Накыл сөздөр 12:1—28

  • Ашкерелөөнү жек көргөн акылсыз (1)

  • «Ойлонбой айтылган сөз кылычтай жаралайт» (18)

  • Тынчтыкка үндөгөндөр кубанычка бөлөнөт (20)

  • «Жалган сүйлөгөн киши Жахаба үчүн жийиркеничтүү» (22)

  • «Жүрөктөгү санаа көңүл чөктүрөт» (25)

12  Акыл-насаатты сүйгөн билимди сүйөт,+Ал эми ашкерелөөнү жек көргөн акылсыз.+  2  Жакшы кишини Жахаба жактырат,Жамандык ойлогон кишини болсо айыптайт.+  3  Жамандык кылган киши эч качан коопсуз жашабайт,+Ал эми адил киши тамыры менен жулунбай турган дарактай болот.  4  Жакшы аял — күйөөсүнүн таажысы,+Ал эми уятка калтырган аял анын сөөгүндөгү чириктей.+  5  Адил кишилер адилеттик жөнүндө ойлонот,Ыймансыздардын айткан кеңеши адаштырат.  6  Ыймансыздардын сөздөрү — кан төгүш үчүн коюлган буктурма,+Ал эми чынчылдарды тили куткарат.+  7  Ыймансыздар кулатылганда биротоло жок болушат,Ал эми адил кишилердин үйү былк этпейт.+  8  Адамды орундуу сүйлөгөнү үчүн макташат,+Ал эми жүрөгү бузук жек көрүндү болот.+  9  Нанга жетпей туруп мактангандан көрө,+Карапайым болсоң да, кулуң бар болгону жакшы. 10  Адил киши малын жакшы карайт,+Ал эми ыймансыз атүгүл кайрымдуулук кылганда да таш боор. 11  Жерин иштеткен тоё жейт,+Ал эми пайдасыз нерселердин артынан түшкөн акылсыз. 12  Ыймансыз киши башка кыянатчылдардын олжосуна көз артат,Ал эми адил киши тамыры терең дарактай жемиш берет. 13  Кара мүртөз киши оозунан чыккан жаман сөздөрдүн айынан торго түшөт,+Адил киши болсо балээден алыс болот. 14  Адам жакшы сөздөрүнүн жемиштерине кубанат,+Анын кылган мээнетинин акыбети кайтат. 15  Акылсыздын жолу өзүнө түз болуп көрүнөт,+Ал эми акылдуу киши кеңешке кулак түрөт.+ 16  Акылсыз ачуусун ошол замат* сыртка чыгарат,+Акылдуу болсо кордолгонуна маани бербейт. 17  Ишеничтүү күбө чындыкты айтат,Жалган күбө калп айтат. 18  Ойлонбой айтылган сөз кылычтай жаралайт,Ал эми акылдуулардын тили айыктырат.+ 19  Чындык сөз* түбөлүккө калат,+Калпычынын сөзү көз ирмемге эле жашайт.+ 20  Жамандык кылууну ойлогондордун жүрөгүндө алдамчылык бар,Ал эми тынчтыкка үндөгөндөр кубанычка бөлөнөт.+ 21  Адил киши эч кандай зыян тартпайт,+Ыймансыз болсо азапка малынат.+ 22  Жалган сүйлөгөн киши Жахаба үчүн жийиркеничтүү,+Ал эми ишеничтүү киши ага жагат. 23  Баамчыл киши билген нерсесин айта бербейт,Ал эми акылсыздардын жүрөгүнөн акылсыздык оргуп чыгат.+ 24  Аракетчилдер башчылык кылат,+Эринчээктер болсо кулга айланат.+ 25  Жүрөктөгү санаа көңүл чөктүрөт,+Ал эми жакшы сөз көңүл көтөрөт.+ 26  Адил киши жакшы жайыт издейт,Ал эми ыймансыздар өз жолунда баратып адашышат. 27  Жалкоо киши олжосунун артынан куубайт,+Ал эми тырышчаактык — баа жеткис байлык. 28  Адилдик жолу өмүргө алып барат,+Ал эч качан өлүмгө алып барбайт.

Шилтемелер

Же: «ошол эле күнү».
Же: «Чындыкты айткан ооз».