Мыйзам 7:1—26

  • Жок кылынышы керек болгон 7 эл (1—6)

  • Ысрайыл элинин тандалганынын себеби (7—11)

  • Тил алуу ийгиликке жеткирет (12—26)

7  Жахаба Кудайыңар силерди ээлегени жаткан жерге алып барып,+ силерден алда канча көп, күчтүү 7 элди:+ Хеттин тукумдарын, гиргаштарды, аморлуктарды,+ канаандыктарды, периздерди, хибилерди, жебустуктарды+ кууп чыгат.+ 2  Жахаба Кудайыңар аларды колуңарга салып берет, силер аларды талкалайсыңар.+ Ошондо аларды кырып жок кылгыла,+ аябагыла, алар менен келишим түзбөгүлө.+ 3  Алар менен куда-сөөк болбогула: кыз алышып, кыз беришпегиле.+ 4  Анткени алар уулдарыңарды Кудайдын жолунан буруп кетип, уулдарыңар башка кудайларга кызмат кылып калат.+ Ошондо Жахабанын каары кайнап, силерди тез эле жок кылып коёт.+ 5  Алардын курмандык жайларын талкалап, ыйык туткан устундарын кыйратып,+ ыйык көргөн мамыларын кыйып таштагыла,+ оюп жасаган буркандарын өрттөп жибергиле.+ 6  Анткени силер Жахаба Кудайыңардын ыйык элисиңер. Жахаба Кудайыңар силерди жер бетинде жашаган башка элдердин арасынан өзүнүн эли — кымбат баалуу менчиги — кылыш үчүн тандап алган.+ 7  Жахаба силерди башка элдерден көп болгонуңар үчүн жакшы көрүп, тандап алган жок,+ анткени силер башка элдерге караганда азсыңар.+ 8  Жахаба силерди жакшы көргөндүктөн, ата-бабаларыңарга берген антына бек тургандыктан тандап алды.+ Ошондуктан Жахаба силерди кул болуп жүргөн жерден кудуреттүү күчү менен алып чыгып,+ Мисир падышасы фараондон куткарып алган*. 9  Силер Жахаба Кудайыңардын чыныгы Кудай экенин, аны сүйүп, осуяттарын аткаргандардын миңинчи тукумуна чейин сүйүүсүнө* бөлөй турган, келишимин бузбаган ишенимдүү Кудай экенин жакшы билесиңер.+ 10  Бирок ал аны жек көргөндөрдү сөзсүз жок кылып, тиешесин берет.+ Андайларга создуктурбай тиешесин берет. 11  Ошондуктан мен бүгүн айткан осуяттарды, көрсөтмөлөр менен мыйзамдарды дайыма аткаргыла. 12  Эгер ушул мыйзамдарга кулак кагып, аларды аткарсаңар, Жахаба Кудайыңар өзүнүн келишимин бузбайт, ата-бабаларыңарга ант бергендей, силерди ар дайым сүйүүсүнө бөлөйт. 13  Силерди жакшы көрүп, батасын берет, укум-тукумуңарды көбөйтөт. Ата-бабаларыңарга силерге берем деп убада кылган жерде+ бала-чакаңарды көбөйтөт,+ алган түшүмүңөрдү, эгиниңерди, жаңы шарабыңарды, майыңарды мол кылат,+ майда малыңар менен бодо малыңарды көбөйтөт. 14  Башка элдерге караганда көп бата аласыңар.+ Араңарда тукумсуз эркек, төрөбөгөн аял болбойт, малыңар да кысыр калбайт.+ 15  Жахаба силерди бардык оору-дарттан алыс кылат. Мисирдеги силер билген жаман дарттардын бирин да жолотпойт.+ Аларды силерди жек көргөндөрдүн баарына жиберет. 16  Жахаба Кудайыңар колуңарга салып берген элдердин баарын жок кылгыла.+ Аларды аябагыла,+ торго түшүп калбашыңар үчүн+ кудайларына кызмат кылбагыла.+ 17  „Бул элдер бизден алда канча көп. Аларды кантип кууп чыкмак элек?” — деп коркушуңар мүмкүн.+ 18  Бирок алардан коркпогула!+ Жахаба Кудайыңардын фараонду, бүт Мисир жерин эмне кылганын эстегиле.+ 19  Жахаба Кудайыңар көз алдыңарда сот жүргүзүп, керемет-жышаандарды көрсөтүп,+ өзүнүн кудуреттүү күчү менен силерди ал жактан алып чыккан.+ Жахаба Кудайыңар силер коркуп жаткан элдерди да ошондой кылат.+ 20  Тирүү калып, силерден жашынып калгандары кырылып жок болмоюн,+ Жахаба Кудайыңар алардын ындынын өчүрөт*. 21  Алардан коркпогула, анткени Жахаба Кудайыңар — адам баласы сестенип, кастарлап турган улуу Кудайыңар+ — силерди колдоп жүрөт.+ 22  Жахаба Кудайыңар ал элдерди акырындык менен кууп чыгат.+ Жапайы жаныбарлар көбөйүп, силерге зыян келтирбеши үчүн, ал элдерди акырындык менен жок кыласыңар. 23  Жахаба Кудайыңар аларды колуңарга салып берип, тукум курут болмоюнча кыра берет.+ 24  Падышаларын да колуңарга салып берет,+ алардын атын жер бетинен өчүрөсүңөр.+ Эч кимиси силерге каршы тура албайт,+ баарын кырып жок кыласыңар.+ 25  Алардын оюп жасаган буркандарын өрттөп жибергиле.+ Торго түшүп калбашыңар үчүн, буркандарынын алтын-күмүшүнө көз артпагыла,+ аларды албагыла. Анткени алар Жахаба Кудайыңар үчүн жийиркеничтүү.+ 26  Жийиркеничтүү нерсе менен кошо жок кылынбашыңар үчүн аны үйүңөргө алып кирбегиле. Аны жек көргүлө, андан жийиркенгиле, анткени ал — жок кылынышы керек болгон нерсе.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «кун төлөп куткарып алган».
Же: «туруктуу сүйүүсүнө».
Же балким: «коркутуп-титиретет».