Накум 3:1—19
3 Канкор шаарга каран түн түшөт!
Ал жалгандыкка, талап-тоноочулукка толгон.
Эч качан олжосуз калчу эмес!
2 Камчынын үнү, дөңгөлөктөрдүн калдыраганы угулуп жатат.
Аттар жулунуп, катуу чуркап, согуш арабаларынын дөңгөлөктөрү жерге тийип-тийбей келатат.
3 Чаап келаткан атчандар, жалтылдаган кылычтар, жарк-журк эткен найзалар!
Өлгөндөр жер жайнайт, өлүктөр дөбө-дөбө болуп үйүлүп жатат,Аларга эсеп жетпейт.
Адамдар өлүктөргө чалынып жатышат.
4 Мунун баары сойкулугу ашынган сойкунун айынан болуп жатат.
Ал сүйкүмдүүлүгү менен арбап алат,Сыйкырчылык кылып бийлеп алат.
Ал элдерди сойкулугу менен,Урууларды сыйкырчылыгы менен торго түшүрөт.
5 «Мен сага* каршы чыгам,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.+—
Этегиңди көтөрүп, бетиңе жаап,Элдерге уяттуу жериңди көрсөтөм,Падышалыктардын алдында маскара кылам.
6 Сага жийиркеничтүү, булганыч нерселерди чачам,Башкаларга жек көрүндү кылам;Элге шерменде кылам.+
7 Көргөндөрдүн баары сенден качып:+
„Нинеби таланып-тонолду!
Ага ким боор ооруйт?“ — деп айтышат.
Сени соорото тургандарды кайдан табам?
8 Сен, эмне, Нилдин чоң арыктарынын боюндагы Но-Амондон*+ артыксыңбы?+
Аны суулар курчап турчу,Анын байлыгы да, дубалы да деңиз болчу.
9 Эфиопия менен Мисир* анын түгөнбөгөн күч-кубаты эле.
Ага Пут+ да, Ливия да жардам берчү.+
10 Бирок ал да сүргүнгө айдалган,Туткундалып кеткен.+
Балдары көчөлөрдүн кесилиштеринде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
Аттуу-баштуу кишилерин өкчөмө таш ыргытып бөлүп алышкан,Кадыр-барктууларынын баарына кишен салышкан.
11 Сен да мас болосуң,+Сен да жашынасың.
Душмандарыңдан коргой турган чеп издейсиң.
12 Чептүү жерлериңдин баары эрте бышкан анжирге окшош.
Аны күбүгөндө, мөмөсү түз эле жей турган кишинин оозуна түшөт.
13 Карачы, жоокерлериң аялдарга окшоп калды.
Сенин дарбазаларың душмандарыңа аңырайып ачылат,Дарбаза бекиткичтериңди от жалмайт.
14 Курчоого алынганда ичиш үчүн суу даярдап ал!+
Чептериңди чыңда.
Балчыкка барып, ылай тебеле,Кыш куйганга калып жаса.
15 Бирок ошондо да сени от жалмайт,Кылычтан кырыласың.+
Алар сени жаш чегирткедей жок кылат.+
Мейли, жаш чегирткедей көбөйө бер.
Катарыңды чегирткедей көбөйтө бер!
16 Сен соодагерлериңди көбөйттүң, асмандагы жылдыздардан да көп кылдың.
Жаш чегирткелер түлөйт да учуп кетет.
17 Күзөтчүлөрүң чегирткеге окшош,Аскер башчыларың чегирткенин үйүрүндөй.
Алар күн суукта таш дубалдардын кычыктарына корголошот да,Күн тиери менен, учуп кетишет,Каякка кеткенин эч ким билбей калат.
18 Ашур падышасы, койчуларың үргүлөп отурат,Аттуу-баштуу кишилериң үйлөрүндө жатат.
Элиң болсо тоолордо чачырап жүрөт,Аларды чогултар эч ким жок.+
19 Башыңа түшкөн мүшкүлдү жеңилдетер,Жараатыңа даба болор эч нерсе жок.
Сен жөнүндө уккандын баары сүйүнгөнүнөн кол чабат,+Себеби кылып келген мыкаачылыгыңдан ким гана запкы жеген жок?!»+