Накыл сөздөр 14:1—35

  • «Жүрөгүнүн кайгысын адам өзү гана билет» (10)

  • Түз болуп көрүнгөн жол өлүмгө алып барышы мүмкүн (12)

  • «Ишенчээк ар бир сөзгө ишене берет» (15)

  • «Бай кишинин достору көп» (20)

  • «Жүрөктүн тынч болгону ден соолукка жакшы» (30)

14  Накта акылдуу аял үй-бүлөсүн чыңдайт,+Ал эми акылсыз аял үй-бүлөсүн өзү бузат.  2  Түз жолдо жүргөндөр Жахабадан коркушат,Кыйшык жолдо* жүргөндөр болсо аны урматташпайт.  3  Акылсыздын текебердене айткан сөздөрү таяк менен чапкандай,Ал эми акылдуунун сөздөрү өзүн сактайт.  4  Бодо мал жок жерде акыр таза турат,Бирок мол түшүм буканын күчү менен жыйналат.  5  Ишеничтүү күбө калп айтпайт,Жалган күбөнүн болсо ар бир сөзү калп.+  6  Шылдыңчыл акылмандык издейт, бирок таппайт,Ал эми түшүнүгү барга билим алуу оңой.+  7  Акылсыз кишиден алыс бол,Анткени анын оозунан акылдуу сөз чыкпайт.+  8  Акылмандыгынын аркасында баамчыл киши кандай жолдо баратканын түшүнөт,Акылсыздар болсо акылсыздыгынан улам алданышат*.+  9  Акылсыздар айыптуу болгонуна башын да оорутпайт*,+Ал эми чынчылдар элдешкенге ынтызар болот. 10  Жүрөгүнүн кайгысын адам өзү гана билет,Анын кубанычын да башка бирөө толук бөлүшө албайт. 11  Ыймансыздардын үйү кыйратылат,+Ал эми чынчыл адамдардын үйү* гүлдөйт. 12  Кайсы бир жол адамга түз болуп көрүнөт,+Бирок акырында ал өлүмгө алып барат.+ 13  Адам күлүп жатса да, жүрөгү ооруп жатышы мүмкүн,Кубанычтын аягы да кайгы менен бүтүшү мүмкүн. 14  Ээнбаш өз иштеринин кесепетин тартат,+Жакшы киши болсо өз иштеринин үзүрүн көрөт.+ 15  Ишенчээк* ар бир сөзгө ишене берет,Ал эми баамчыл ар бир кадамын ойлонот.+ 16  Акылдуу киши сак болуп, жаман иштен алыс болот,Акылсыз болсо ойлонбой иш кылат*, өзүнө таянат. 17  Ачуусу чукул акылсыз иш кылат,+Ал эми терең ой жүгүрткөн* киши жек көрүндү болот. 18  Ишенчээктер* акылсыздыкты мурасташат,Баамчылдар болсо билимди таажыдай кийишет.+ 19  Жаман кишилер жакшы кишилерге таазим кылышат,Ыймансыздар адил кишилердин дарбазасынын алдында таазим этишет. 20  Жардыны жакындары да жек көрөт,+Ал эми бай кишинин достору көп.+ 21  Башканы жактырбаган күнөө кылган болот,Бей-бечарага боору ооруган киши болсо бактылуу.+ 22  Жамандык ойлогондор адашпай коёбу? Жакшылык кылганга умтулгандарга болсо туруктуу сүйүү, берилгендик көрсөтүлөт.+ 23  Ар бир катуу мээнеттин үзүрү болот,Ал эми куру сөз жарды кылат.+ 24  Акылдуулардын таажысы — өздөрүндөгү байлык. Акылсыздардын болгон нерсеси — акылсыздык.+ 25  Чындыкты айткан күбө башкалардын өмүрүн сактап калат,Ал эми жалган күбөнүн ар бир сөзү калп. 26  Жахабадан корккон киши ага бекем таянат,+Кудайдан корккону анын уулдарын коргойт.+ 27  Жахабадан коркуу өмүр булагындай,Ал адамды өлүмдүн тузактарынан сактайт. 28  Элинин көптүгү — падышанын улуулугу,+Ал эми элинин жоктугу — башкаруучунун кыйраганы. 29  Ким ачууланбай, сабыр сактаса, ал кыраакы,+Ал эми кимдин чыдамы жок болсо, акылсыздыгын көрсөтөт.+ 30  Жүрөктүн тынч болгону ден соолукка жакшы,Ал эми көрө албастык* сөөктү чиритет.+ 31  Бей-бечараны алдаган киши анын Жаратканына акарат кылат,+Жардыга боору ооруган киши болсо Жаратканды даңктайт.+ 32  Ыймансыз киши кылган жамандыгынын айынан кулайт,Ал эми адил кишини кынтыксыздыгы коргойт.+ 33  Түшүнүгү бар киши акылмандыгын жар салбайт,+Акылсыз болсо билгенинин баарын жарыялай берет. 34  Адилдик элдин зоболосун көтөрөт,+Ал эми күнөө элди уятка калтырат. 35  Акылдуулук менен иш кылган кул падышага жагат,+Уятсыз иш кылган кул болсо анын каарына калат.+

Шилтемелер

Же: «Митаамдык жолунда».
Же балким: «Акылсыздар болсо башкаларды алдашат».
Же: «күнөөсүн жуугусу келбейт».
Сөзмө-сөз: «чатыры».
Же: «Тажрыйбасыз».
Же: «каарданат».
Же: «ой жүгүртө билген».
Же: «Тажрыйбасыздар».
Же: «кызганыч».