+
32 Кудай жер бетине адам баласын жараткан күндөн тартып силердин убагыңарга чейинки күндөр жөнүндө жердин бир учунан экинчи учуна чейин сурап көргүлө. Буга чейин ушундай улуу иштер жасалды беле? Кимдир бирөө ушундайды укту беле?+
33 Силердей болуп от ичинен сүйлөгөн Кудайдын үнүн угуп, тирүү калган эл барбы?+
34 Жахаба Кудайыңар Мисирде силердин көзүңөрчө сот жүргүзүп, керемет-жышаандарды көрсөтүп,+ согушуп,+ кудуреттүү күчүн көрсөтүп,+ жүрөк титиреткен иштерди кылып,+ силерди ал жактан алып чыкпады беле? Ал дагы кайсы элди өзүнүн эли кылыш үчүн башка элдин арасынан ошентип чыгарып кетти эле?
35 Жахабанын чыныгы Кудай экенин,+ андан башка Кудай жок экенин билишиңер үчүн,+ ошонун баары силерге көрсөтүлгөн.
36 Силерди оңдоп-түзөш үчүн ал силерге асмандан үнүн угузуп, жерде улуу отун көрсөткөн. Силер анын от ичинен айткан сөздөрүн уккансыңар.+
37 Ал ата-бабаларыңарды жакшы көрүп, алардын урпактарын өзүнө эл кылыш үчүн тандап алган.+ Ошон үчүн Мисирде улуу күчүн көрсөтүп, силерди ал жактан алып чыгып келатканда силерден көзүн алган эмес.
38 Бүгүн өзүңөр көрүп тургандай, ал силерден алда канча көп, күчтүү элдердин жерин силерге бериш үчүн, аларды кууп чыкты.+
39 Ошон үчүн Жахабанын чыныгы Кудай экенин бүгүн билип алгыла, муну көкүрөгүңөргө бекем түйүп алгыла. Асманда да, жерде да+ андан башка Кудай жок.+
40 Өзүңөргө да, балдарыңарга да жакшы болушу үчүн, Жахаба Кудайыңар берип жаткан жерде көпкө жашашыңар үчүн мен бүгүн айткан көрсөтмөлөрү менен осуяттарын аткаргыла».+
41 Ошол убакта Муса Иордан дарыясынын чыгыш тарабынан 3 шаарды бөлүп койду.+
42 Эгер кимдир бирөө өзү жек көрбөгөн бирөөнү кокусунан өлтүрүп алса,+ ошол шаарлардын бирине качып барып, ошол жакта жашашы керек.+
43 Рубейиндин тукумдары үчүн бөксө тоодогу түздүктө жайгашкан Безер+ шаарын, Гаттын тукумдары үчүн Гилаттагы Рамот+ шаарын, Менашенин тукумдары+ үчүн Башандагы Голан+ шаарын бөлүп койду.
44 Муса ысрайыл элине Кудайдын Мыйзамын+ берди.
45 Муса ал осуяттарды, көрсөтмөлөрдү, мыйзамдарды ысрайыл элине алар Мисирден чыккандан кийин берди.+
46 Аларды Иордан аймагында, Бет-Пеордун тушундагы өрөөндө,+ Муса менен ысрайыл эли Мисирден чыккандан кийин жок кылган+ аморлуктардын падышасынын, тактап айтканда, Хешпондо+ жашаган Сихондун жеринде берди.
47 Алар анын жана Башандын падышасы Октун+ — Иордандын чыгыш тарабында жашаган аморлуктардын эки падышасынын — жерин ээлеп алышкан.
48 Алар Арнон өрөөнүнүн четиндеги Ароерден+ тартып Сион тоосуна, тактап айтканда, Хермонго чейинки жерлерди,+
49 Иордан аймагынын чыгышындагы бүт Арабаны, Пазгинин этегиндеги Арабадагы деңизге* чейинки жерлерди ээлеп алышкан.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «Он сөздү».
^ Же: «жер бетиндеги сууда».
^ Б. а. Туздуу деңизге (Жансыз деңиз).