Накыл сөздөр 13:1—25

  • «Кеңеш сурагандарга акылмандык таандык» (10)

  • Үмүт көпкө чейин ишке ашпаса, жүрөк ооруйт (12)

  • «Ишеничтүү элчинин сөзү айыктырат» (17)

  • «Акылдуулар менен жүргөн акылдуу болот» (20)

  • Ким уулун жакшы көрсө, тартипке салат (24)

13  Акылдуу уул атасынын акыл-насаатына кулак кагат,+Ал эми шылдыңчыл кеңешти укпайт.+  2  Адам жакшы сөздөрүнөн жакшылык табат,+Ал эми митаамдар зомбулукту көксөйт.  3  Тилин тыйган* өз жанын сактайт,+Оозуна ээ боло албаган кыйрайт.+  4  Жалкоо көптү эңсейт, бирок эчтекеси жок,+Ал эми аракетчилдин көксөсү канат.+  5  Адил адам жалган сөздү жек көрөт,+Ыймансыздардын иштери уятка калтырып, маскара кылат.  6  Айыпсызды адилдик сактайт,+Ал эми күнөөкөрдү ыймансыздык кыйратат.  7  Кай бирөө, эч нерсеси жок болсо да, өзүн бай көрсөтөт.+ Башка бирөө, байманасы ташып турса да, өзүн кедей көрсөтөт.  8  Адамдын жаны үчүн төлөнчү кун — анын байлыгы,+Ал эми кедейди эч ким опузалабайт.+  9  Адил кишилердин жарыгы жаркырап турат,+Ыймансыздардын чырагы болсо өчөт.+ 10  Менменсинүү чыр-чатак гана чыгарат,+Ал эми кеңеш сурагандарга* акылмандык таандык.+ 11  Оңой* жол менен табылган байлык түгөнүп жок болот,+Ал эми аз-аздан чогулткандыкы арбыйт. 12  Күткөн нерсеси* көпкө чейин ишке ашпаса, кишинин жүрөгү ооруйт,+Ал эми орундалган каалоо-тилек кишини жандандырып, күчкө толтурат*.+ 13  Акыл-насаатты кабыл албаган* кесепетин тартат,+Осуятка кулак каккан сыйлык алат.+ 14  Акылмандын берген таалими* өмүр булагындай,+Ал кишини өлүмдүн тузактарынан сактайт. 15  Түшүнүгү терең киши ырайымга ээ болот,Ал эми ишеничтүү эмес киши көп көйгөй жаратат. 16  Баамчыл киши акыл менен иш кылат,+Ал эми акылсыз акылсыздыгын көрсөтөт.+ 17  Ишеничтүү эмес кабарчы жамандыкка кабылат,+Ишеничтүү элчинин сөзү айыктырат.+ 18  Акыл-насаатты баркка албаган жакырланат, маскара болот,Ал эми кеп-кеңешке кулак каккан* кадыр-баркка ээ болот.+ 19  Орундалган каалоо-тилек жанга жагымдуу,+Акылсыз жамандыктан такыр кайткысы келбейт.+ 20  Акылдуулар менен жүргөн акылдуу болот,+Ал эми акылсыздар менен мамилелешкен зыян тартат.+ 21  Күнөөкөрлөрдүн артынан кырсык сая түшөт,+Адил кишилер болсо көп сыйлык алышат.+ 22  Жакшы киши неберелерине мурас калтырат,Ал эми күнөөкөрдүн байлыгы адил кишиге калат.+ 23  Жакырдын айдалган жери мол түшүм берет,Бирок адилетсиздиктин айынан анысы* жок болушу мүмкүн. 24  Ким уулунан чыбык аяса*, аны жек көрөт.+ Ким жакшы көрсө, жакшылап* тартипке салат.+ 25  Адил киши тойгуча жейт,+Ал эми ыймансыз ачка болот.+

Шилтемелер

Же: «Байкап сүйлөгөн».
Же: «чогуу кеңешкендерге».
Же: «Арам».
Же: «Үмүтү».
Же: «өмүр бере турган дарактай».
Же: «Сөзгө кулак салбаган».
Же: «мыйзамы».
Же: «ашкерелөөнү кабыл алган».
Же: «жакыр».
Же: «уулун оңдоп-түзөбөсө; тарбиялабаса».
Же балким: «создуктурбай».