Накум 2:1—13
2 Элиңди чачырата турган бирөө сени* менен согушканы келди.+
Чептериңди кайтар.
Жолуңа жакшылап көз сал.
Белиңди бек бууп, бүт күчүңдү топто.
2 Жахаба Жакыптын зоболосун кайрадан көтөрөт,Ысрайылдын зоболосун көкөлөтөт,Себеби душмандар аларды кыйратып,+Бутактарын сындырышты.
3 Анын күчтүү кишилери кызыл калкан көтөрүп,Жоокерлери кочкул кызыл кийим кийген.
Согушка даярданып жаткан күнүСогуш арабаларынын темир жабдыктары оттой жаркырайт,Аскерлери арча найзаларын булгалайт.
4 Көчөлөрдө согуш арабалары чымын-куюн болуп,Аянттарда ары-бери зуулдайт.
Алар жалбырттаган шаманадай* жаркырап, чагылгандай жаркылдайт.
5 Ал* жогорку даражалуу жоокерлерин чакырат.
Алар басып баратып мүдүрүлүшөт.
Шаардын дубалдарын көздөй шашышат,Бекем кылып тосмо жасашат.
6 Дарыялардын дарбазалары ачылат,Падыша сарайы талкаланып* жок болот.
7 Чечим чыгарылды: шаардын* эли уят болду,Алар туткундалып кетишет; күңдөрү онтойт,Кайгырып, төштөрүн койгулап, көгүчкөндөрдөй күркүлдөшөт.
8 Нинеби+ эзелтен эле суусу көп көлмөгө окшош,Бирок ал какшып баратат.
Элине: «Токтогула! Токтогула!» — деп кыйкырышса да,Эч ким артын карабайт.+
9 Алтын-күмүшүн тоноп алгыла!
Анын байлыгы түгөнгүс,Ар кандай кымбат баалуу буюмдары сан жеткис.
10 Шаар ээн калды, аңгырап бош калды!+
Элдин жүрөгү түшүп, тизелери титиреп, буттары* калтырайт.
Баарынын өңү кубарып кетти.
11 Арстандардын+ жатагындай болгон шаар азыр кайда?* Ал жакта жаш арстандар азыктанчу,Арстан күчүктөрүн ээрчитип чыкчу.
Аларды эч ким коркутчу эмес.
12 Арстан күчүктөрүн тойгузуш үчүн жемин жара тартчу,Ургаачы арстандарын тойгузуш үчүн жемин муунтуп өлтүрчү.
Өзүнүн жатагын жемге,Жаткан жайын жара тартылган жаныбарларга толтурчу.
13 «Мен сага каршы чыгам,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,+—
Согуш арабаларыңды толугу менен өрттөп жок кылам.+
Жаш арстандарыңды кылыч жалмайт.
Жер бетинде аңчылык кылганыңды токтотом,Мындан ары кабарчыларыңдын үнү угулбайт».+
Шилтемелер
^ Б. а. Нинеби.
^ Баш жагына майлуу чүпүрөк оролуп, жарык кылыш үчүн күйгүзүлчү кыска жыгач.
^ Сыягы, Ашур падышасы.
^ Же: «эрип».
^ Б. а. канышага салыштырылган Нинебинин.
^ Же: «жамбашы; бели».
^ Арстан Нинебинин улуттук символдорунун бири болгон.