Накыл сөздөр 11:1—31
11 Так эмес тараза Жахаба үчүн жийиркеничтүү,Ал эми так тараза* ага жагат.+
2 Менменсине баштаган акыры маскара болот.+
Акылмандык болсо момундарга* мүнөздүү.+
3 Чынчыл кишиге кынтыксыздыгы жол көрсөтөт,+Ал эми митаамдарды өз амалкөйлүгү ойрон кылат.+
4 Кудай каарданган күнү байлыктын* пайдасы тийбейт,+Адилдик болсо өлүмдөн аман алып калат.+
5 Дайыма туура иш кылгандыктан кынтыксыз кишинин жашоосу түз жолдой,Ыймансыз болсо өз ыймансыздыгынан улам балээге калат.+
6 Чынчыл кишини адилдиги куткарат,+Ал эми митаамдын каалоолору өзүнө тузак тартат.+
7 Ыймансыз киши өлгөндө, үмүтү кошо жок болот,Өз күчү менен жетем деп күткөн нерселери да ойрон болот.+
8 Адил киши балээден кутулат,Анын ордуна ыймансыз тутулат.+
9 Кудайдын жолунан четтеген киши башканы сөзү менен ойрон кылат,Бирок адилдер билиминин аркасында аман калат.+
10 Адил кишилердин жакшылыктары шаарды шаттантат;Ыймансыздар өлгөндө, кубанычтуу үндөр жаңырат.+
11 Чынчылдардын батасы менен* шаар гүлдөйт,+Ал эми ыймансыздардын сөзүнүн айынан шаар талкаланат.+
12 Акылсыз башканы басынтат*,Ал эми чындап кыраакы киши унчукпайт.+
13 Жалаачы купуя сырды ачат,+Ал эми ишеничтүү киши ишти купуя сактайт.
14 Жакшы жетекчилик болбосо, эл кыйналат,Ал эми кеңешчилер көп болсо, ийгилик болот*.+
15 Бөтөн бирөөгө кепилдикке өткөн киши сөзсүз зыян тартат.+
Ал эми кол алышып убада бербеген киши коопсуз жашайт.
16 Мээримдүү, жакшы аял* даңкка жетет,+Зулумдар болсо байлыкка гана жетет.
17 Мээримдүү* адамдын кылганы өзүнө да пайда алып келет,+Таш боор болсо өзүн азапка салат*.+
18 Ыймансыздын тапканы — пайдасыз киреше,+Ал эми адил иш кылган кишинин тапканы — чыныгы киреше.+
19 Адил иш кылууну бек чечип алган киши өмүр жолунда,+Жамандыктын артынан сая түшкөн киши болсо өлүм жолунда.
20 Жүрөгү бузуктар Жахаба үчүн жийиркеничтүү,+Ал эми кынтыксыз жүргөндөр ага жагат.+
21 Билип кой: жамандык кылган киши жазадан качып кутула албайт,+Ал эми адил кишинин балдары балээге кабылбайт.
22 Чочконун мурдуна тагылган алтын шакек кандай болсо,Сулуу, бирок эси жок аял да ошондой.
23 Адил кишилердин каалоосу жакшылыкка алып барат.+
Ыймансыздардын үмүттөнгөн нерсеси болсо Кудайдын каарын кайнатат.
24 Кээ бирөө берешендик менен берет, ошентсе да мүлкү арта берет.+
Башка бирөө жакшылык кылгандан качат, ошентсе да жакырдана берет.+
25 Берешен киши гүлдөп-өсөт,+Башкалардын көңүлүн сергиткен* киши өзү да сергийт.+
26 Ким данын сатпай, кармап отурса, элдин каргышына калат.
Сатса, батасын алат.
27 Ким жакшылык кылганга умтулса, ырайым табат.+
Ким жамандык кылууну көздөсө, өзү жамандыкка кабылат.+
28 Байлыгына таянган кулайт,+Адил кишилер болсо жалбырактуу бактай көгөрөт.+
29 Өз үйүндөгүлөрүн балээге кабылткан* киши мурассыз калат;+Акылсыз акылдууга кул болот.
30 Адил кишинин иштеринин натыйжасы өмүр дарагындай;+Башкаларга жакшылык кылганга түрткү берген киши акылдуу.+
31 Эгер жер бетиндеги адил кишиге тиешеси берилсе,Анда ыймансыз менен күнөөкөргө ого бетер тиешеси берилбейби?!+
Шилтемелер
^ Же: «салмагы туура тараза ташы».
^ Же: «өзүнүн чегин билгендерге; жөнөкөйлөргө».
^ Же: «баалуу нерселердин».
^ Же балким: «Кудай чынчылдарга батасын бергендиктен».
^ Же: «баркка албайт; жактырбайт».
^ Же: «куткарылат».
^ Же: «Сүйкүмдүү аял».
^ Же: «Сүйүүсү туруктуу».
^ Же: «уятка калтырат».
^ Сөзмө-сөз: «Башкалардын суусунун кандырган».
^ Же: «уятка калтырган».