Накыл сөздөр 10:1—32
10 Сулаймандын накыл сөздөрү.+
Акылдуу уул атасын кубантат,+Ал эми акылсыз уул энесин кайгыртат.
2 Арам жол менен табылган байлык жукпайт,Адилдик болсо өлүмдөн куткарат.+
3 Жахаба адил адамдарды ачка калтырбайт,+Ал эми ыймансыздарды эңсегенине жеткирбейт.
4 Эринчээктик жарды кылат,+Аракетчилдик болсо байытат.+
5 Акылдуу уул жайкысын оруп-жыят,Уятка кала турган уул болсо оруп-жыюу маалында көз ачпай уктайт.+
6 Адил кишиге бата тиет,+Ал эми ыймансыз жаман ниетин жаап-жашырып сүйлөйт.
7 Адил кишини эскерип*, жакшы сөздөрдү айтышат,+Ал эми ыймансыздардын аты өчөт.+
8 Акылдуу киши кеп-кеңешти угат,+Ал эми сөз деп эле сүйлөй берген бир балээге кабылат.+
9 Кынтыксыз жүргөн коопсуз жашайт,+Ал эми алдамчынын айыбы ачылат.+
10 Куулана көз ымдаган көңүл оорутат,+Ал эми сөз деп эле сүйлөй берген бир балээге кабылат.+
11 Адил кишинин оозу — өмүр булагы,+Ал эми ыймансыз жаман ниетин жаап-жашырып сүйлөйт.+
12 Жек көрүү чыр-чатак чыгарат,Сүйүү болсо башкалардын бүт күнөөсүн кечирет.+
13 Кыраакы кишинин оозунан акылман сөздөр чыгат,+Ал эми акылсыздын* жонунан таяк кетпейт.+
14 Акылмандар билимди кенчтей сактайт,+Ал эми акылсыз тилинин айынан балээге кабылат.+
15 Байдын дүнүйө-мүлкү* — анын чептүү шаары,Ал эми бей-бечаранын жакырлыгы — анын шору.+
16 Адил адамдын иштеринин жемиши — өмүр,Ыймансыздын иштеринин жемиши — күнөө.+
17 Акыл-насаатка кулак каккан киши башкаларды өмүргө багыттайт*.
Оңдоп-түзөөнү четке каккан киши болсо башкаларды ал жолдон адаштырат.
18 Жек көрөрүн жашырган жалган сүйлөйт,+Бирөөнү каралап* сөз тараткан киши акылсыз.
19 Көп сүйлөгөн күнөөгө батпай койбойт,+Ал эми тилин тыя билген эстүүлүк кылат.+
20 Адил адамдын сөзү тандамал күмүштөй,+Ыймансыздын ойлору* болсо эч нерсеге арзыбайт.
21 Адил адамдын сөзү көптөргө пайдасын тийгизет*,+Ал эми акылсыздар акылсыздыгы үчүн өлөт.+
22 Жахабанын батасы байытат,+Өзү менен кошо кайгы* алып келбейт.
23 Акылсыз үчүн уятсыз жүрүм-турум — оюн-тамаша,Ал эми кыраакыга акылмандык мүнөздүү.+
24 Ыймансыз эмнеден корксо, ошого кабылат,Ал эми адил кишинин тилеги аткарылат.+
25 Ыймансыз катуу шамал учуруп кеткендей жок болот,+Адил киши болсо түбөлүк козголбой турган пайдубалдай.+
26 Кычкыл шарап тишке, түтүн көзгө кандай болсо,Жалкоо да аны жумшаган* киши үчүн ошондой.
27 Жахабадан корккон кишинин өмүрү узарат,+Ал эми ыймансыздын өмүр жылдары кыскарат.+
28 Адил кишилердин күткөн нерсеси* кубантат,+Ыймансыздардын үмүтү болсо таш кабат.+
29 Жахабанын жолу айыпсыздар үчүн чептей,+Ал эми жамандык кылгандар үчүн кыйроону билдирет.+
30 Адил киши эч качан кулабайт,+Ыймансыздар болсо жер үстүндө жашабайт.+
31 Адил кишинин оозунан акылман сөздөр чыгат*,Ал эми бурмалап сүйлөгөндүн оозу биротоло жап болот.
32 Адил киши жагымдуу, жакшы сөздөрдү сүйлөгөндү билет,Ал эми ыймансыз бурмалап сүйлөйт.
Шилтемелер
^ Же: «Адил кишинин кадыр-баркы жөнүндө».
^ Сөзмө-сөз: «жүрөгү кемдин».
^ Же: «баалуу нерсеси».
^ Же балким: «өмүргө алып барчу жолдо баратат».
^ Же: «ушактап».
^ Сөзмө-сөз: «жүрөгү».
^ Же: «көптөрдү азыктандырат; жетектейт».
^ Же: «кыйынчылык».
^ Же: «ага жумуш берген».
^ Же: «үмүтү».
^ Же: «оозу акылмандыктын жемишин берет».